Сербияда компания ачкан Ислам Мирбек уулу кыргызстандык ишкерлерди КРнын азыктарын Европага чогуу экспорттоого чакырат

Сербияда компания ачкан Ислам Мирбек уулу кыргызстандык ишкерлерди КРнын азыктарын Европага чогуу экспорттоого чакырат

Сербияда BEEN FARM деп аталган компанияны негиздеп, Кыргызстандан фасоль, жаңгак, балды чоң көлөмдө алып, Европанын жана Балкан өлкөлөрүнүн базарына дүңүнөн сатыкка чыгарып жаткан Ислам Мирбек уулу кыргызстандык ишкерлерди чогуу иштешүүгө чакырат.

Учурда Сербияда жашап, иштеген Ислам Мирбек уулу Economist.kg басылмасына компаниясынын ишмердиги, ал жактагы мүмкүнчүлүктөр менен кыйынчылыктар жана Сербиянын ЕАЭС менен соода мамилеси, КР менен визасыз режими ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканы тууралуу айтып берди.

– Айтсаңыз, эмне болуп Сербияга келип, компания ачып калдыңыз?

– Мен өзүм айыл-чарба техникаларын жеткирүү боюнча иш алпарган «Евразия групп» деген эл аралык компанияда иштечүмүн. Бул компаниянын башка өлкөлөрдө филиалдары көп болгондуктан, мен Германияда, Казакстанда көп иштеп калдым. Жумушум жакшы болуп, ушул компаниянын аркасынан көп тажрыйбага ээ болдум. Акыркы жолу Казакстанда калып иштөөгө жакшы келишим сунуштап калышты. Бирок Кыргызстандагы бийлик талашуу сыяктуу саясий окуяларды, өлкөдөгү кризисти карап туруп, мен канткенде мамлекетиме жардам бере алам деп көп ойлоно баштадым. Ошентип КРдан өндүрүлгөн азыктарды Европанын базарына алып чыгууну ойлоп, кийинчерээк пландап баштадым да жумушумдан кеттим.

Башында компанияны Болгарияда ачмакчы болуп, Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктарды ал өлкөдө, андан ары Евросоюзга киргизүүнү пландап жатканбыз, бирок пандемия убагында Европа өлкөлөрү жабылып, Сербия гана ачык калды. Сербия менен Кыргызстандын ортосунда визасыз режим экен, ошол дагы ал өлкөгө барып иштөөгө түрткү болду.

– Компанияңыз эмне иш кылат?

– Былтыры сентябрда компанияны ачып, октябрдан тарта биринчи жүктөрүбүздү алып келе баштадык. Кыргызстан дүңүнөн фасоль, жаңгак жана бал чыгара алат экен. Балды алып келүүгө чоң келишим түздүк эле, бирок сапаты жагынан туура келбей калды. Ал эми жаңгак болсо бул жакта жакшы сатылып, чоң суроо-талапка ээ болду. Бирок тилекке каршы, товар жүгүртүүдө каражатыбыз жетишпей калды. Ошондо Кыргызстан жаңгакты экспорттоого жакшы мүмкүнчүлүгү бар экенин байкадым. Учурда фасоль алып келип жатабыз, бирок биздин өлкө чоң көлөмдө экспортко чыгара турган азыктары саналуу экен жана товардык көрүнүш берген таңгактоо жагынан аксап турат экен.

– Канжа каражат менен баштадыңыздар жана Кыргызстандан алпарган фасолду көбүрөөк кайсы мамлекетке өткөрдүңүздөр??

– Компаниябызды 60 миң доллар менен баштап, улантып келе жатабыз. Ал эми фасолду болсо, көбүнчө Сербиянын өзүнө сатып жатабыз, бирок реэкспорт кылганга жакшы мүмкүнчүлүк бар. Учурда Италиядан, Венгриядан келип алып кетип жатышат.

– Кыргызстандан товарларды алпаруу үчүн кандай талаптар бар?

– Сербия – бул өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге кирет. Евросоюзга кире элек болгонуна карабастан, алар менен өздөрүнө ыңгайлуу болгон жакшы, тыгыз соода мамилеси бар. Бирок 2024-жылы Евросоюзга киребиз деп инфраструктурасын, бүт салык системасын даярдап жатышат. Биз азыр 2024-жылга чейин бул жакта туруктуу компания катары калыптанып калсак, буюрса, Евросоюздун рыногуна чыгууга чоң жол ачылат.

2021-жылдан баштап ЕАЭС менен келишим түзүшкөн. Мисалы, мурда биз 20% бажы алымы менен фасоль киргизсек, учурда ал пошлинаны алып койду. Ушул учурду дагы өз пайдабызга колдонуп жатабыз. Бул Кыргызстандагы өндүрүүчүлөргө чоң мүмкүнчүлүк болуп турат.

– Кыргызстанда компания ачкан менен Сербиядагы айырмачылыктар кандай экен?

