Нарындын даамдуу пельмени бишкектик кардарлардын колдоосуна муктаж

Нарындын даамдуу пельмени бишкектик кардарлардын колдоосуна муктаж

Ат-Башылык үй-бүлө төрт жылдан бери чүчпара жасап сатышат. Колго түйүлүп, жаңы союлган таза малдын этинен жасалган алардын азыгы, чоң аппараттарда жасалган чүчпарадан даамдуу келет. Бирок учурда өндүрүштү кеңейтүү үчүн нарындык чүчпара Бишкектин дүкөндөрүнө чыгууга муктаж, анткени калк көп жерде, суроо-талап да көп.

Кыргызстандын аймактарындагы чакан ишкерлер тууралуу жазып, аларды колдоп келген Economist.kg бул жолу Ат-Башыдагы чүчпара түйгөн Чолпон Мусаеванын ишмердигине кызыкты.

Жолдошунун сунушу менен баштаган Мусаева учурда жеке ишкер катары катталып, иш баштаганын айтат.

«Үй кожойкеси элем, бир күнү жолдошум «чүчпара жасап, оокат кылалы» деп калды. Ал интернеттен казакстандык эки кыздын чүчпара жасап, ийгиликтүү бизнес кылып кеткен ишмердигин көргөн экен. Негизи өзүбүз базарга чыгып, мал алып сатып иштечү элек. Кийин бир тоңдургуч алып, эки аялды жумушка чакырып, иш баштап калдым. Учурда 5 адам иштейт», — дейт ал.

Продукциясын Ат-Башынын эле дүкөндөрүнө өткөргөн Мусаева ал жерде калктын саны аз болгондуктан, суроо талап да белгилүү эле бир өлчөмдө экенин айтат.

«Күнүгө беш кг эттен чыгарабыз. Башында баарын колго жасачубуз, камырды колго жууруп, этти колго кесчүбүз. Кийин кичине эт майдалагыч, камыр жууругуч аппарат алып, ишибизди бираз жеңилдеттик, бирок бул да кичинелик кылып жатат. Дагы бир морозильник коштук, ошентип кичинеден өнүгүп келе жатабыз.

Бир күндө 30-40 кг түйөбүз. 3-4 күн катар иштеп, эгер дүкөндөрдө бар болсо, анда күтүп турабыз. Өтүшүнө жараша иштейбиз», — деген ал колунда иштеген аялдарга күнүнө 300 сомдон төлөп берип жатканын айтат.

«450 граммдык бир пакеттен 10 сомдон пайда түшөт, бир пакетин 130 сомдон өткөрөбүз. Жумушту баштаганда 6% менен чүчпара чыгарууга деп кредит алгам, аны да төлөйм. Ат-Башыдан чыга албай жатабыз, канча түйсөк деле, Ат-Башыда белгилүү эле санда калк бар да, ошондуктан калктын саны көп жака чыгарыш керек экен», — дейт ишкер айым.

Ошондой эле учурда Ат-Башыдан Бишкекке таксидеги 1 кишинин орду 700 сом экен.

«Бишкекке кээде тааныштарыбызга таксиден пенопластка салып туруп жөнөтөбүз. Жеп көргөндөр кайра чалышып, «Фрунзе», «Глобус» сыяктуу ири түйүндөргө бергиле, алып туралы деп жатышат», — деген Чолпон Мусаеванын жолдошу жакынкы 2-3 ай Бишкекке жөнөтүп турарын, эгер бишкектик кардарларга жагып, суроо талап көбөйсө, анда анын артынан өндүрүштү да чоңойторун белгилейт.
«Эгер жылыш болбосо, анда Ат-Башынын элине эле жасай беребиз. Бишкектен суроо-талап болсо, көбүрөөк чыгарып баштамакпыз. Ат-башыда 6 ай суук, көмүр 5 миң сом. Тиричилик жасаш керек», — дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Корумду – Балбай Баатыр жолуна асфальт төшөлдү

Корумду – Балбай Баатыр жолуна асфальт төшөлдү

Ысык-Көл айланма автожолунун 104 – 184, 5-чакырымындагы Корумду – Балбай баатыр тилкесин оңдоо  иштери тынымсыз уланууда.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, бүгүнкү күндө жалпы 79,2 чакырым төмөнкү катмардагы асфальт төшөлүп бүттү. Ошондой эле 71,6 чакырым аралыкка асфальттын үстүңкү катмары төшөлдү.  Мындан тышкары, 14 көпүрөнүн жана

Мамлекеттик маанилүү иш-чараларга байланыштуу дрон учурууга чектөө киргизилет

Мамлекеттик маанилүү иш-чараларга байланыштуу дрон учурууга чектөө киргизилет

Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарында учкучсуз учуучу аппараттарды жана чакан авиацияны пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилет. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, бул чектөө Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын консультативдик жолугушуусуна, ошондой эле F1H2O суу-мотор спорту боюнча

Кыргызстанда орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 51 миң 888 сомду түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25%га өстү. Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу эмгек акы 13,1%га жогорулады. Статистика комитетинин маалыматына

Кумтөр кенинен мамлекетке  1,2 млрд доллар каражат түштү

Кумтөр кенинен мамлекетке  1,2 млрд доллар каражат түштү

Кумтөр кени мамлекеттик башкарууга өткөн 4,5 жыл ичинде өлкө бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн 216 миң доллар которулду. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын отчёттук маалыматында айтылат. Бул көрсөткүч 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейинки мезгилди камтыйт. Аталган мезгил