Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бүгүн, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун Перинаталдык борборунда өзгөчө татаал кош бойлуулуктагы аялга кесарево жолу менен операция жасалды. Аялдын кош бойлуулугу алгач төрт эм болгон жана табигый жол менен, ЭКОнун жардамысыз жаралган.

Кош бойлуулуктун 19-жумасында түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Калган кош бойлуулукту дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп, сактап калуу үчүн акушердик пессарий, жатын моюнчасына тигиш салуу жана прогестерон терапиясын колдонушкан.

Дарыгерлердин туура тандалган тактикасынын жана үзгүлтүксүз көзөмөлүнүн натыйжасында кош бойлуулукту 35-жумага чейин жеткирүүгө мүмкүн болгон. Натыйжада, бүгүн эки уул жана бир кыз жарык дүйнөгө келди. Наристелердин төрөлгөндөгү салмагы:

1)    уул — 2350 грамм
2)    уул — 2600 грамм
3)    кыз — 2340 грамм.

Операцияны профессор Арсен Аскеров жасады. Учурда эне жана наристелер дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалдары туруктуу.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

22-сентябрда Бишкектеги “Жаштык Арена” аянтчасында Кыргызстандын киберкоопсуздугуна арналган улуттук “CYBERNOMAD FEST 2026” фестивалы өтөт. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматты жарыялады. Билдирүүгө караганда, иш-чарага мамлекеттик органдардын, маанилүү маалыматтык инфраструктуранын субъекттеринин, банктардын жана каржы уюмдарынын, телекоммуникациялык жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнөн

Кыргызстанда балык чарбасы үчүн 16 көлмөгө сынак жарыяланды

Кыргызстанда балык чарбасы үчүн 16 көлмөгө сынак жарыяланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти  балык өстүрүү үчүн көлмөлөрдү жана алардын аймагын пайдалануу укугуна сынак жарыялады. Сынакка Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы он алты объект коюлган. Алардын ичинде көлмөлөр, көлдөр жана аянты 0,3 гектардан

ЖКтин депутаттары балага кош фамилия ыйгарууга уруксат берүүнү сунушташты

ЖКтин депутаттары балага кош фамилия ыйгарууга уруксат берүүнү сунушташты

Жогорку Кеңештин депутаттары ата-энелердин макулдашуусу боюнча балага ата-энесинин фамилияларын дефис аркылуу каалаган тартипте бириктирүүдөн түзүлгөн кош фамилия ыйгарууга уруксат берүүнү сунушташты. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун депутаттар Ырысбек Атажанов, Болотбек Борбиев, Дастан Бекешев жана Сеидбек Атамбаев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарышты. Мыйзам долбоорунун

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча тапшырмалар берилди

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча тапшырмалар берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жыйыны өттү. Жыйында өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун учурдагы абалы, 2026-жылга карата 9 социалдык маанилүү азык-түлүк товарлары боюнча баланстар жана 2027-жылга пландар