Медет Назаралиев: Жарандардын акчасы бар, бирок рынокто кирешелүү акча табуунун инструменттери жок

Медет Назаралиев: Жарандардын акчасы бар, бирок рынокто кирешелүү акча табуунун инструменттери жок

Жарандардын акчасы бар, бирок рынокто кирешелүү акча табуунун инструменттери жок. Андыктан алар ар кандай криптовалюта, каржы пирамидасы сыяктуу капкандарга түшүп калып жатышат. Жарандардын акчасын коргоо үчүн аларга коопсуз инструменттерди сунушташ керек.

Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Economist.kg басылмасы уюштурган «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү барбы?» аттуу тегерек столдо Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) төрагасы Медет Назаралиев билдирди.

«Биринчиден, сырттан инвестиция издеп кереги жок, учурда инфраструктураны жакшыртуу менен келечекте жакшы киреше алууга болот жана ошондо ички инвестиция дагы иштейт. Экинчиден, бул жарандардын акчасын коопсуз сактоо болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө жарандардын акчасы бар, бирок алар аны чоң пайыз менен салып, киреше алуунун инструменттерин издеп келишет. Ушул эле жол менен ар кандай криптовалюта, каржы пирамидасы сыяктуу капкандарга түшүп калып жатышат. Анткени рынокто кирешелүү акча табуу инструменттери жок. Жарандардын акчасын коргоо үчүн аларга коопсуз инструменттерди сунушташ керек», – деди ал.

КФБнын президентинин айтымында, тыштан инвесторлор ички өнүккөн рынокко, өзүнүн жарандары өзүнүн компанияларына ишенген жерлерге гана келишет.

Ошондой эле Назаралиев «Манас» аэропортунун акцияларынын тез өсүп жатканын өлкөдө кирешелүү компаниялардын дээрлик жоктугу менен түшүндүрдү. Назаралиев билдиргендей, жарандар акцияларды сатып алышса, аэропорттун инфраструктурасын жакшыртуу менен алар келечекте кошумча инвестицияларды тартып, киреше алышмак.

«Манас» аэропортунун капитализациясы жылдын башында 9 млрд сомдун айланасында болуп, бир акциясы 330 сом болчу. Бүгүн, кечээ акыркы бүтүмдөрү жабылды, учурда анын капитализациясы 24 млрд сомдон ашык болуп, акциясы 870 сомго чыкты. Бул бүгүн ата мекендик рынокто кирешелүү компаниялардын акциялары жок дегенди билдирет. Аэропорт фонддо кирешеси өсүп жаткан жалгыз компания болуп саналат. Алар жыл аягында 3 млрд сомдон ашык киреше алууну күтүп жатышат», – деди ал.

КФБнын башчысы Өзбекстандын мисалында ички инвестицияны өнүктүрүү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Өзбекстан капиталды өстүрүү, ички инвестицияны өнүктүрүү үчүн эң мыкты мамлекеттик 15 компанияны ички инвесторлордун пайда болуусу үчүн иштеп чыккан. Ал эми Казакстан андан да өйдө кетип, учурда үч компаниясы Лондондун биржасында катталган.

Назаралиев мамлекет портфелдик инвестицияларды тартуу менен өлкөгө жаңы инвестицияларды тарта алат жана ушундай ыкмалар менен инвестиция тартуунун жаңы жолдорун караш керектигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

27-октябрда Улуттук банктын төрагасы А. Бакетаев микрофинансылык уюмдардын жетекчилери, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" жана "Кыргызстан банктарынын союзу" бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда микрофинансы секторунун учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Сектордун өкүлдөрү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын

Ишкер Media
Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Бүгүн Ош шаарындагы К. Абдыразаков көчөсүнүн Б. Нурматов көчөсү менен кесилишкен жеринде мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Текшерүү учурунда курулуштун тиешелүү муниципалдык жана мамлекеттик органдардын эч кандай уруксат берүүчү документи жок жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Шаардык мэрия билдиргендей, шаардын башкы планына ылайык бул аймак жашылдандыруу зонасы

Ишкер Media
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 29–30-октябрда Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө лидери Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат. Саммитте аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Жыйынтыгында

Ишкер Media
Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media