Ачылганына 4 ай болгон ишкана Германиянын базарына кире баштады – жүн иштеткен Чынара Алимаматованын баяны

Ачылганына 4 ай болгон ишкана Германиянын базарына кире баштады – жүн иштеткен Чынара Алимаматованын баяны

Кыргызстанда жүндү тазалап, жууп, тытып, аны кайра иштетип чыгып, андан кездемелерди, жууркандарды тиккен ишкана ачылды. Ачылганына 4 эле ай болгонуна карабастан, ишкана өндүрүлгөн товарын Казакстан, Германияга экспортко чыгара баштаган.

Пандемия учурунда токтоп калган полиграфия бизнесин жүн жууркан жасаган ишканага айлантып, насыя алып, эски заводду жандандырып, ишмердигин баштаган «Эколав» ишканасынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Чынара Алимаматова Economist.kg басылмасына өндүргөн продуктусу тууралуу айтып берди.

Көп жылдан бери жүндү иштетүүнү кыялданып жүргөн Чынара пандемия учурунда полиграфия бизнеси токтоп калгандыгына байланыштуу бул жумушту баштаганын айтат.

«Көп жылдан бери жүндү иштетүүнү кыялданып жүрчүмүн. Канчалаган жүндөрүбүз таштандыга ыргытылып, сайга ташталып, өрттөлүп кеткенде аябай кейичүмүн. Өзүбүз кытайдын синтепон, синтетикасынан жууркандарды жамынып, өзүбүздүн жүндөрдү ыргытканыбызды көрүп, «эмне үчүн башкалар таштандыдан киреше тапса, биз эмнеге таза жүнүбүздү таштандыга таштайбыз» деп көп ойлончумун. Пандемия учурунда полиграфия бизнесим токтоп калгандыгына байланыштуу, жасап көрөйүн деп жасап баштадым», – дейт ал.

Бирок жүн иштетүү кыйын болгондугуна карабастан, насыя алып, эски заводду иштетип, аны автоматташтырган.

«Сапаты жакшы болгондуктан баарына жагып, буюртмалар түшө баштады. Бирок жүндү жууп, тазалап, тытуу оор иш, ошондуктан да бул ишти эч ким колго албаса керек. Ойлонуп, изденип жүрүп автоматташтырган жолун таптым. Көп жылдан бери иштебей турган заводду жандандырып, жеке ишкер катары катталып, кредит алып иш баштадык. Жумушумду расмий баштаганыма 4 ай эле болду. Жумушубузду баштаганыбызда аябай какыраган ыссык эле, ошондо жүндөн төшөк тиге баштадык».

Аталган ишкана расмий ачылганына 4 эле ай болгонуна карабастан, тиккен жууркандарын Казакстандын шаарларына, Германияга жөнөтө баштаган.

«Алгач, продуктубузду бизди тааныгандар ала башташты. Тааныштар бири-бирине айтышып эле сатылып жатты. Учурда өндүргөн товарыбызды Германияга да жөнөтө баштадык, ал жактан аябай жакшы пикирлер келди. Тердетпейт экен деп жамынышат экен. Кыргызстандан азыр Германияга туруктуу алып кете баштаган кардарларыбыз пайда болду. Ал эми жакында чыгарган жүн кездемелерибизди Казакстандын Алматы, Астана шаарларына жөнөтө баштадык. Казактарга да аябай жагып жатат», – дейт ишкананын негиздөөчүсү.

Бизнесин 40 миң сом менен баштаган ишкердин кыска убакыттагы товар жүгүртүүсү акырындап көбөйүп бара жатат жана алдыга койгон пландары да ишке ашуу алдында турат.

«Чынын айтсам, 40 миң сом менен эле баштаганмын. Кызматтарды карызга сүйлөшүп, башында кыйналып жүрдүк. Бир-эки жолу өкүнгөн күндөрүм деле болду, бирок кардарлардан жакшы пикирлерди укканда сүйүнүп калат экенсиң. Кийинки жылдан тартып, жүндүн бардык түрлөрүн иштетсек деген ниетибиз бар. Анткени азыр ак койдун гана жүнүн иштетип жатабыз. Ошондой эле дизайнерлер менен биргеликте чапандарды, белдемчилерди, курларды да тиккени жатабыз», – дейт Чынара.

Мындан тышкары окуңуз

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бүгүн, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун Перинаталдык борборунда өзгөчө татаал кош бойлуулуктагы аялга кесарево жолу менен операция жасалды. Аялдын кош бойлуулугу алгач төрт эм болгон жана табигый жол менен, ЭКОнун жардамысыз жаралган. Кош бойлуулуктун 19-жумасында түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Калган кош бойлуулукту дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп, сактап калуу үчүн

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

22-сентябрда Бишкектеги “Жаштык Арена” аянтчасында Кыргызстандын киберкоопсуздугуна арналган улуттук “CYBERNOMAD FEST 2026” фестивалы өтөт. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматты жарыялады. Билдирүүгө караганда, иш-чарага мамлекеттик органдардын, маанилүү маалыматтык инфраструктуранын субъекттеринин, банктардын жана каржы уюмдарынын, телекоммуникациялык жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнөн

Кыргызстанда балык чарбасы үчүн 16 көлмөгө сынак жарыяланды

Кыргызстанда балык чарбасы үчүн 16 көлмөгө сынак жарыяланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти  балык өстүрүү үчүн көлмөлөрдү жана алардын аймагын пайдалануу укугуна сынак жарыялады. Сынакка Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы он алты объект коюлган. Алардын ичинде көлмөлөр, көлдөр жана аянты 0,3 гектардан