Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

19-ноябрда КРнын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү келечектүү багыттарын талкуулашты.
Билдирүүдө айтылгандай, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишин модернизациялоо жана алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында инфраструктурасын жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инвестициялык жана соода долбоорлорун илгерилетүү боюнча чаралар талкууланды.

Министр Кулубаев жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

Кайсы аймакта маяна жогору?

Баткен районуна жаңы аким барды

Кыргызстанда 184 миң гектардан ашык жайыт деградацияга учураган