Эмне үчүн Кыргызстанда Zara жана H&M дүкөндөрү жок? Маркетологдун жообу

Эмне үчүн Кыргызстанда Zara жана H&M дүкөндөрү жок? Маркетологдун жообу

Бишкектеги соода түйүндөрүндө барган сайын көптөгөн кийим дүкөндөрү ачылууда. Бирок алардын ичинде Zara жана H&M сыяктуу белгилүү дүйнөлүк бренддер жок. Коңшу Алматы шаарында эле бир канча дүкөндөр бар. Ушундан улам эмнеге Кыргызстанда жок деген суроо туулат.

Dordoi-Plaza соода борборунун маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Батма Казакбаева бул суроолорго мындай деп жооп берди.

«Акыркы төрт жылда казакстандык базарга Zara жана H&M сыяктуу башка дагы дүйнөлүк бренддер кирди. Тааныштарыбыз эмнеге биздин соода борборлорубузда Zara дүкөнүнүн жоктугу тууралуу көп сурашат», – деп жазган ал өзүнүн фейсбук баракчасында.

Анын айтканына караганда, Zara бренди Massimo Dutti, Pull&Bear, Stradivarius, Oysho жана Bershka сыяктуу бренддер тиешелүү болгон испаниялык Inditex Group компаниясына таандык.

Казакбаева бул бренддерди алып келүүгө мүмкүн болбой жаткан негизги үч себепти айтып өттү.

  • Бишкектеги СБ нун аянтынын өлчөмү Inditex компаниясынын талаптарына жооп бербейт.

«Акыркы жолу сүйлөшүүлөр жүргөндө алардын шарттарынын бири – ижарага берилүүчү аянттын өлчөмү 50 миң кв.м болуш керектиги айтылган. Анткени алар дароо эле бир канча бренд менен киришет. Бир дүкөнгө жок эле дегенде 500 кв.м керектелет», – дейт маркетолог.

Бишкектеги эң чоң соода борборунун аянты – 35 миң кв.м, тагыраак белгилеп кете турган болсок, Global Building Area (GBA) жана ижарага жарактуу — Global Leasing Area (GLA). Компаниянын шартында GBA-50 миң кв.м, GBA-85 миң кв.м болуш керек.

  • Төлөм жөндөмдүүлүгү жана калк. Дүкөн ачаардан мурда алар кардарлардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө жана өлкөдөгү экономикалык кырдаалга изилдөө жүргүзүшөт.

«Биздин шаардагы калктын саны 1 гана миллионду түзөт жана алардын төлөө жөндөмдүүлүгү да жогору эмес. Алар дүкөнүн ачаардан мурда он жолу ойлонушат. Анткени алар үчүн башкысы – кирешени өстүрүү жана пайда көрүү болуп саналат», – деп түшүндүрөт ал.

  • Соода борборлор өздөрү да алар менен иштешүүгө даяр эмес.

Ижарага берүүчүлөр менен алуучулар ортосунда эки түрдүү карым-катнаш болот: туруктуу ижара акысы жана товар айлануудан түшкөн пайызды бөлүшүү.

«Чоң объекттер кредитке курулгандыктан, мындай келишимдерге кол коюу – тобокелге салгандык менен барабар. Анткени келечектеги кэш флоуну эсептен чыгыш кыйын. Эгерде сатык аз боло турган болсо, киреше да аз болот. Мындай учурда кредитке миңдеген долларларды төлөп жана СБ нун да чыгашаларын жаап туруш керек. Бирок биз багынбастан, башка жолдорун издейбиз. Жакын арада, шаардыктарды жакшы жаңылыктарыбыз менен сүйүнтөбүз деген ниеттебиз», – деп жазган автор өзүнүн постунда.

Мындан тышкары окуңуз

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media
“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын суткалык агымы 50%га көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөрүү пунктуна суткасына орточо 359 жүк ташуучу унаа келсе, октябрь айында алардын саны 538ге жеткен. Бажы жол-жоболорун тездетүү максатында кайталанган

Ишкер Media
Ынтымак-Ордодо эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселелери талкууланды

Ынтымак-Ордодо эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселелери талкууланды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Knighthood Global консалтингдик компаниясынын төрагасы Джеймс Хоган менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу МинКабдан билдирди. Билдирүүгө ылайык, тараптар жарандык авиацияны өнүктүрүү, эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү, аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо жана улуттук авиа ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында

Ишкер Media
Кыргызстанда картошка импортуна убактылуу тыюу салынган, анын таасири сезилдиби?

Кыргызстанда картошка импортуна убактылуу тыюу салынган, анын таасири сезилдиби?

Кыргызстанда картошка калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган эң маанилүү социалдык азыктардын бири болуп саналат. Анын баасынын өзгөрүшү керектөөчүлөргө да, дыйкандарга да түздөн-түз таасир этет. Буга байланыштуу өлкөдө картошка өндүрүү, анын баалары, импорттун көлөмү тууралуу сөз кылабыз. "Ишкер" медиа сайтынын бул багыттагы суроолоруна Суу ресурстары, айыл чарба

Ишкер Media