Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот
Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын төмөндөшү күтүлүүдө.
Билдирүүгө караганда, эттин баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө жана баа туруктуулугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү органдар иш алып барышууда.
Ал эми керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүү баада этти сатып алуу үчүн Бишкек шаарындагы «Евразия» дүкөндөрүнүн 7 филиалынан төмөн баадагы этти сатылып алууга болоору маалымдалды.