Түштүктөгү ишкерлер эмнеге нааразы? – бийликке жетпеген «үнүн» бизнес-омбудсмен институтуна айтышты

Түштүктөгү ишкерлер эмнеге нааразы? – бийликке жетпеген «үнүн» бизнес-омбудсмен институтуна айтышты

Ишкердик субъекттердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу бизнес-омбудсмен институту май айында атайын түштүк жергесине иш сапар уюштуруп, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын ишкерлери менен бетме-бет жолугуп, алардын көйгөйүн угуп келишкен.

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев Economist.kg басылмасына жогоруда аталган облустардагы ишкерлердин көйгөйлөрүн, арыздарын, бийликке жеткире албаган «үнүн» айтып берди.

 – Түштүк жергесине барып келдиңиздер, ал жактагы ишкерлердин кандай көйгөйлөрү бар экен?

 – Биринчиден, ишкерлер мамлекет тарабынан мыйзамга киргизилип жаткан өзгөрүүлөр жөнүндөгү маалыматтар өз убагында берилбей жатканын айтышты. Борбор дагы, өз алдынча башкаруу органдары дагы маалыматты жеткиришпейт экен.

– Көбүрөөк салык тууралуу маалыматтарбы?

– Салык кодекси, жеңилдетилген насыялар, ККМди (көзөмөл кассалык машина) колдонуу боюнча маалыматтар жетишсиз.

Мындан сырткары, эң көйгөйлүү нерсе – каржылоо маселеси экен. Мамлекет донорлор менен биргеликте берген жеңилдетилген насыяларды ЖМКлардан гана билип калышат экен. Мамлекеттик же жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай маалымат берилбейт.

Ошондой эле насыя алуу үчүн жол-жоболор өтө татаал экен. Бул деле түшүнүктүү, анткени коммерциялык банктардын өзүнчө талаптары бар. Бирок ишкерлер насыялар чакан бизнестерге жеңилдик менен берилсе деген ойлорун билдиришти. Насыялардын пайыздары өтө эле жогору. Мисалы, депозитке акча салсаң, жылына 10-12% гана киреше аласың, бирок ошол эле учурда ошол банктан кредит алчу болсоң, 23%дан жогору болот, башкача айтканда, эки эсе көп.

Ишкерлер Баткен шаарында Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жагынан соода жана тейлөө сектору эч кандай каржыланбай жаткандыгын айтышып, жардам берүүбүздү суранышты. Өзүңүздөр билгендей, Баткен шаарында соодадан башка өндүрүш дээрлик жокко эсе. Жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо болбогонун кеп кылышты.

Дагы бир көйгөйлүү маселе – салык системасы. Жакында эле жаңы Салык кодекси кабыл алынганы менен, жеткиликтүү түрдө маалымат жүргүзүлбөптүр.

Жолугушууларда чакан бизнес жүргүзгөн карапайым калкка ККМ боюнча видеобу, же түшүнүктүү тилде жазылган көрсөтмөлөрбү, айтор, жалпак тилде жазылган, жеткиликтүү маалымат керектигин айтышты. Себеби, алар Салык кодексин ачып окуп отурушпайт, буга убактысы да жок.

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан консультация берилбегендигине нааразы болушту.

«Өзүбүз жаңы Салык кодексинин талаптарын түшүнбөй жатабыз, бирок Салык кызматы келип, түшүндүрбөй эле талаптарын коюп жатышат», – дешти ишкерлер.

Баткен облусунда ККМди тейлеген бир эле борбор бар экен, ал өзгөчө монополия экен. ККМ бузулса, Ошко, Жалал-Абадга барып оңдоого туура келээрин, ага бир топ акча кетээрин айтып, нааразы болушту.

ККМдин альтернативдүү дагы бир жолу бар, ал телефонго жүктөлгөн программа, бирок анда да система жакшы иштебей калат экен. Бийлик шарт түзбөй туруп талап кылгандарына ишкерлер нааразы болушууда.

Ошондой эле Баткен шаарынын өзүнө өзгөчө макам берилбей калган. Ал жакка инвестиция тартабыз десек, биринчи облустун борбор шаарына берилиш керек.

Андан сырткары, ишкерлер жыл сайын салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. Ушул декларация формалары мамлекеттик тилде жазылса деген ойду айтышты. Анткени кээде түшүнбөөчүлүктү жаратат экен.

Ошондой эле тоо кен тармагында ишкерлер үчүн маселелер көп экен. Жалал-Абаддан ушул тармакта иштеген бир жетекчи жергиликтүү калк менен болгон көйгөйлөрдү айтты. Элдер тарабынан жол тосулуп, ашыкча талаптар коюлуп, тоскоолдуктар жаралат дейт.

Жергиликтүү бийликтин бюджетине салыктын эсебинен көбүрөөк акча бөлүнүп, калктын кызыкчылыгын көздөгөн иштер жасалса, айылга, районго инвесторлор тартылганы элге пайда болорун эл да түшүнөт эле.

Баткенде мамлекеттик лицензия берчү бөлүмдөрү жок болгондуктан, Бишкекке келүүгө аргасыз болушат, жол алыс. Муну да ойлонушубуз керек. Мындай көйгөйлөргө борбордук бийликтен жеткиликтүү көңүл бурулбай жаткандыгына нааразы болушту.

