Made in Kyrgyzstan. Кургатылган жашылча-жемиштерге суроо-талап чоң

Made in Kyrgyzstan. Кургатылган жашылча-жемиштерге суроо-талап чоң

2020-жылды көпчүлүк ишкерлер үшкүрө эскеришип, пандемиянын залакасын азыркыга чейин тарткандары бар. Ош шаарындагы «Оржемиль» компаниясы так ошол кризис учурунда жаңы дем менен иштеп баштаган. Компания БУУӨПтүн жардамы менен өндүрүштө эл аралык стандарттарды киргизип, учурда сырткы базарларды багынтууда.

Жашылча-жемиштерди  кургатуу менен алектенген ишкана 8 түрдүү продукция чыгарат. Алча, дарбыз, коон, алма, алмурут, помиодор кактарын экспорттойт.

«Биздин продукциянын 90% Россияга экспорттолот, бир жылда 40-50 тонна продукция чыгарабыз. Жашылча-жемиштерди кургата турган эки жабдыгыбыз бар. Биздин азыктарыбызга эч кандай шекер же башка кошулмалар кошулбагандыктан, муздаткычтарда сактайбыз. Бирок сезон убагында кургатып алган көлөм күзгө жетпей эле сатылып кетет», – дейт компаниянын жетекчиси Эрлан Абитов.

Анын айтымында Кыргызстанда жасалган жашылча-жемиш кактарына чет өлкөлөрдө суроо-талап чоң, анткени соңку жылдары адамдардын көбү жасалма тамактардан баш тартып, кымбатына карабай органикалык продукцияларга басым жасап башташты. Мисалы, «Оржемиль» компаниясынын 1 кг кургатылган дарбызы Россияда 900 рубль турат экен. Ал эми 1 кг дарбыз кагын алыш үчүн 25-27 кг дарбыз талап кылынат.

Эмки максат ХАССП

«Кийинки жылдан баштап продукциянын көлөмүн көбөйтөлү деп жатабыз. Былтыртан баштап БУУӨП менен тыгыз иштешип баштадык. Алма тазалай турган жабдык алып беришти. Москвада өткөн көргөзмөгө катышууга жардам беришти. Эң башкысы, ХАССП эл аралык стандартын алууга көмөктөшүп жатышат. Бул тамак-аш өндүрүшүндөгү жогорку стандарттардын бири. Аны алуу оңой эмес. Азыркы учурда ISO22000 сертификатын алдык. Кийинки кадам ХАССП деп турабыз», – дейт ал.
  • ХАССП – тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу системасы. Тамак-аш коопсуздугуна таасир эте турган кооптуу факторлорду алдын алууга багытталган эл аралык стандарт. Ал өз ичине гигиеналык көзөмөлдөн тартып, персоналды окутууга чейинки маселелерди камтыйт.

Made in Kyrgyzstan брендин илгерилетүү

Сезон убагында ишканада 30-35 адам ишке тартылат. Жашылча-жемиштер негизинен түштүк аймагынан чогултулат, бирок өткөн жылдан тартып Чүй өрөөнүнөн помидор алына баштаганын айтат Эрлан Абитов. Ишкананын көйгөйлөрүнүн бири да ушул. Айыл-чарбада бирдиктүү стандарт жок болгондуктан, дыйкандар ар кимиси өзү билгендей өстүрө беришет, демек, сапаты да ар түрдүү.

«Биздин продукцияларды Москвага алып барганда сырткы көрүнүшү анча эмес экенин айтышат, бирок даамы, сапаты мыкты дешет. Кыргызстанда жашылча-жемиш кургаткан бир нече компания бар. Биз бири-бирибиз менен тыгыз иштейбиз, атаандашпайбыз. Баарыбыз бириксек да, Россиянын суроо-талабын канааттандырган көлөмдү чыгарып бере албайбыз. Биз баарыбыз биригип Тажикстан, Өзбекстандык ишкерлерге атаандаш болууга аракеттенебиз, Made in Kyrgyzstan деген брендди чет өлкөлөрдө таанытып алсак бул чоң иш болот», – дейт каарман.

Эрлан Абитовдун айтымында, жашылча-жемиш кургатуу жаатында Кыргызстан өтө эле артта калган. Бул тармакка жаңы гана көңүл бурулуп, бирин-экин ишкерлер гана кызыгып башташты. Ошондуктан, бул тармакта алдыга кеткен Европа, Турция, Армения сыяктуу өлкөлөргө барып, тажрыйбасын үйрөнүп, технологияларды өздөштүрүп келүү зарыл экенин, бул багытта БУУӨП сыяктуу уюмдардын колдоосу абдан маанилүү экенин айтат ишкер.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media
Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

26-октябрда Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак - автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Ачылыш аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, район акими Темирболот Абыкеев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Ишкер Media
Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Каракол шаарындагы "Хан-Теңири" турак жай комплексинин экинчи этабынын алкагында курулуп жаткан 530 батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда 530 батирден турган 6 турак жай блогунун курулушу аяктоо алдында турат. Туманбаев

Ишкер Media
Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media