Кыргызстан менен Кипр кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашууга кол коюшту

Кыргызстан менен Кипр кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашууга кол коюшту

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кипр кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосунда киреше салыктарына карата кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Документтин негизги максаты — эки өлкөдө иш алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине кош салык салууну жоюу жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, мындай макулдашуулар түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири болуп эсептелет. Ошондой эле документ эки мамлекеттин резиденттерин дискриминациялык салык салуудан коргоого, салыктан качуунун алдын алууга жана компетенттүү органдардын ортосунда маалымат алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.

Тараптар бул макулдашуу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана инвестициялык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media