Кыргызстанда балык чарбасы үчүн 16 көлмөгө сынак жарыяланды

Кыргызстанда балык чарбасы үчүн 16 көлмөгө сынак жарыяланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти  балык өстүрүү үчүн көлмөлөрдү жана алардын аймагын пайдалануу укугуна сынак жарыялады.

Сынакка Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы он алты объект коюлган. Алардын ичинде көлмөлөр, көлдөр жана аянты 0,3 гектардан 100 гектарга чейинки суу сактагычтар бар.

Юридикалык жана жеке жактардан арыздар 2026-жылдын 7-октябрына чейин кабыл алынат. Ал эми сынактын комиссиясынын жыйынтыктарды аныктоо үчүн отуруму 2026-жылдын 14-октябрында өтөт.

Талапкерлер сынактык арызды, паспортту жана бизнес-планды тапшырышы керек, ал эми юридикалык жактар уставдын жана мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн да бериши зарыл.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media