Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар
Кыргызстан менен Азербайжан ден соолукту чыңдоо туризми жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов менен Азербайжандын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын төрагасы Сахиб Мамедовдун жолугушусунда айтылды.
Агенттиктен маалымдагандай, тараптар Кыргызстандагы санаторий-курорттук жана ден соолукту чыңдоо инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле бул тармакка инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Сахиб Мамедов Конфедерациянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалыматтарга токтолуп, Азербайжандагы заманбап санаторий-курорттук комплекстерди башкаруу жана ден соолукту чыңдоочу эс алууну уюштуруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашууну улантууга жана санаторий-курорттук кызмат көрсөтүү, ошондой эле ден соолукту чыңдоо туризми жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.