Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Документ 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Жаңы редакциядагы мыйзам жарандардын эмгек ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө өмүрүн жана саламаттыгын коргоого болгон конституциялык укуктарын камсыздоого багытталган. Ошондой эле кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн эмгекти коргоо жаатындагы өз ара мамилелеринин укуктук негиздерин аныктайт.
Мыйзам коопсуз эмгек шарттарын түзүү, өндүрүштө кызматкерлердин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо боюнча талаптарды күчөтүүнү көздөйт.
Документте мурдагы Эмгек кодексинде каралган, бирок жаңы редакциядагы Эмгек кодексинен алынып салынган эмгекти коргоого байланыштуу бир катар ченемдер камтылган.
Мындан тышкары, мыйзам эмгекти коргоо стандарттарынын аткарылышын көзөмөлдөөнүн укуктук негизин бекемдеп, жумуш берүүчүлөрдүн эмгек шарттары үчүн жоопкерчилигин жогорулатууга шарт түзөт.