Азыр эл аралык кризистен улам мигранттар кайтып жатышат, аларга шарт түзүү зарыл. Кээ бир жарандар акчасын топтоп, инвестиция салам деп келишет. Бирок бизде, тилекке каршы, бизнес чөйрө курганга шарт жакшы эмес.

– Сиздер барган 3 облустун ишкерлеринин көйгөйлөрүндө айырмачылыктар барбы?

– Бүт облуска тиешелүү жалпы маселелер бар. Бирок, көбүнчө Баткенге токтолгонумдун себеби, башка аймакка караганда көйгөй көп. Тажикстан менен чектешкендигин, борбордон алыс жайгашкандыгын эске алып, өзгөчө макамдын алкагындабы, же кандайдыр бир иш-чаралар мененби, айтор, көбүрөөк көңүл буруп, мүмкүнчүлүктөрдү ачуу зарыл.

Баткенде биз соода, тейлөө кызматтары, агро сектордогу ишкерлер менен жолуктук. Башка бизнес деле жок экен. Бир аз кол өнөрчүлөр бар, алар патент менен иштешет экен.

Облустар ортосунда айырмачылыктар бар. Ошто курулуш тармагы өнүгүп жатыптыр, Баткенде андай эмес. Жалал-Абадда көйгөйлөр башка жактагыдай эле ККМ боюнча, ал эми өзгөчө, баса белгилей турган көйгөйлүү маселелерди уккан жокпуз.

 – Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун түштүктө бул жактагыдай иш жүргүзбөгөндүгү географиялык жактан алыстыгыбы же насыя төлөө мүмкүнчүлүгү азыраак болгондугунанбы?

– Андай коркунучтар да болуп жаткандыр. Банктын дагы талаптары татаалыраак. Фонд көбүнчө агро, өндүрүш, кайра иштетүүгө берет. Баткендиктер соода тармагына да беришсе деп суранып жатышат.
Анан банк тараптан күрөө деген талаптар бар. Баткендеги ишкерлерде күрөө үчүн коюлуучу нерселер жеткиликтүү эмес.

Бизде ишкерлерге жардам катары Кепилдик фонд түзүлгөн. Бирок маалымат толук жетпей жатат. Жакын арада кепилдик фондунун жетекчилери менен жолугуп, өзүбүздүн сунуштарыбызды беребиз.

Биздин бир байкаганыбыз, ишкерлердин «сиздер борбордон келип, чаң-тополоң салып кетип каласыздар, биз бул жерде калабыз» деген сыяктуу жергиликтүү бийликтен чочулоосу бар экен. Ошондуктан бизнес-омбудсмен институтуна сыр сактоо максатында анонимдүү түрдө кайрылышса болорун түшүндүрдүк.

– Жогоруда аталган көйгөйлөр менен бийликке кайрыласыздарбы?

– Сөзсүз кайрылабыз, айрыкча Баткен облусу боюнча. Мигранттар жөнөткөн акчага салынган үйлөр гана жакшырбаса, башка эч кандай алгылыктуу нерсе жок. Сугат жерлер аз. Агро секторду жакшыртуу керек.

Ушундай көйгөйлөрдү эске алып, анализ жасап, терең изилдеп 3 айдын ичинде аналитикалык документ чыгаралы деп жатабыз. Документти президенттин администрациясына, мамлекеттик органдарга, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттерине жөнөтөбүз.

Мындан тышкары окуңуз

Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки жол бир тараптуу жабылат

Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки жол бир тараптуу жабылат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфраструктурасын жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери улантылууда. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 22-июлдан тартып иштердин бешинчи этабы башталат. Оңдоп-түзөө убагында Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки тилкеде жолдун бир тарабы жабылат. Унаалардын кыймылы эки багытта тең жүрүү мүмкүнчүлүгүн сактоо

Кыргызстанда 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт

Кыргызстанда 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт

Кыргызстанда 3 800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу жогору аймактарда жашап жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын 2 415и мамлекет тарабынан жер тилкеси берилип, жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, коопсуз аймактан көчө элек. Эң кооптуу көрсөткүч Ош облусунда катталган. Бул аймакта жер көчкү коркунучу бар жерлерде 2 396

Эркечтам өткөрүү пункту жаңыланууда

Эркечтам өткөрүү пункту жаңыланууда

Бажы органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун алкагында 16-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев Эркечтам өткөрүү пунктуна барды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө А.Салиев Эркечтам өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгү, ошондой эле өткөрүү пунктунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана көзөмөлдөн өтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик

Түндүк – Түштүк жолунда тирөөч дубалдары курулууда

Түндүк – Түштүк жолунда тирөөч дубалдары курулууда

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 191– 295-чакырым аралыгында жалпысы 12 тилкеде тирөөч дубалдарды куруу пландалган. “Кыргызавтожол-Түндүк”  ишканасынын маалыматына ылайык, учурда курулуш иштери үч тилкеде активдүү жүргүзүлүүдө.  Алардын ичинен: 1-тилкеде – 240 метр; 2-тилкеде – 60 метр; 3-тилкеде – 100 метр узундуктагы тирөөч дубалдардын курулушу аткарылууда. Азыркы учурда бул