Америкадагы жүк ташуучулар жана кыргызстандык диспетчерлер — Бишкектен отуруп АКШда кантип иштесе болот

Америкадагы жүк ташуучулар жана кыргызстандык диспетчерлер — Бишкектен отуруп АКШда кантип иштесе болот

Жыл сайын миңдеген кыргызстандыктар жумуш издеп мекенин таштап кетишет. Көпчүлүгү Батыш өлкөлөрүнө, өзгөчө АКШга барууну каалашат. Бул өлкө өзүнүн өнүккөн жүк ташуу индустриясы менен айырмаланат, анын жылдык жүгүртүүсү дээрлик 800 млрд долларды түзөт.

Социалдык тармактарда жүк ташуучу унаанын айдоочусу (тракист) болуп иштеген кыргызстандыктарды көрүүгө болот, бирок бул жаатта диспетчерлер да чоң жумуш аткарышат.

Кыргызстандан кетпей эле, бул сферада кантип иштесе болорун Economist.kg-ге «Кыргыз-америкалык логистикалык кызматты өнүктүрүү ассоциациясынын» (KAADLS) жетекчиси Бабур Шералиев айтып берди.

Мунун баары кандайча уюштурулган?

Кыргызстандын компаниялары диспетчердик коштоо жаатында Америка рыногуна 2015-жылы чыга баштаган. 2019-жылы бул сфера дүр өсүп, азыр Кыргызстанда 1 миңдей адам диспетчер болуп иштейт. Иштегендердин саны 10 адамга чейин чакан ишканалар бар. Орто өлчөмдөгү ишканаларда 30га чейин диспетчер иштейт, ал эми андан көп кызматкер иштеген фирмалар ири компаниялар деп эсептелинет.

Диспетчерлер эмне жумуш аткарышат? АКШда Amazon, Walmart, UPS, FEDEX сыяктуу ири сатуучулар бар, алар товарларын ар кайсы пункттарга дайыма жөнөтүп турушу керек. Алар брокерлерге тапшырык беришет, ал эми брокерлер бул заказдарды диспетчерлерге сатышат.

Акырында диспетчер жүк ташуучу унаанын айдоочусуна буюртма берип, анын жеткирилишин башынан аягына чейин көзөмөлдөйт. АКШда диспетчерлер 4-7% комиссия алса, Кыргызстанда 2-3% алат, бул атаандаштыкты жана заказдардын көлөмүн жогорулатат.

Негизи Кыргызстанда отурган диспетчер АКШдагы адис аткарган иштердин дээрлик 90%ын алыстан эле аткара алат.

Талапкерлерге кандай талаптар коюлат?

Диспетчер болуп иштөө үчүн үч айлык окуудан өтүш керек. Англис тилин сөзсүз түрдө билүү керек. Бул тармакта кошумча 50 керектүү сөздөр бар, алгач ошолорду билүү жетиштүү. (Андан ары, курсту аяктагандан кийин, стажировка өтүү керек.) Мындан тышкары, адис брокерлер жана транспорт полициясы менен кантип сүйлөшкөндү үйрөнүшү керек. Көбүнчө диспетчер болуп жаштар орношот.

Кыргызстанда тажрыйбасы бар диспетчерлер орточо эсеп менен 1.3 миң доллар алышат, АКШда бул жумушка 3-4 миң доллар төлөнөт. Бирок, биздин адистерге бир учурда 5 гана унааны тейлеши керек (тейлесе болот), ал эми Кошмо штаттарда — орточо эсеп менен 10 унааны. Географияга байланыштуу бул компанияларда жумуш көбүнчө түнкү сменада жүрөт. KAADLS белгилегендей, жумуш саат 18.00дө башталып, түнкү 02.00гө чейин уланат. Бирок кызматкерлери 12 саатка чейин иштеген ишканалар бар.

Бир заказдан компаниялар 40%га жакынын, ал эми диспетчер 60% каражат алат. Ассоциация келерки беш жылда диспетчерлердин санын 2.5 миң адамга жеткирүүнү каалайт. Демек, Кыргызстанга келген акча каражатынын агымы көбөйөт. Болжолдуу эсеп боюнча, бир диспетчердин жылдык кирешеси 18 миң долларды түзөт. Ал эми 2.5 миң адамдын айлыгы 45 млн долларга жетет, бул компаниялардын өздөрүнүн кирешесин эсепке албаганда. Бул жерде KAADLS миссияларынын бири аткарылмакчы — жаңы рынокторго чыгуу үчүн аутсорсингдик компанияларды бириктирүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

KAADLS рыноктун катышуучулары ачык иштесе, салыктык түшүүлөр жана социалдык төлөмдөр көбөйөт деп ишенет. Рыноктун өнүгүшү бүтүндөй өлкөнүн экономикасына мультипликативдик таасирин тийгизет.

Диспетчердик компаниялардын көбү Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан. KAADLS ассоциациясынын негизги миссияларынын бири — Кыргызстандын аймактарында жаңы жумуш орундарын жаратуу.
«Жогорку технологиялар паркы (ПВТ) бизге чоң жардам берип жатат. Алардын резиденти болуу үчүн кирешенин 80% сырттан келиши керек, а бизде болсо — 100%. Ошондуктан, биз салыктык жеңилдиктерге ылайык келебиз», — деди Бабур Шералиев.

Логистикалык компаниялар мыйзамдуу иштейби?

Кыргызстандык компаниялар мыйзамдын негизинде иштешет жана АКШнын бардык эрежелерине баш ийишет. Мисалы, компаниялар эсеп-фактураны беришет, ал эми чакан фирмаларга жөн эле акча которулат. Бардык процесстер мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлгөн.

Маектешкендердин айтымында, кыргызстандыктардын бул тармакта өз ордун ээлөө мүмкүнчүлүгү аябай жогору. Эгерде Борбор Азия өлкөлөрүн салыштырсак, Өзбекстан бул рынокко биринчилерден болуп киргендиктен 1-орунда турат. Кыргызстан 2-орунда, бирок азыртадан эле өз үлүшүн өстүрүп келе жатат.

АКШда логистикалык сектордун өсүшү Кыргызстандын жарандары үчүн Кыргызстандан кетпей туруп, чет өлкөдөн жумуш табууга эң сонун мүмкүнчүлүк берип жатат. Батыштын кайсы бир өлкөсүндө иштеген мигрант айына 1.5 миң долларга чейин чогултса, ошол эле акчаны үйдөн тапса болот.
  • «Кыргыз-америкалык логистикалык кызматты өнүктүрүү ассоциациясынын» жаңылыктарын анын Facebook-баракчасынан окусаңыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

ЖК салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам долбоорлору бириктирилип, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынды. Бул боюнча Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев маалымат берди. Анын айтымында мыйзам долбоорлору жеке жактардын салыктык жүгүн азайтууга, салык төлөгөндөн кийин алардын карамагында кала

Ишкер Media
"Эко Оператор" ишканасы 9 айда утилдештирүү жыйымынан 342 млн сом чогултту

"Эко Оператор" ишканасы 9 айда утилдештирүү жыйымынан 342 млн сом чогултту

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 9 айында утилдештирүү жыйымынан 342 млн 417,2 миң сом чогултту. Министрликтен маалымдалгандай, 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттын көлөмү 214 млн 411,3 миң сомго көбөйгөн. Төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, төлөмдөрдүн

Ишкер Media
Жогорку Кеңеште пахтанын арзандыгы жана аны экспорттоо көйгөйү көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште пахтанын арзандыгы жана аны экспорттоо көйгөйү көтөрүлдү

Кыргызстанда пахтанын баасы өздүк наркынан да төмөн болуп, дыйкандар аны экспорттоодо кыйынчылыктарга туш болууда. Бул маселени бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев көтөрүп чыкты. Ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы пахта өстүргөн дыйкандардын көйгөйүнө токтолуп, пахтанын сатуу баасы аны өндүрүүгө кеткен чыгымдан да төмөн болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында

Ишкер Media
Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Ош облусунун Гүлчө шаарындагы Алымбек датка көчөсүндө жол оңдоо иштеринин 75 % аяктады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 3,7 чакырымды түзгөн жолдун 2,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары, ал эми 750 метрине экинчи катмары төшөлдү. Калган 2 чакырымга асфальт төшөө иштери жакынкы 2-3 күндө

Ишкер Media