Ишкерлердин көйгөйлөрүн чечкендин ордуна, бюджетти толтуруу планын коюп алдык – Руслан Акматбек

Ишкерлердин көйгөйлөрүн чечкендин ордуна, бюджетти толтуруу планын коюп алдык – Руслан Акматбек

Economist.kg финансылык басылмасы «Аймактагы бизнестин көйгөйлөрү. Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлердин өнүгүшүнө эмне тоскоол болууда?» деген аталышта онлайн форматта тегерек стол уюштурду. Талкууга аймактардан ар тармактагы ишкерлер, өндүрүш кызматкерлери, бизнес боюнча эксперттер катышып, ишкерлердин өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан реалдуу көйгөйлөр тууралуу сөз кылышты.

Тегерек столдун катышуучуларынын бири, коомдук пикирлерди изилдөөчү, ЖИАны көп жылдар бою жетектеп келген Руслан Акматбек өлкөдөгү орто жана чакан бизнестин учурдагы абалы жана алардын мамлекеттик органдар менен кызматташуусу, ККМ көйгөйү тууралуу пикири менен бөлүштү.

Руслан Акматбек бюджетке төккөн салыгына карабай, мамлекет орто жана чакан ишканаларга жетишээрлик деңгээлде маани бербей келгенин, ошондой эле бул аларга жасаган мамиледен байкалаарын айтат.

– Мамлекеттик органдардын ар бир кийирген демилгеси административдүү түрдө бир жактуу кирет. Ишкерлер менен кеңешип, сүйлөшүп, чечүү жолдору кандай болот, алардын жүгүн кантип жеңилдетсек деген нерсе жок. Силер төлөшүңөр керек, ушул ыкма менен иштейсиңер деген таңуулоо бар.

Аймактарда ККМге каршы чыккан ишкерлерге дароо эле эртеси күнү кысымдар болгонун айтышты. Андай нерсени ишкер кайра көтөрүп чыкпайт да, анткени анын жогото турган нерсеси бар.

Ишкер мамлекеттик орган менен сүйлөшүүгө эмнеге барат? Бийликтегилердин өзүм билемдигинен, ишкерлер өзүнүн укугун коргой албаганынан барышат жана көп учурда сот чечимдери дагы мамлекеттик органдарды колдоп коет.

Жалпылап айтканда, эки негизги проблема бар, биринчиси, мамлекеттик органдардын жеке ишканаларга көрсөткөн кызматынын сапатынын начардыгы, экинчиси, ишкерлердин өзүнүн уюшкандуулугунун, биримдигинин жоктугу. Бул жерде баарын мамлекеттик органдарга гана төңкөрүп коюуга да болбойт.

Соода өнөр-жай палатасы жүргүзгөн изилдөөдө ишкерлердин 17%ы гана ЖИА, СӨП, ЭИК сыяктуу ар кандай ишкердик уюмдарга мүчө экенин көрдүк. Бул ишкерлер өздөрүнүн көйгөйлөрүн системалуу чечкенге аракет жасабайт дегенди билдирет. Эгер ишкерлер бириксе, бийликтен көз каранды болгон көйгөйлөрдү оңой чечип алышмак. Кыргыз ишкерлери ар кандай себептердин айынан бирикпей келет.

Бүгүнкү күндө ишкерлер аябай эле кыйналып жатышат.

Пандемиядан кийин биз бир изилдөө жүргүзгөнбүз, ошондо эң чоң көйгөй – салык төлөмдөрү боюнча карыздар, кредиттик төлөмдөр болгон. Эми андан көп өтпөй эле дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларга байланыштуу, чоң тобокелчиликтер турат. Бирок биз ошого жараша кадам таштабай, чечим чыгарбай жатабыз.

Азыр биз ар бир жумуш оруну үчүн күрөшүшүбүз керек.

Мигранттар кайтып келет, экономика алсырайт деп жатышат эксперттер, биз болсо, ишкерлердин көйгөйлөрүн чечкендин ордуна мүмкүн болушунча бюджетти толтуруу планын коюп алдык.

Бийликтин ар бир демилгеси жаманбы жакшыбы, ачык иштеген ишкерлерге тиет. Көмүскөдө иштеп жаткандар ошол боюнча эле иштеп жатышат, аларга зыян деле болгон жок.

Мамлекет ошону бөлүп караш керек болуп жатат, легалдуу, катталган, салык төлөгөн, жумуш ордун түзүп жаткан ишкерлерге колдоо көрсөтүлүш керек. Бирок бүгүн кимге жеңил, көмүскөдө иштеген, катталбаган, формалдуу эмес экономикада иштеп жаткандарга жеңил болуп жатат.

Бейформалдуу экономикада иштегендердин саны бүгүн 71%ды түзүп жатат, бул үрөй учурган көрсөткүч.

