Жалал-Абадда жолдорду кеңейтүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абадда жолдорду кеңейтүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусундагы Кара-Дарыя – Нефти – Пром – Үч-Мазар – Дөш унаа жолун кеңейтүү иштери дээрлик аяктап, учурда шагыл төшөө жумуштары жасалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурда бул жолдун туурасы болгону 7 метр болуп, тар жана асфальтталбаган жол болгон. Азыр ал 10-12 метрге чейин кеңейтилип, заманбап талаптарга ылайыкталып курулууда. 

Жалпысынан 7,25 чакырым аралыкка алгачкы жолу толук асфальт төшөлөт. Учурда министрликтин атайын техникалары тартылып, бардык иштер ырааты менен өз убагында аткарылууда. 

Долбоор толугу менен ишке ашкандан кийин айылдардын ортосундагы транспорттук каттам жакшырып, калктын жашоо шарты кыйла жеңилдейт. 

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда