Италиялык кулпунайларды Кыргызстанда өстүргөн бизнесмен Алишер Кадыркуловдун баяны

Италиялык кулпунайларды Кыргызстанда өстүргөн бизнесмен Алишер Кадыркуловдун баяны

Ошто «Клубника Кыргызстан» деген фирма ачып, Европага барып кулпунай өстүрүү тууралуу окуп, Италиядан анын түшүмдү мол берген алдыңкы сортторун алып келип эгип, кыргызстандыктарды кулпунай менен камсыздаган Алишер Кадыркулов учурда 300гө жакын адамга бул тармакты үйрөтүп, өлкөнүн айыл чарба тармагын көтөрүүгө салым кошуп келет.

Алишер Кадыркулов Economist.kg басылмасына кулпунай өстүрүү ишинин артыкчылыктарын, түшүмдү мол берген сортторун жана аянты Ысык-Көл облусундай эле болгон Голландия бир жылда айыл чарба азыктарынын экспортун 100 млрд долларга жеткиргенин, ошондой эле төрт мезгили бар Кыргызстанда бул тармактын потенциалы жогору экендиги тууралуу айтып берди.

Бул ишти баштап калуума өлкөбүздөгү экономикалык каатчылыктан улам көп кыргызстандыктар сыяктуу эле Россияда иштеп жүргөндүгүм себеп болду. Ал жакта деле оңой болуп кеткен жок, жети шаарында иштедим. Акыркы жети жылда чет элдик фирмада жетекчилик кызматта эмгектендим. Бирок мекенден алыс жакта жүргөндө балдарым ал жактын салт-санаасын сиңирип баштаганын байкап, Кыргызстанга көчүп келдик.

2015-жылы Табылды Эгембердиевдин маегин окуп калдым. Анын ишкерлик тууралуу айткандарынан аябай таасирлендим.

Анан кантип иш баштасам болот деп изденип жүрүп, 3 багытты тандап алдым: туризм, айыл чарба, мал чарбачылык.

Алардын ичинен айыл чарбасы биз үчүн ыңгайлуу болгонун көрүп, жумушумду баштадым. Ошентип Ош шаарынан 3 гектарга жакын жер сатып алдык. Негизги каражатыбыз жер сатып алуу менен теплицага кетти. Жерди бөлүп сатып алгандыктан, аны 4 жылда төлөп бүттүк.

Теплица курууга 30 миң доллардан ашык акча кетти. Башында помидор отургузуп, андан банкрот болдук. Банкрот болгонубуздун биринчи себеби, помидор өстүрүү боюнча жакшы маалыматыбыздын жоктугу, экинчиси, жергиликтүү помидор өстүргөндөр бизге тажрыйбасы менен бөлүшкүсү келбегендиги, билгендерин башкаларга үйрөтүүнү каалабагандыгы болду. Албетте, помидор тууралуу жакшы билбей туруп, баштап алган биринчи күнөө өзүмдө.

Банкрот болгон соң эмне кылсам деп ойлоно баштадым, аркамды карасам Россия, алдымды карасам балдарым. «Баштасаң коркпо, корксоң баштаба» деген макалдын негизинде кайрадан аракет көрө баштадым. Элден өзгөчөлөнүп эмне өстүрсөм болот деп изденип отуруп, клубника жаатында иш кылууну туура көрдүм. Помидордо кетирген катачылыктарды эске алуу менен Кыргызстандагы кулпунайдын эң көп эгилген жерлерине – Чүй, Сузак, Баткенге барып жүрүп, кулпунай өстүрүүнүн сырларын өздөштүрдүм.

Биздин өзгөчөлүгүбүз – Кыргызстандагы өстүрүлгөн сортторун экпедик. Европадан эң жакшы деген түшүмдүү сортторун алып келдик.

Башында 10 сотыхтай жерге алып келип эгип көрдүк, карасак, жакшы болду. Ошентип 2017-жылы баштадык, быйыл төртүнчү сезон болуп жатат. Жазда апрель айларында кулпунайларыбыз бышып калат.

Канчалык кирешелүү? Мисалы, өткөн жылы жаз алдында кулпунайдын килограммын 800-900 сомдон сатып баштадык, мындай сатык бир жума болот, андан соң 600-500 сом болуп төмөндөп отуруп, 180 сомго түшөт. Бул эски кулпунайларга караганда баасына жана түшүмүнө салыштырмалуу дагы 3-4 эсе кирешелүү болот.

Эски сорттогу кулпунайлар киреше деле бербей калат. 1 гектардан эски кулпунайдан 5-6 тонна гана түшүм ала аласың. Биз сунуштаган кулпунай 1 гектардан 10-15, кээде, 20 тоннага чейин түшүм берет.

