Кыргызстандын bean to bar "Aлa-Too" шоколады инвестор издейт — негиздөөчүсү Бекболот Шапиев менен маек

Кыргызстандын bean to bar  "Aлa-Too" шоколады инвестор  издейт — негиздөөчүсү Бекболот Шапиев менен маек

Өндүрүш чынжырчасын колго алып, Кыргызстанда какао буурчагынан шоколад чыгарып жаткан ишкер Бекболот Шапиев ИШКЕР MEDIA менен маектешип, өзүнүн шоколад бизнеси жана учурда суроо-талап көбөйүп, өндүрүш кубаттуулукту талап кылып жатканын, андыктан инвестор издеп жатканын баяндап берди. Анын айтымында, донорлордон каржылоо алуу үчүн банктарга күрөө коюу керектигин, бул жаш ишкерлер үчүн эң башкы көйгөй экенин белгиледи.

— Билимиңиз, шоколад бизнесине кантип келип калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

— Мен Тоңдо төрөлгөм, Медакадемиядагы бюджеттеги окуумду аяктап, интернатураны бүтүргөндөн кийин дарыгер катары Чолпон-Атадагы экинчи резиденцияда, кийинчерээк Караколдо дарыгер болуп иштедим. Шоколад боюнча долбоор эки жыл бышты. Бир тууган иним Москвада ушул тармакта төрт жыл иштеп, сертификат алып, мастер болуп келди. Биринчи жылы долбоор жазып, өзүбүздүн күчүбүз менен 600 миң сом салдык. Жабдууларды алып, бир куюп туруп, Бөкөнбаевдин базарына алып чыксак, бат эле түгөнүп калды. Кубаттуулугубуз жетпей жатканын түшүнүп инвестор издеп жүрдүк, андан соң өндүрүштү Бишкекке көчүрүп келдик. Жаңы багыт болгондуктан уруксат документтерине эле үч ай чуркадык. ЕАЭБдин техрегламентине ылайыктуу тамак-аш өндүрүү 021 жана маркировкалоо 022 документине чуркап, сертификациядан өттүк. Ал сертификат менен жети мамлекетке чыгарууга азыр укуктуубуз.

— Канча адам иштейт шоколад цехте?

— Азыр иним, карындашым, мен болуп үч адам иштейбиз. Кээде кошумча жардамчылар келет, бирок аларга маяна төлөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Кайдыгер карабаган тууган байкем каржылык колдоо көрсөтүп, үч киллограмдык жабдуунун ордуна 10 кг жабдуу алып берди. Бул меланжер кыргыз жаргылчагына окшоп, шоколадды майдалап берет.

— Шоколад жасоо процессин айтып берсеңиз.

— Bean to bar — бул Кыргызстанда алгачкы жолу колдонулган технология, бул какао буурчагынан плитка шоколад жасаганга чейинки бүт процессти өзүнө камтыйт.  Россияга келгенине да он жылга жете элек. Какао буурчагы биринчи жолу чыккан өлкөдө кайрадан иштетилет, андан кийинкиси толугу менен бизде жасалат.

Чийки зат тууралуу айта турган болсок, акыркы камыш шекери Индонезиядан, Малайзиядан келди. Какао порошогу эмес, какао майынын негизинде шоколад жасалат. Бизде кээ бир өндүрүшчүлөр даяр шоколадды Бельгиядан же Россиядан алып келип, эритип туруп эле куюп, сыртын башка жасап, сата беришет. Ал эми биз какао буурчагынан баштап бүт баарын өзүбүз жасайбыз. Биздин колдонгон технология кол менен жасаган темперлөөгө (ред. шоколадды керектүү иштөө температурасына жеткирүү жана ошол эле учурда какао майынын кристаллдык түзүлүшүн сактоо) жакын. Темперлөө машинасы азырынча бизде жок болгондуктан, ээриген шоколадды мрамор таштын үстүндө жасайбыз.

Чийки затты тандоодо халалдыгын, нукуралуулугун текшеребиз. "Бизде какао өспөйт да, бул кантип Кыргызстандыкы болсун" дегендер бар, чийки затты четтен алып келгенибиз менен сүт, суу, аба биздики болуп жатпайбы.

— Какао майын жана башка азыктарды кошуп кайнатасыздарбы?

— Жок, аралаштырабыз. Жанагы меланжер керектүү температурага чейин көтөрөт. Биз аны карап турушубуз керек. 50 градустан өтүп кете турган болсо пайдалуу сапатын жоготуп, шоколадды күйгүзүп салат. 3 сутка бою майдалайт, 3 күн тургандан кийин аны төгүп, калыптарына келтирип, фольга менен ороп, сырттайбыз.

