Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат
Кыргызстанда экспорттук көзөмөлгө алынган товарлар боюнча уруксат берүүчү документтерди даярдоо мөөнөтүн 14 жумуш күнүнөн 10 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн өткөн аппараттык жыйында маалымдалганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө караганда, учурда ишкерлер экспорттук көзөмөлгө алынган товарларга уруксат алуу үчүн мамлекеттик органдарга бир нече жолу кайрылып, документтерди кагаз түрүндө тапшырууга милдеттүү.
Эксперттик кароо 10 жумуш күнүнө чейин, ал эми уруксат берүүчү документтерди даярдоо 14 жумуш күнүнө чейин созулат.
Жаңы реформанын алкагында "Бирдиктүү терезе" системасы аркылуу документтерди электрондук түрдө тапшыруу жана кароо механизми иштелип чыгат.
Натыйжада, эксперттик кароо мөөнөтү 10 күндөн 5 жумуш күнүнө, ал эми уруксат кагаздарын даярдоо жана берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 жумуш күнүнө чейин кыскарат.
Жаңы система ишкерлерге документтерди бир жолу тапшырууга жана мамлекеттик органдар менен электрондук түрдө иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.