Акай Кыдыров Президенттике талапкерлигин көрсөттү
Бүгүн Акай Кыдыров Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, президентик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт.
БШКнын маалыматына караганда, буга чейин Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Боршайкомго үч адам арызын беришкен. Алар: ишкер Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков жана Сыймык Жапыкеев.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Акай Кыдыров - кыргызстандык, 1991-жылы 16-ноябрда Россия Федерациясында туулган. Үй-бүлөлүү жана үч баласы бар. Ал англис жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Орто билимин Новопавловкадагы №2 мектепте аяктаган. 2013-жылы ал Кыргызстан Эл аралык университетин Дипломатиялык жана консулдук кызмат адистиги боюнча аяктаган жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиядан магистр даражасын алган. 2015-жылдан 2021-жылга чейин ал Йокогама жана Нагоя шаарларындагы үч жапон компаниясын башкарып, ал жерде эл аралык менеджмент жаатында баалуу тажрыйба топтогон. 2018-жылдан азыркыга чейин ал эл аралык логистикалык компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору болуп иштеп келет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу