КР бизнес үчүн ыңгайсыз шарттарды жана жакырчылыкты канткенде жеңет — Дүйнөлүк банктын эксперттеринин пикири

КР бизнес үчүн ыңгайсыз шарттарды жана жакырчылыкты канткенде жеңет — Дүйнөлүк банктын эксперттеринин пикири

Кыргызстандын өкмөтү Дүйнөлүк банк тобу менен өткөргөн Бишкек экономикалык форумунда жакырчылыктын өсүшү, бизнес-чөйрөнүн начардыгы жана калктын миграциясынын көйгөйлөрүн талкуулашты.

Economist.kg мамлекеттик кызматкерлер жана эксперттер талкуулаган негизги темаларды тизмектеди.

Пандемиянын кесепеттери жана Украинадагы согуштун фонунда азык-түлүк бааларынын өсүшү жакырчылыкты күчөтүүдө

Дүйнөлүк банктын жакырчылык жана теңдик боюнча глобалдык практикасынын жетекчиси Салман Зайиди баяндамасында акыркы беш жылда Кыргызстандын калкынын 42.6% жакырчылыкка кириптер болгонун белгиледи. Коронавирустук пандемия жакырчылыкты күчөткөнүн, натыйжада жумушсуздук, кызматкерлердин олуттуу алмашуусу жана мурда бул катмарга кирбеген адамдарда жакырчылыкка кабылуу коркунучу жогорулаганын айтты.

Мындан тышкары, учурдагы орус-украин согушуна байланыштуу тобокелчиликтер пайда болду. Зайидинин айтканына караганда, азык-түлүк баасынын 10%га кымбатташы жакырчылыкты 8%га жогорулатат.

Эксперт азыркы учурда социалдык жардам жана социалдык коргоо программаларынын маанилүүлүгүн, келечекте жакырчылыкты азайтуу үчүн жакшы жумуш орундарын түзүү жана билим берүүгө инвестиция салуу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле ал мамлекет инфляцияны турукташтыруу саясатын жүргүзүшү керек деген пикирде болгонун кошумчалады.

Жагымсыз бизнес чөйрөсү жана алсыз мамлекеттик башкаруу

Дүйнөлүк банктын макроэкономика, соода жана инвестиция боюнча глобалдык жетекчиси Антонио Нукифора 2019-жылга чейин экономикалык өсүш туруктуу болгонун, натыйжада, бул мезгилдерде жакырчылыктын олуттуу кыскаргандыгын белгиледи. Бирок, өсүш физикалык капиталдын жана акча которуулардын топтолушу менен шартталган, ал эми эмгектин жана көндүмдөрдүн, ошондой эле өндүрүштүн салымы өтө төмөн болгон.

Нукифоранын айтымында, Кыргызстанда бизнес жана соода үчүн шарттар ыңгайсыз жана мамлекеттик сектордогу башкаруу начар. Мындан тышкары, климатка байланыштуу тобокелдиктер – суу ташкындарынын, жер көчкүлөрдүн жана өрттүн жогорку коркунучу – туруктуулук үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратат.

Өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн арасында ал төмөнкүлөрдү атады:

  • дүйнөлүк экономикага интеграцияны күчөтүү
  • өлкөнүн негизги ири базарларга жакындыгы
  • глобалдык масштабдагы виртуалдык рынокторго кирүү
  • айыл чарба, агробизнес, кен байлыктар, гидроэнергетика, туризм жана жаштардын потенциалын пайдалануу.

Дүйнөлүк банктын финансы, атаандаштык жана инновация боюнча глобалдык практикасынын жетекчиси Илиас Скамнелос өз кезегинде Кыргызстандагы төмөнкүдөй тоскоолдуктарды чечүү керек деп эсептейт:

  • банкрот болгон компаниялар аз болушу үчүн бизнес чөйрөсүнө чектөөлөр
  • инновацияларга чектөөлөр
  • каржылоо боюнча чектөөлөр — фирмалар үчүн кредиттик чендерди төмөндөтүү
  • санариптик «жашыл мүмкүнчүлүктөрдү» колдонуу — гидро жана күн энергиясына инвестиция салуу.

Жакырчылык = миграция?

Мындан тышкары Япониянын Кыргызстандагы элчиси Шигеки Маэда миграция маселесин көтөрдү. Ал белгилегендей, жакырчылык жарандарды өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлайт.

КРнын Өкмөтү, анын пикиринде, иш менен камсыз кылууну жогорулатуу үчүн түз чет элдик инвестицияларды тартуу менен алектениши керек. Маэда Монголиянын мисалында Кыргызстандын ичинде иштөө үчүн чет элдик компанияларды кантип тартууга болорун айтып, бир канча багыттарды сунуштады:

  • экспортко багытталган продукцияны өнүктүрүү
  • максаттуу тармактарга инвестицияларды тартуу
  • инвестиция үчүн жагымдуу аймактарды аныктоо жана илгерилетүү
  • маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) өнүктүрүү жана МКТ боюнча инженерлерди даярдоо.

Элчи Кыргызстанда адамдар көбүрөөк боорукер экендигин белгилеп, бул инвестиция үчүн жагымдуу фактор катары да колдонулушу мүмкүн деген пикирин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media
Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып айрым категориядагы жарандардын пенсияларын жогорулатуу жана кошумча төлөмдөрдү белгилөө каралууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун бүгүн Социалдык фонд коомдук талкууга алып чыкты. Долбоорго ылайык, төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда: * 12 300 сом — мөөнөттүү аскердик кызматтагы жоокерлердин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмү; * 5 000 сом — “Баатыр эне” же “Мать-

Ишкер Media
Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткен облусунда чек арага чектеш 27 айылда суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү кабарлады. Маалыматка караганда, облус жетекчисинин орун басары Абдирашит Ташбалтаев "Мерсико" жана PATRIP уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, сугат жана ичүүчү суу системаларын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Долбоор Германия Өкмөтүнүн PATRIP фонду аркылуу каржыланган

Ишкер Media
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, Жапыекеев бүгү 28-октябрда президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-ноябрында саат 24:00дө аяктайт. Борбордук

Ишкер Media