Чубак Темиров: IT тармагы өтө кирешелүү бирок тобокелдүү бизнес экенин түшүнүшпөйт

Чубак Темиров: IT тармагы өтө кирешелүү бирок тобокелдүү бизнес экенин түшүнүшпөйт

IT тармагы жогорку кирешелүү ошол эле учурда тобокелдүү бизнес экенин түшүнүшпөйт. Мындай пикирин бүгүн, 14-декабрда Economist.kg басылмасы уюштурган «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү барбы?» аттуу тегерек столдо Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө ички инвесторлор жок эмес, бар, бирок алар каражаттарын таптакыр башка тармактарга салышууда жана өлкөдө инвесторлук маданияты өнүгө элек.

«Бизде ички инвесторлор жок эмес, бар. Бирок алар акчаларын тойкана курууга, үй алуу сыяктуу башка жактарга салып жатышат. Алынган 20-30 квартиралары турат. Биздеги инвесторлук маданияты дагы да өнүгө элек. Биринчи кезекте инвесторлорду акчаны кайсы жака салыш керектиги тууралуу үйрөтүш керек.

Бизден акчаны IT тармагына кантип салыш керектиги тууралуу көп сурашат. Баары эле кыска мөөнөттүү кирешеге кызыгышат, азыр 100 сом салса, бир айдан кийин 1000 сом алууну күтүшөт. Алар бул жогорку кирешелүү ошол эле учурда тобокелдүү бизнес экенин түшүнүшпөйт. Биз инвесторлорду 100 сомду 10 компанияга салып, бирок алардын бирөөсүнөн гана пайда алууга даяр бол деген түшүнүккө жеткиришибиз керек», – деди ал.

Темировдун билдиргениндей, Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин кирешеси өсүп жатат, бирок бул негизинен буюртмалар болуп, алар биринчи кезекте аутсорсго иштешет. Алар каалагандай көбүрөөк компаниялардын негизделиши үчүн мамлекет тарабынан IT тармагына алгылыктуу колдоо керектигин ЖТПнын башчысы коңшу өлкөлөрдүн мисалында айтып өттү.

«Биз Өзбекстан, Казакстанга барганда көрүп жүрөбүз, аларда инфраструктура аябагандай өнүккөн, мамлекет аябай колдоо көрсөтүп келет. Мисалы, Өзбекстандын президенти шаардын борборунан IT шаарчанын курулушуна 6 га жер бөлүп берген. Ал курулуш иштери бүтүп, 2023-жылы толук ишке киришүүгө даярданып жатышат.

Биздин бийлик имарат бөлүп берген, бирок коңшу өлкөлөргө салыштыра турган болсок, шарттар жакшы эмес. Эгер мамлекеттин колдоосу тууралуу сөз кылсак, инвесторлор келгенде турган жерибизди, айтишниктерибизди көрсөтө тургандай болгон шарттарды түзүп берсе жакшы болмок», – деди ЖТПнын директору.

Мындан тышкары окуңуз

Таиланддан ири өлчөмдө баңгизат ташып келгендер кармалды

Таиланддан ири өлчөмдө баңгизат ташып келгендер кармалды

Таиланддан баңгизат ташып келүүгө шектүү катары 46 жана 37 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн жанынан жалпы салмагы 7 килограмм 560 граммды түзгөн марихуана баңгизаты табылган. Баңгизаттын баасы 400 миң доллардан ашмак. Тергөөдө баңгизат партиясы Казакстанга мыйзамсыз өткөрүлмөк. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин

Жаңы конуштардагы 300гө жакын жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлдү

Жаңы конуштардагы 300гө жакын жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Нуркожо-Ата" жана "Адилет" конуштарынын тургундары менен көчмө жолугушуу өткөрүп, аймактагы актуалдуу маселелерди талкуулады. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундар жолдорду кеңейтүү, коомдук транспорттун каттамын жакшыртуу, таза суу менен камсыздоо жана жер мунапысынын алкагында корголуучу аймактагы 300гө жакын жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселелерин

"Түндүк" аркылуу медициналык кызматтарды пайдалангандардын саны 3 млнго чукулдады

"Түндүк" аркылуу медициналык кызматтарды пайдалангандардын саны 3 млнго чукулдады

Бүгүнкү күндө дээрлик 2,94 миллион адам “Түндүк” тиркемеси аркылуу санариптик медициналык кызматтарды колдонуп, дарыгерге онлайн жазылып, анализдеринин жыйынтыктарын алып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, телемедицина алыскы аймактардагы балдарды адистер менен байланыштырып, санариптик чечимдер энелердин саламаттыгы, эмдөө жана майыптыгы бар адамдар үчүн кызматтарды жакшыртууда. БУУнун Кыргызстандагы

Чет өлкөдө төрөлгөн балага "Бала ырысын" кантип тариздөө керек?

Чет өлкөдө төрөлгөн балага "Бала ырысын" кантип тариздөө керек?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө төрөлгөн балдар үчүн "Бала ырысы" жөлөкпулун тариздөөнүн тартибин түшүндүрдү. Маалыматка ылайык, эгерде балада Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту жок болсо, алгач анын Кыргызстандын жарандыгына таандык экендигин тастыктоо талап кылынат. Бул үчүн ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлү "Кызмат"