"Шоро", "Газпром", "Эйр Астана" компанияларына батончиктерди жасаган, Өзгөн күрүчүн Америкага экспорттогон "төрт дос"

"Шоро", "Газпром", "Эйр Астана" компанияларына батончиктерди жасаган, Өзгөн күрүчүн Америкага экспорттогон "төрт дос"

"Шоро", "Газпром", "Эйр Астана" компанияларына алардын соода маркасы менен Кыргызстандын мөмө-жемиштеринен сапаттуу батончиктерди жасап берген жана Өзгөн күрүчүн эл аралык сертификациядан өткөрүп, Америкага чейин экспорттогон, төрт дос негиздеген Advantex компаниясынын башчысы Асыл Куменов ИШКЕР MEDIA басылмасына кызыктуу маек куруп берди.

— Компанияңыз тууралуу айтып берсеңиз?

"Шоро" брендине батончиктерди чыгарабыз, андан тышкары, Өзгөн күрүчүн чет өлкөлөргө экспорттойбуз. Ага чейин "Газпром" компаниясы менен келишимибиз бар эле, алардын соода маркасы менен батончиктерди чыгарып жүрдүк, алар Кыргызстанда жана Казакстанда май куючу станцияларында сатышчу. Ошондой эле пандемияга чейин "Эйр Астанага" дагы бортто берилчү тамак катары сатчубуз. Биз дайыма "биздин Аксынын кайналысы, Баткендин өрүк кагы, Ысык-Көлдүн, Ноокаттын, Оштун алмасы бүт дүйнөгө учушту" деп айтып калабыз.

— Канча капитал менен баштадыңыздар?

— Каражатыбыз аз болчу, азыр артты карасам, булардын баары интузиазмдын эсебинен эле ишке ашкан экен. Биз төрт достон турган команда баштаганбыз, ар бирибиз ар кайсы тармагын тартып кеттик. Көп кыйынчылыктарды чогуу басып өттүк. Ынтымактуу иштеп, бир багытка умтулганыбыз үчүн компания азыр деле иштеп, жыл сайын жакшы динамика көрсөтүп жатат.

— Азыр басымды эмнеге жасап жатасыздар, батончиккеби же күрүчтү экспорттоогобу?

— Күрүч туруктуу экспортко чыкпайт, талап дайыма көп эмес, буюртма келгенде жөнөтөбүз. Батончиктерибиз болсо биздин рельске түшкөн туруктуу жумушубуз, айына канча көлөмдө сатылат билебиз.

— Ал эми "Шоро" компаниясы менен кандай келишимдин негизинде иштейсиздер?

— "Шоро"— бул чоң, репутациясын жылдап тургузган компания. Алар менен бир жылдан ашык даярдоо этабында болдук, документацияны жана кийин эч бир сюрприз чыкпаш үчүн кандай аракеттенебиз, баарын иштеп чыктык. Биз алардын соода маркасы менен чыгарабыз, алар сатууга алып чыгышат, экспортко дагы чыгарышат. Алар дүң кардар эмес, көбүрөөк өнөктөш десек болот. Анткени компаниябыздын жашоосуна аралашып турушат, цехке келип, кандайдыр бир сунуштарын айтышат, алар дагы биздин өсүшүбүзгө салым кошуп келишет. Алардын бизнес процессти кантип жолго коюп жатканын көрүп, биз дагы өсүүдөбүз.

— Өндүрүшүңүздүн кубаттуулугу жана жылдык акча айлантууңуздар канча?

— Биздин долбоордун азыркы шарттагы кубаттуулугу — айына 400 миң даана батончик. Эгерде батончиктин өзүн эле алсак анда өтө деле көп эмес, ал эми "Шоронукун" кошкондо 15 млн сомдон ашат. Бул эми бир эле багытыбыз, башка багыттарды кошкондо кээ бир айларда жакшы көрсөтмөлөр болот.

— Күрүчтү чет өлкөдөгү кыргыз кафе-ресторандарына жөнөтөсүздөрбү?

— Күрүчтү россиялык "Увелка" компаниясына жөнөтөбүз, алар кичи баштыктарга салып, Россиянын ичиндеги көп тармактуу дүкөндөргө өткөрөт. Америкага болсо Нью-Йорктогу кардарыбызга жөнөтөбүз, ал мурда Өзбекстандан, Тажикстандан товар ташыптыр. Биздин күрүчтү тажиктердин компаниясынан алып кетчү экен, тажик компаниясы бизден дүңүнөн сатып алып, баштыктарга салып, аларга өткөрчү экен. Чынын айтыш керек, соода жагынан алар бизден алдыга кетишкен. Биз мындай процесстерди эми гана жолго коюп келе жатабыз.

— Баткендин күрүчтөрүн сатып көрбөдүңүздөрбү, ал деле жакшы бааланат го.