Бизге азыр 3 млн сом каражат жетпей жатат, андыктан инвестор издеп жатабыз. Меланжерибиз 10 кг, андан 200 плитка шоколад чыгат. Биздин бир жумадагы максималдуу кубаттуулугубуз 400 плитка же 20 кг шоколад чыгат. Бул аз. Азыр жарнама да бербей калдык, себеби түштүктөгү, башка облустардагы туугандар уруша башташты "жарнамалайсыңар, бирок бизде жок" деп. Бишкек боюнча 4 эле дүкөндө бар жана инстаграм аркылуу сатабыз.

— "Глобус" сыяктуу ири дүкөндөргө чыкпайсыздарбы?

— Ал жака биздин кубаттуулугубуз жетпейт, алар көп көлөмдө сурашат. Суроо-талап көп, башка облустагылар да бизге акчаларын которушат, биз салып жиберебиз.

Долбоорду жазгандан кийин башында Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна барсам, "бул кыргыз шоколадды кантип чыгарат" дегендей күмөн санап эле сынактан кулатып коюшту. Кийин биз жасап, комиссияга тартуулагандан кийин 500 миң сом колдоо көрсөтүштү жана быйыл дагы 500 миң сом бөлүп беришти. Бирок бул сумма жабдууларга баары бир жетпейт эле, биздин долбоордо кондитердик выпечка да бар болчу, бул сумманы ошол жака жумшадык, жакында булочкаларыбыз дагы чыгат. Азыр бир технолог менен 3 түр печеньенин рецептин иштеп чыктык, аларга шоколаддын майда бөлүкчөлөрү кошулат.

Биздин продукцияны алып жеген киши кайра сурайт. Шоколадды сүйүп жегендер бар экен, ак шоколадыбызда какаонун үлүшү 33%, сүттүү шолколадыбызда 43% жана кара шоколадда 60%. Биздин шоколаддын өзгөчөлүгү — тазалыгында, классикалык даамында.

— Бир шоколадыңыз канча турат?

— Бир плитка шоколад 80 сом турат. Эко таңгакта, Европадагы талаптардагыдай чыгат.

Чоң көлөмдөргө чыкканга даярбыз, бирок шаймандар эле жетишпей турат. Ушул жерден айта кетейин, инвестор менен иштешүүгө даярбыз жана учурда активдүү издеп жатабыз. Эгерде шаймандарды ала турган болсок, күнүнө 100 килограммга чейин чыгарууга даярбыз.

"Кыргызстан" деп атасак деле болмок, бирок "Казакстан" деген шоколаддай сырты жерде калып, желегибиз тебеленип калабы дедик. Ошондуктан бизнес устатыбыз менен кеңешип, тоонун үстүндө жүрбөйбүзбү деп "Ала-Тоо" деп чыгарганбыз. Сатуу жагынан проблема жок, бираз жарнамаласак эле кетчүдөй. Кыргызстандын тармактуу дүкөндөрүнө чыгып алсак, ички рынокту алабыз. Ошондой эле азыр Москвадагы кыргыз дүкөндөрүнө жөнөтүп жүрөбүз, жакшы сатылат.

Өндүрүштү Бишкекке көчүрүп келгенде чыгашалар да көбөйдүбү?

— Албетте, чыгашалар чоң, ижарада турабыз, кээде аны жабууга чуркап калабыз, ошол эле кезде борбордо мүмкүнчүлүктөр да көп.

— Каржылоо алууда кандай кыйынчылыктар болуп жатат?

— Азыр каржылоо издеп жатам. Каржылоо берген Дүйнөлүк банк сыяктуу донорлор финансы бере турган банктардын кредиттик саясатына аралаша албайт экен.

Көп банктар күрөөгө турак-жай талап кылып жатышат. А мен болсо азыркы жана алып келе турган жабдууларды күрөөгө коюуну сунуштап жатам, бирок азырынча жооп болгон жок. Мисалы, "Бакай банк" күрөөгө турак-жай сурап жатат, биз эми үй алууга жете элекпиз да, болгон акчабызды эле өндүрүшкө салып жатпайбызбы.

Азыр башка банктарга барып жатам. Бул чоң көйгөй, бизнес баштагысы келген жаштар ушул күрөө маселесине келип эле такалып калышат. Мамлекет өндүрүш менен алектенген жаш ишкерлерге 3 млн сомдон 10 млн сомго чейин кредит алууда кепилдик берип, аралашып берсе кичи жана орто бизнеске чоң жардам болмок.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16

Кыргызстан менен Кытай билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Кытайдын "Tang Chinese Education and Technology" компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Меморандум Кыргызстанда "Tang International Education" программаларын ишке ашырууга,