Ошондуктан, элдерге алдыңкы сорттогу кулпунайларды эгип, түшүмдүүлүгүн арттыргыла деп үйрөтүп жатабыз. Экинчиси, биз интенсивдүү технология менен өстүрөбүз, тамчылатма системасын колдонобуз, бул жерде элдер чөп отоо, чабуу деген көйгөйлөрдөн да кутулат.

Суусун, дарысын убагында берсе, киреше алып келчү жумуш. Бул менен ички жана тышкы миграцияны кандайдыр бир деңгээлде токтотсо болот деп ишенич менен айта алам.

Европага барып кулпунай өстүрүү жөнүндө үйрөнүп келдим. Ал жактын тажрыйбасын көрүп, кулпунай менен көптөгөн иштерди кылсак болот экен деген жыйынтык чыгардым.

Мисал катары, Голландия мамлекетинин аянты биздин Ысык-Көл менен бирдей аянтта, бирок алардын айыл чарбадагы бир жылдык экспорту 100 млрд долларды түзөт экен.

Эми Ысык-Көл облусу эле ушундай суммага экспорт кылып жатканын элестетиңиз. Голландиянын климаты жаанчыл, нымдуу келет. Ошолор 100 млрд доллар айыл чарбадан киреше таап жатса, биздин 4 мезгилибиз бар өлкөбүздө эмнеге болбосун деген ойдо апрелден баштап Кыргызстанды түрө кыдырып, кулпунай эгүүнүн пайдасы жана сырлары тууралуу семинарларды баштайлы деп турабыз. Дагы бир чоң артыкчылыгы – Кыргызстанда теплицалар салыктан бошотулган, бул кулпунай өстүрүүгө чоң түрткү берет.

Россиядан таап келген каражатыбызды бизнеске салдык. Компаниябызды «Клубника Кыргызстан» дегенибиздин себеби, келечекте, республикадан сыртка чыгып, башка өлкөлөргө да экспорттоону көздөп жатабыз.

Биздин өзгөчөлүгүбүз – кулпунай жаатында маалымат алам же көрүп кетем деп кызыккандар үчүн теплицабыздын эшиги ар дайым ачык. Кулпунай эгүүгө кызыккандар теплицага келип, консультация алып кетсе болот. Андан тышкары, кулпунай өстүрөт элем дегендерге бир жыл бекер консультация беребиз. Бир жылда алар кантип жерди даярдап, кулпунайды тиккендден тартып, бышканга чейин кеңири сабактарды алышат.

Көчөттөрдү жөн эле сатып койбой, түшүм алганга чейин үйрөтүп, көрсөтүп турабыз.

Эң чоң максатыбыз эле миграция агымын токтотуп, элдер үй-бүлөсү, балдары менен мекенинде бактылуу өмүр сүрүшсө экен деген тилегибиз. Ошондуктан колубуздан келген жардамыбызды бергенге аракет кылып жатабыз.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын аянты 15,5 миң гектарга кеңейди

Кыргызстандын аянты 15,5 миң гектарга кеңейди

Кошуналар менен чек араны тактоодон кийин 15 миң 572 гектарга кеңейип, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аянты 20 млн 9 миң 572 гектарды түзөт. Анын 94,4 % тоолуу аймактар. Бул тууралуу президент өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, жалпы 6 млн 732 миң гектар айыл чарба жери бар. Анын 1 млн 82

Импорттолгон азык-түлүк эми "Санарип VET" аркылуу текшерилет

Импорттолгон азык-түлүк эми "Санарип VET" аркылуу текшерилет

Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон ветеринардык көзөмөлдөгү жүктөр эми "Санарип VET" маалыматтык системасы аркылуу текшерилип, бардык процесс электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Кыргызстанда ветеринардык көзөмөл системасын санариптештирүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон ветеринардык көзөмөлгө

Бишкекте бактарды мыйзамсыз кыйган ишканага 17 миң сом айып пул салынды

Бишкекте бактарды мыйзамсыз кыйган ишканага 17 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги Ж.Пудовкин көчөсүндө бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы аныкталып, муниципалдык ишканага 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Бишкек шаарындагы Ж. Пудовкин көчөсүндө бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка

Бишкек–Ош жолунда унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди

Бишкек–Ош жолунда унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди

Бишкек–Ош унаа жолунун 249-чакырымында 21-июлда эки ирет сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Ыкчам жүргүзүлгөн тазалоо иштеринен кийин каттам эки багытта тең толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. 21-июлда Бишкек–Ош унаа жолунун 249-чакырымында эки ирет сел жүрүп, жол каттамы убактылуу