Кыргызстандын экономикасын жумушчу күчүнүн экспорту кыймылдатууда – ЕРӨБ

Кыргызстандын экономикасын жумушчу күчүнүн экспорту кыймылдатууда – ЕРӨБ

КРнын экономикасын мигранттардын жөнөткөн каражаттары кыймылдатууда. Кыргызстандын 2020-жылга карата ИДПсынын 31%дан ашыгын жумушчу күчүнүн экспорту түзгөн. Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) 2021-2022-жылдар аралыгындагы өткөөл мезгил боюнча отчетунун презентациясында ЕРӨБдүн Борбор Азия боюнча жетектөөчү экономисти Эрик Ливни билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Россияда мигранттарга суроо-талап күчөгөндүктөн, Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү да көбөйгөн. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2021-жылы Россиядан которулган акчанын агымы дээрлик 234 млн долларды түзгөн, бул 2020-жылга салыштырмалуу 25 млн долларга көп.

Мигранттар жана алтындар

«Экспортубуздун экинчи бөлүгүн алтын түзөт. Башкача айтканда, биз чындыгында эки ресурсту: жумушчу күчүн жана алтынды экспорттойбуз», – деди Ливни.

Эксперт 2021-жылы алтындын экспорту «Кумтөр» жана Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) менен болгон көйгөйлөрдөн улам олуттуу басаңдагананын белгиледи. Бирок ал бул нерсени убактылуу кыйынчылыктар экенин айтты.

Эске салсак, алтындын экспорту 17.7 тоннадан (987 млн доллар) 5.6 тоннага (308 млн доллар) чейин, тагыраак айтканда, үч эсеге кыскарган. Ал эми өндүрүш көлөмү экономикалык өсүштүн темпин дээрлик акырына чейин кармап турган.

«Көбүрөөк олуттуу көйгөйлөр узак мөөнөткө байланыштуу, анткени алтын өтө аз сандагы адамдарды жумуш менен камсыз кылган сектор. Эгерде биз эмгек рыногуна, үй чарбаларына тийгизген таасири жөнүндө айта турган болсок, анда бул анча деле маанилүү эмес. Анткени, алтын бизде дайыма боло турган ресурс эмес. Биз өсүүнүн башка булактары жөнүндө ойлонушубуз керек», – деп кошумчалады Ливни.

Экономиканын негизги көйгөйү

Кыргызстандын экономикасынын көйгөйү жана чакырыгы – бул эмгекти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, деп эсептейт экономист.

Анын айтымында, Кыргызстан бала көп төрөлгөн жаш өлкө жана ага жараша жетиштүү жумуш орундары түзүлбөй келет, биринчи кезекте, жеке сектордо иш менен камсыз кылуу такыр эле аз.

«Мындан тышкары, формалдуу иш менен камсыз болгондор 65%ды түзөт, анын ичинен дагы азыраак 48%ы жеке сектордо, ал эми калгандары мамлекеттик сектордо иштешет. Баса белгилей кетчү нерсе, өлкөдө өз алдынча иш менен алектенгендер өтө эле көп, бул биз элестеткен батыштагыдай эмес, бул жумуш менен камсыз болуунун таасири жок формасы. Бул көйгөйдү чечүү керек», – деп баса белгиледи эксперт.

Ливнинин айтымында, ЕРӨБдүн отчетунда азыркы учурда оор күндөрдү башынан кечирип жаткан өлкөлөргө адамдарды жумушка жөнөтүүнүн ордуна, эмгекти натыйжалуу пайдалануу боюнча кантип жана эмне үчүн иштөө керектиги боюнча кошумча аргументтер келтирилген.


Эскерте кетсек, жакында эле ЕРӨБдүн 2021-2022-жылдардын өткөөл мезгили боюнча «Системаны модернизациялоо: санариптик дивиденддерди алуу» деген аталыштагы отчетунун презентациясы болуп өттү. Отчет санариптештирүү, өлкөлөр ортосундагы инфраструктура жана финтех ортосундагы айырмачылыктарга багытталып, алардын өлкөнүн экономикалык өсүшүнө кандай таасир берери талданган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын аянты 15,5 миң гектарга кеңейди

Кыргызстандын аянты 15,5 миң гектарга кеңейди

Кошуналар менен чек араны тактоодон кийин 15 миң 572 гектарга кеңейип, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аянты 20 млн 9 миң 572 гектарды түзөт. Анын 94,4 % тоолуу аймактар. Бул тууралуу президент өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, жалпы 6 млн 732 миң гектар айыл чарба жери бар. Анын 1 млн 82

Импорттолгон азык-түлүк эми "Санарип VET" аркылуу текшерилет

Импорттолгон азык-түлүк эми "Санарип VET" аркылуу текшерилет

Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон ветеринардык көзөмөлдөгү жүктөр эми "Санарип VET" маалыматтык системасы аркылуу текшерилип, бардык процесс электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Кыргызстанда ветеринардык көзөмөл системасын санариптештирүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон ветеринардык көзөмөлгө

Бишкекте бактарды мыйзамсыз кыйган ишканага 17 миң сом айып пул салынды

Бишкекте бактарды мыйзамсыз кыйган ишканага 17 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги Ж.Пудовкин көчөсүндө бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы аныкталып, муниципалдык ишканага 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Бишкек шаарындагы Ж. Пудовкин көчөсүндө бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка

Бишкек–Ош жолунда унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди

Бишкек–Ош жолунда унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди

Бишкек–Ош унаа жолунун 249-чакырымында 21-июлда эки ирет сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Ыкчам жүргүзүлгөн тазалоо иштеринен кийин каттам эки багытта тең толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. 21-июлда Бишкек–Ош унаа жолунун 249-чакырымында эки ирет сел жүрүп, жол каттамы убактылуу