Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет
Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту.
Айыл чарба министрлиги билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандагы ишканалардын продукциясын Россия рыногуна экспорттоого уруксат берүү үчүн сертификациялоо иштерин кайра жандандыруу маселеси каралды.
Мындан тышкары, ветеринардык көзөмөл, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, жаныбарлардын ылаңдарын алдын алуу үчүн Россияда өндүрүлгөн ветеринардык дары-дармектерди жана иммунобиологиялык препараттарды жеткирүү, ошондой эле аларды колдонуу боюнча илимий жана консультациялык колдоо көрсөтүү маселелери каралды.