Креативдүү экономика – Кыргызстандын жаркын келечегине болгон жалгыз үмүтүбү?

Креативдүү экономика – Кыргызстандын жаркын келечегине болгон жалгыз үмүтүбү?

Креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн Кыргызстан келечектүү жана жагымдуу өлкө. Кыргызстан региондун так борборунда жайгашканын, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү, олуттуу өнөр жай ишканалары жана экономикага тез жана сапаттуу бурулуш жасоого жардам бере турган тармактын жоктугун эске алганда, республика адам ресурстарына жана чыгармачыл кесиптерге басым жасоо керектигин эксперттер да айтып келишет.

Креативдүү экономика – дал ошол Кыргызстан кыска убакыттын ичинде олуттуу натыйжаларга жетише ала турган багыт. Өлкө калкынын 57%дан ашыгы жаштар жана алар чыгармачылыгы менен өздөрүн көрсөтүп, Кыргызстанда жашап, бүткүл дүйнө үчүн иштей алышат. Эксперттердин баамында, креативдүү экономика «башы иштегендердин» миграциясын токтотуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатып, Кыргызстанды бул чөлкөмдөгү креативдүү индустриянын борбору болууга жардам берет.

Economist.kg басылмасынын редакциясы 20-апрелде эксперттердин, мамлекеттик органдардын, активисттердин, ишкерлердин жана чыгармачыл адамдардын катышуусунда Кыргызстанда креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурду.

Жарым жыл мурда Кыргызстанда Креативдүү индустриянын ассоциациясы жумушун баштаган. Аталган бирикменин жетекчиси Назгүл Кубакаева уюмдун кандай иштеп жатканы тууралуу айтып берди.

«Бизде тогуз негиздөөчү компания бар, алар дагы архитектура-дизайн, мода-дизайн сыяктуу креативдүү индустриянын өкүлдөрү жана ошондой эле IT-компаниялар менен медиа компаниялар. Бүгүнкү күндө резиденттердин саны 30дан ашык ишканага жетти.
Чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү эмне үчүн маанилүү? Биз Кыргызстанды импортер гана эмес, экспорттоочу өлкөгө айлантууну каалайбыз, ошону менен биздин продукцияларыбыз жана кызматтарыбыз дүйнөлүк рынокко чыгат. Ал эми креативдүү экономиканын жакшы жери – чек аранын жоктугунда жана интеллектуалдык эмгегиңди колдоно алганыңда», – деди Кубакаева.

Ololo коворкинг тармагынын негиздөөчүсү Данияр Аманалиев да креативдүү экономика – өнүккөн мамлекетке айлануунун бирден бир жолу деп айтууга болоорун белгиледи.

«Креативдүү экономика – бул жашагың келе турган өлкөгө жете турган жалгыз жол. Дыйканчылыкта эч кандай керемет болуп кетиши мүмкүн эмес, жылына үч жолу гана түшүм алынат. Ошондой эле эгерде өндүрүштө көйнөктү 3 долларга чыгарсак, бирок аны башка өлкөлөргө жөнөтүү 20 доллар турат. Биздин деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ал эми бүткүл дүйнөгө чексиз сатыла турган компьютердик оюн жасай алабыз», – деди ал.

Ошондой эле ишкер Кыргызстан креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн эң келечектүү жана жагымдуу өлкө экенин белгиледи.

«Биз аймактагы эң эркин өлкөбүз жана биздин калктын 57%ын 29 жашка чейинки жаштар түзөт. Өсүш үчүн шарттарды түзүшүбүз керек», – деп кошумчалады Аманалиев.

Тегерек столдо ошондой эле КРда креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы эки жылга жакын убакыттан бери кабыл алынбай келе жатканы талкууланды.

Данияр Аманалиев ошондой эле мамлекет креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө салым кошо аларын кошумчалады.

«Биз креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясына кол коюшубуз керек, жеке сектор үчүн ал бар же жоктугунун айырмасы жок, бирок мамлекеттик кызматкерлер үчүн бул абдан маанилүү. Ошондой эле мамлекет Креативдүү тндустрия паркы жөнүндө мыйзам кабыл ала алат. Ошондо өзгөчө салык режиминин аркасында биз бүткүл Борбордук Азиянын инноваторлору, жаратуучулары үчүн эң жагымдуу өлкө боло алабыз», – деди ал.

Креативдүү индустрия альянсынын негиздөөчүсү Айнура Чекирова чыгармачыл тармак өз жемишин бергиче, аны өнүктүрүүгө жардам берүү керек деп эсептейт.

Анын айтымында, мамлекет креативдүү экономиканы салык төлөгөн тармак катары гана көргүсү келип жатат. Бирок бул биринчи этапта адамдар акча таба ала турган сектор катары каралыш керек.

«Качан гана ал бутуна туруп, башка сектордогу атаандаштыкка туруштук берип баштаганда гана аны салык төлөөчү объект катары кароого болот», – деди ал.

Ошондой эле Чекирова мамлекет өзүнүн векторун түп тамырынан өзгөртүп, бул тармак калыптанып жатканда ага инкубациялык мезгил бериш керектигин жана ал качан «Шоро» сыяктуу чоң активдүү корпорацияга айланганда гана кийинки этапка өтүп, мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө болоорун айтты.

«Мен мамлекеттик органдарга бул тармакты биринчиден, салык төлөөчү катары гана эмес, өлкөнүн интеллектуалдык өнүгүүсүнүн потенциалы, ошондой эле экинчиден, Кыргызстандын брендин жаратуучу объект катары кароосун сунуштайт элем. Болгондо да бийик интеллектуалдык мамлекеттин брендин түзүүчү тармак катары, уникалдуу продукт жаратуучу, дүйнөгө таланттарды чыгаруучу тармак катары караш керек», – деди ал.


Белгилей кетсек, 21-апрелде президент Садыр Жапаров «Жаратман экономиканы өнүктүрүү жана прогрессивдүү өнүгүү үчүн шарттарды түзүү чаралары жөнүндөгү» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Министрлер кабинетине төмөндөгү тапшырмалар берилди:

  • чыгармачылык экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитүү
  • чыгармачыл тармактардын классификациясын аныктоо
  • Креативдүү индустрия паркын түзүү
  • 2022-жылдын 1-октябрына карата чыгармачыл тармактарды өнүктүрүүгө, ошондой эле креативдүү өнөр жай паркынын, анын башкаруу органдарынын, резиденттеринин иштешине багытталган ченемдик укуктук актылардын пакетин иштеп чыгуу, анын режимин түзүү

Мындан тышкары окуңуз

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бүгүн, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун Перинаталдык борборунда өзгөчө татаал кош бойлуулуктагы аялга кесарево жолу менен операция жасалды. Аялдын кош бойлуулугу алгач төрт эм болгон жана табигый жол менен, ЭКОнун жардамысыз жаралган. Кош бойлуулуктун 19-жумасында түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Калган кош бойлуулукту дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп, сактап калуу үчүн

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

22-сентябрда Бишкектеги “Жаштык Арена” аянтчасында Кыргызстандын киберкоопсуздугуна арналган улуттук “CYBERNOMAD FEST 2026” фестивалы өтөт. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматты жарыялады. Билдирүүгө караганда, иш-чарага мамлекеттик органдардын, маанилүү маалыматтык инфраструктуранын субъекттеринин, банктардын жана каржы уюмдарынын, телекоммуникациялык жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнөн

Кыргызстанда балык чарбасы үчүн 16 көлмөгө сынак жарыяланды

Кыргызстанда балык чарбасы үчүн 16 көлмөгө сынак жарыяланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти  балык өстүрүү үчүн көлмөлөрдү жана алардын аймагын пайдалануу укугуна сынак жарыялады. Сынакка Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы он алты объект коюлган. Алардын ичинде көлмөлөр, көлдөр жана аянты 0,3 гектардан