Кытайлык компания менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Кытайлык компания менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана Ganfeng Lithium Group Co., Ltd. компаниясынын вице-президенти Чжу Тяньлун өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул туурасында бүгүн аталган агенттиктен кабарлашты.

Документ инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

"Кыргызстан үчүн узак мөөнөттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгон эл аралык компаниялар менен кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү. Биз заманбап технологияларды киргизүүгө, тажрыйба алмашууга жана экономиканын тармактарын өнүктүрүүгө, өлкөнүн инвестициялык потенциалын чыңдоого өбөлгө түзө турган демилгелерди биргелешип иштеп чыгууга ачыкпыз", — деген Равшанбек Сабиров

Меморандумдун алкагында тараптар өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, маалымат алмашууга жана келечектүү инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип карайт.

Ganfeng Lithium Group Co., Ltd. —дүйнөдөгү эң ири литий өндүрүүчүлөрдүн бири жана Кытайдагы алдыңкы тоо-кен, химиялык жана металлургиялык компания.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жерүй кенинен 9 айда мамлекеттик казынага 20 млрд сом түшкөн

Улуттук банк эскертет

Таласка 8,1 млн доллар инвестиция тартылып, 325 жумуш орду түзүлдү

Акысыз кино: Бишкекте Австрия, Швейцария жана Германиянын тасмалары көрсөтүлөт

Кыргызстан менен Түштүк Корея "акылдуу ферма" багытында кызматташат