— Аны деле сунуштап жатабыз, бирок девзира уникалдуу да. Бул күрүчтү сатуу үчүн көп лабароториядан өттүк. Казакстанга жөнөттүк, лабароториялык изилдөө жүргүздүк, сертификациядан өттүк. Биз эми базарга сатпай элебиз. Россиянын базарына Өзгөн күрүчү документсиз контрабанда менен качан эле кирген. Биз ал жакты караган да жокпуз, кардарлар документтерди сурашат деп баарынан өттүк. Азыр мезгил мезгили менен буюртма болуп турат.

— Салык органдары же мамлекет тарабынан кыйынчылыктар жокпу? Компанияңызда канча адам иштейт?

— Жок, ал менен бухгалтерибиз иштейт, ал эми командабызда жыйырмадай адам бар. Бизде деле башка ишкерлердикиндей эле көйгөй, өндүрүш ижарада турат, ар бир линияны коюуга алган толтура кредиттерибиз бар. Кайсы бир мезгилде тобокелге салып кредит алып, ижарага кирип иштеш керек окшойт.

Бүт ишканаларга, айрыкча, тамак-аш өндүрүшүнө жеңилирээк тарифтер, өзүнчө преференциялар берилсе, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү мамлекет коргоого алса жакшы болмок. Мисалы, ошол эле батончиктер Россиядан келет, региондордо мөөнөтүнөн өтүп кеткендери өз наркынан ылдый баада сатылат. Башкача айтканда, рынок корголгон эмес. Алар менен кантип атаандашабыз, алардын гигант заводдору бар, өздөрүнүн мөөнөтү өтүп кеткен азыктарын бизге арзан баада өткөрүп салышат, мен өз көзүм менен көрүп эле жүрөм. Кандайдыр бир жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү коргогон, колдогон, импортту фильтрден өткөргөн бир мыйзам долбоору болсо жакшы болмок.

Өзгөн күрүчү деле контрабанда менен кетип жатканы жашыруун эмес. Биз баарын ачык кылып, салык төлөп, сертификациядан өтүп жөнөтүп жатсак, контрабанда менен барган күрүч арзан болуп жатат. Бул багытта бир механизм иштелиш керек.

— Өндүрүш бизнеси үчүн эң чоң көйгөй бул ижара маселесиби же андан да өткөн көйгөй барбы? Сиздер ЭЭАда турасыздарбы?

— Жок, биз өзүбүз ижарада эле турабыз. Мамлекеттен өндүрүшчүлөргө арзан баада ижарага имарат берүү сыяктуу колдоо болгон жок, бирок өзүбүз деле сурап барбадык. Бир колдоосу жеңилдетилген жакшы шарттагы кредитти алдык. Акыркы эки-үч жылда чийки зат жетишпей кыйналдык. Бир жылы кара өрүк жакшы болбоду, бир жылы өрүк как аз болду. Кээде чийки затты башка жактан алып келген учурлар болду.

— USAID менен кантип иштешип келесиздер?

— Өндүрүш линиясынын жабдууларынын канча бир бөлүгүн алууга гранттык колдоо алдык. Андан сырткары, алар бизге көргөзмөлөргө барууга, компанияга маркетолог же технологдорду алууга, эң башкысы сертификациядан өтүүгө жардамдашышат.

  • "Адвантекс" ЖЧК 2016-жылы катталып, OIMO Foods бренди менен өнөр жай өндүрүшүн ачып, кургатылган жемиштер менен жаңгактарды өндүрүү жана сатуу менен баштаган. 2016-жылы Компания "Аракет" улуттук ишкерлер сыйлыгынын "Мыкты стартап" номинациясын жеңип алган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкетеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкетеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши, ошондой эле Сүйөркулов көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн 100-150 метр аралыгы убактылуу жол кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, 25-апрелден 26-апрелге саат 9:00гө чейин жолду жабуу пландаштырылууда. Бул жерде диаметри 300

Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору ачылат

Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору ачылат

Кыргызстанда чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору түзүлдү. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары Дурус Козуев билдирди. Д.Козуевдин айтымына караганда,окуу жайлар тууралуу чет өлкөлөрдө маалымдоо иштерин жүргүзүү, аларды окууга тартуу, түшүндүрүү менен алектенет. Ошону менен бирге виза маселелери боюнча жана медициналык, академиялык колдоо

Панфилов районунда райондук соттун жаңы имараты курулуп жатат

Панфилов районунда райондук соттун жаңы имараты курулуп жатат

Панфилов районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын курулушу башталганын Жогорку соттон билдиришти. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев катышып, имараттын пайдубалына келечек кутучасын салды. Маалыматка ылайык, курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Имараттын жалпы аянты 1621,8 чарчы метрди түзөт. Жер тилкеси Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан берилген. Имарат

Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны кыскарды

Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны кыскарды

Кыргызстанда социалдык жөлөк пул алгандардын саны азайгандыгы байкалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди. Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жөлөк пул алгандардын саны 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 195 миң 900 адамга кыскарган. Министрлик бул көрүнүштү социалдык саясатка болгон мамиленин өзгөрүшү жана калктын өз алдынчалык