– Кыргызстанда компания ачып жатканда биринчи кезекте, пайда көрүүнү, акча табууну ойлойбуз. Бул жакта биринчи кезекте, салык системасын изилдейсиң. Сербияда салык системасы толугу менен электрондоштурулган, бардыгы туура багытта коюлган. Бирөө менен сүйлөшө коюп, бүтүрөм деген нерсе жок.

– Сербиянын салык системасында чет элдик жарандарга компания ачууга артыкчылыктар каралганбы?

– Баарына бирдей эле каралган, бирок тескерисинче, бираз татаалдыктар бар десем да болот. Мисалы, биз компанияны ачып жатканда кандай мамлекеттен келди, Кыргызстан экономикалык жактан рейтинги төмөн деп мага кээ бир банктар эсеп ачпай койгон учурлары болду. Ошентип он банктан бир банк гана мага эсеп ачканга макулдук берди. Банктан эсеп ачмайынча, компания да ача албайсың.

– Сербияда импорттолгон продукцияга талаптар, салыктар кандай?

– Ар бир алынып келчү товарларга салыктар ар түрдүү, мисалы, азык-түлүк товарларды импорттоодо 10% КНС төлөнөт, бирок бажы алымы төлөнбөйт. Ал эми жыгач сыяктуу товарларды алып кирип жатканда 20% КНС алынат. Ар бир товар сертификациядан өткөн, тагыраак айтканда, келип чыгуу сертификаты ( СТ-2 формасы), товардын сапатын тастыктаган паспорту жана ал товарды экспортко чыгарган Кыргызстандагы ишканынын бүт документтери болуш керек.

– Кыргызстандан келечекте кандай товарларды алып чыгууну пландап жатасыздар?

– Биздин компания эки багыт менен иш алпарууну пландап жатат. Биринчиси, чоң көлөмдө айыл-чарба чийки азыктарын алып келүү. Биз бул багытта бир жылдан бери ийгиликтүү иш алпарып жатабыз. Экинчиси болсо, чакан жеке ишкер өндүрүүчүлөрдүн продукциясын дагы алып келүүнү көздөп жатабыз. Анткени, акыркы убакта конфет, азык-түлүк жасаган чакан ишканалар көбөйгөнүн байкап жатам. Ошолорду акырындап Европанын базарына киргизсек деп ниет кылуудабыз. Учурда болсо алынып келчү продукцияларга кампа ачтык жана ошондой эле Сербиянын башка шаарында өкүлчүлүктөрүбүздү ачып жатабыз. Ошондуктан Кыргызстандагы ишкерлерди чогуу иштешүүгө чакырат элем.

Мындан тышкары окуңуз

Таиланддан ири өлчөмдө баңгизат ташып келгендер кармалды

Таиланддан ири өлчөмдө баңгизат ташып келгендер кармалды

Таиланддан баңгизат ташып келүүгө шектүү катары 46 жана 37 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн жанынан жалпы салмагы 7 килограмм 560 граммды түзгөн марихуана баңгизаты табылган. Баңгизаттын баасы 400 миң доллардан ашмак. Тергөөдө баңгизат партиясы Казакстанга мыйзамсыз өткөрүлмөк. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин

Жаңы конуштардагы 300гө жакын жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлдү

Жаңы конуштардагы 300гө жакын жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Нуркожо-Ата" жана "Адилет" конуштарынын тургундары менен көчмө жолугушуу өткөрүп, аймактагы актуалдуу маселелерди талкуулады. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундар жолдорду кеңейтүү, коомдук транспорттун каттамын жакшыртуу, таза суу менен камсыздоо жана жер мунапысынын алкагында корголуучу аймактагы 300гө жакын жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселелерин

"Түндүк" аркылуу медициналык кызматтарды пайдалангандардын саны 3 млнго чукулдады

"Түндүк" аркылуу медициналык кызматтарды пайдалангандардын саны 3 млнго чукулдады

Бүгүнкү күндө дээрлик 2,94 миллион адам “Түндүк” тиркемеси аркылуу санариптик медициналык кызматтарды колдонуп, дарыгерге онлайн жазылып, анализдеринин жыйынтыктарын алып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, телемедицина алыскы аймактардагы балдарды адистер менен байланыштырып, санариптик чечимдер энелердин саламаттыгы, эмдөө жана майыптыгы бар адамдар үчүн кызматтарды жакшыртууда. БУУнун Кыргызстандагы

Чет өлкөдө төрөлгөн балага "Бала ырысын" кантип тариздөө керек?

Чет өлкөдө төрөлгөн балага "Бала ырысын" кантип тариздөө керек?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө төрөлгөн балдар үчүн "Бала ырысы" жөлөкпулун тариздөөнүн тартибин түшүндүрдү. Маалыматка ылайык, эгерде балада Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту жок болсо, алгач анын Кыргызстандын жарандыгына таандык экендигин тастыктоо талап кылынат. Бул үчүн ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлү "Кызмат"