"Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен төрт документке кол койду

"Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен төрт документке кол койду

XXIX Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргызстандын делегациясы бир катар иш-чараларга катышып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган жаңы келишимдерди түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча төрт документке кол койду.

4-июнда Санкт-Петербург соода-өнөр жай палатасы менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, экспортко багытталган ишканаларды колдоо жана ишкердик байланыштарды чыңдоо боюнча кызматташуу меморандуму түзүлдү.

5-июнда Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигине караштуу Бүткүл россиялык тышкы соода академиясы менен тышкы соода жана экспорт тармагындагы адистерди даярдоо, ошондой эле билим берүү жана илимий долбоорлорду өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлду.

6-июнда "Улуттук конгресс-бюро" ассоциациясы менен конгресс-көргөзмө ишмердүүлүгү, ишкердик жана окуялык туризм тармактарында кызматташуу тууралуу меморандум түзүлдү.

Ошол эле күнү Россиянын фешен-индустриясынын катышуучуларынын ассоциациясы (РАФИ) менен жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча келишимге кол коюлду.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул документтер Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media