Акыркы жумуш рыногуна изилдөө жүргүзгөнүбүздө, аябай кызык нерсени көрдүк. Бүгүнкү күндө жумуш издегендер да толтура, жумушчу таппагандар да толтура экен. Бирок бири-бирин табышбайт. Жалал-Абад, Кара-Кол сыяктуу чоң эле шаарларда вакансияларды жарыялап, жумушчуларды жумуш берүүчүгө жеткире турган аянтчалар жок экен. Бул нерсени жергиликтүү органдар деле уюштуруп койсо болот да. Орто жана чакан ишкерлердин көйгөйлөрү улуттун күн тартибине кирген эмес. Эң чоң маселе ошол.

Economist.kg: Азыркы кирген Салык кодекси көмүскөдөгү экономиканы канчалык ачыкка алып чыгат деп ойлосуз?

– Азыркы ККМди киргизүүнү колдойбуз, аны киргизүү керек, ачыкка чыгарыш керек. Бирок бул киргизүүнүн ыкмасы туура эмес болуп жатат. Ишкерлерди өнөктөш катары карап, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жок. Азыр мен ишкерлерден угуп жатам, дагы деле жергиликтүү салык органдары менен сүйлөшүү жолу аркылуу маселени чечип жатышыптыр.

Мисалы, тамактануу жайларынын өкүлдөрү нааразычылыгын билдиргенде, аларга эртеси күнү эле барып, текшерүүгө, кысымга алышыптыр. Мындай жол менен маселе кантип чечилет?

Чектөө, жазалоо жолу менен көйгөй чечилбейт.

Ошол эле убакта «Дордой» базарынын ишкерлери каттуу нааразычылык менен чыгып коюшту эле, аларга ККМди колдонууну алып салды. Бул нерсени башка аймактын, тармактын ишкерлери көрбөй калдыбы? Бул деген адилетсиздик да. Бир категориядагы ишкерлерге сен башкача мамиле кыласын, экинчисине башкача. Ал деле сенин жараның, сенин ишкериң да, баарына бирдей мамиле жасаш керек.

Менин жеке пикиримде, салыктык өзгөртүүлөр зарыл, бирок бул учурда кандайдыр бир деңгээлде баш-аламандыкты жаратты.

Орто жана чакан ишкерлер салыкты ачып окушпайт, кээ бирлери түшүнүшпөйт. Ал эми бул нерсени татаалдаштыра баштаганда ишкер башын ооруткусу келбейт дагы, жанагындай сүйлөшүү жолу менен маселени чечкенге аракеттенет.

Бул өзгөрүүлөр ишкерлердин тагдырын жеңилдетиш үчүн эмес, мамлекеттик органдардын ишин жеңилдетиш үчүн болуп калды. Жалпысынан, көмүскөдөн чыгыш керек, канча салык төлөп жатабыз баарын билишибиз керек, линия туура, бирок азыркы колдонулган ыкма, усул туура болбой жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки жол бир тараптуу жабылат

Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки жол бир тараптуу жабылат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфраструктурасын жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери улантылууда. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 22-июлдан тартып иштердин бешинчи этабы башталат. Оңдоп-түзөө убагында Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки тилкеде жолдун бир тарабы жабылат. Унаалардын кыймылы эки багытта тең жүрүү мүмкүнчүлүгүн сактоо

Кыргызстанда 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт

Кыргызстанда 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт

Кыргызстанда 3 800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу жогору аймактарда жашап жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын 2 415и мамлекет тарабынан жер тилкеси берилип, жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, коопсуз аймактан көчө элек. Эң кооптуу көрсөткүч Ош облусунда катталган. Бул аймакта жер көчкү коркунучу бар жерлерде 2 396

Эркечтам өткөрүү пункту жаңыланууда

Эркечтам өткөрүү пункту жаңыланууда

Бажы органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун алкагында 16-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев Эркечтам өткөрүү пунктуна барды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө А.Салиев Эркечтам өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгү, ошондой эле өткөрүү пунктунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана көзөмөлдөн өтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик

Түндүк – Түштүк жолунда тирөөч дубалдары курулууда

Түндүк – Түштүк жолунда тирөөч дубалдары курулууда

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 191– 295-чакырым аралыгында жалпысы 12 тилкеде тирөөч дубалдарды куруу пландалган. “Кыргызавтожол-Түндүк”  ишканасынын маалыматына ылайык, учурда курулуш иштери үч тилкеде активдүү жүргүзүлүүдө.  Алардын ичинен: 1-тилкеде – 240 метр; 2-тилкеде – 60 метр; 3-тилкеде – 100 метр узундуктагы тирөөч дубалдардын курулушу аткарылууда. Азыркы учурда бул