Мамлекет жылына 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын керектейт

Мамлекет жылына 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын керектейт

Мамлекет күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган компанияларга субсидия берүүнү улантууда. Бул тууралуу кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жыйында белгилүү болду.

МинКабдын маалыматына ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу менен алектенген субъекттерге субсидияларды каржылоо үчүн республикалык бюджетте 11,389 млрд сомдон ашуун каражат каралган.

Бул сумманын 2,623 млрд сомдон ашууну бүгүнкү күнгө чейин берилди.

Белгилей кетсек, субсидияларды берүү – 2026-жылдын 25-майынан тартып ишке аша баштаган жана ал 31-декабрга чейин уланат. 
"Келишимдерге жараша субсидиянын өлчөмү белгиленет. Бүгүнкү күнгө карата мунай ташыгандардын, "Джунда" ЖЧКнын, "Кыргызнефтегаз" ААКнын кампаларында жана учурда ташуу процессинде тургандарды кошо алганда – АИ-95, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин, дизел отунунун, автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган газдын кору үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жетиштүү", - деп жазылат өкмөттүн маалыматында.

Жыйында бензин ташыган компаниялардын жаңы келишимдерди түзүүсүнө жана өлкөгө жеткирүүсүндө мамлекет тарабынан колдоо болуп жатканы айтылды. Ошондой эле Министрлер Кабинети койгон баалардын туруктуу сакталышы керектиги белгиленди. 

Касымалиев отурумдун соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди. 

Мамлекет жылына болжол менен 1,400 миллиондон 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын (бензин, дизель жана суюлтулган газ) керектейт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Уркуя Салиева көчөсү №51 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн алды жана артындагы жеңил конструкциядагы чарбалык курулуштар жана тосмолор алынууда. Ошондой эле Авиашаарчасындагы №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн

Ишкер Media
Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II жана Калесай кендерине жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу бүгүн министрликтен кабарлады. Билдирүүгө караганда, министр тарабынан кендерди иштетүүдө геологиялык чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө аткаруу

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Торо районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн "Аракет" реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, долбоор Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун жана "Сармат" ЖЧКсынын колдоосу менен ишке ашырылган. Борбордун ички жабдууларын жана эмеректерин сатып алуу

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

КРнын энергетика министринин орун басары Бекнур Маратбеков Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин 14-жыйынына катышты. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, жыйында жалпы газ, мунай жана мунай продуктуларынын, ошондой эле электр энергиясынын рынокторун түзүү маселелери каралды. Жыйындын жыйынтыгында 2030-

Ишкер Media