Таласта мыйзамсыз иштеген май куюучу жайга 200 миң сом айып салынды

Таласта мыйзамсыз иштеген май куюучу жайга 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин көзөмөлдөө иштерин улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде Талас районуна караштуу Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү №388 жана №392 даректерде жайгашкан “Сардалбек” жана “Партнер Нефть” май куюучу жайларында пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында “Партнер Нефть” май куюучу жайындагы газ куюучу станция тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз курулуп, мыйзамсыз иш жүргүзүп жатканы аныкталган. Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуу катары бааланган.

Ошондой эле Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө “Сардалбек” май куюучу жайында санитардык нормалар толук сакталбаганы белгилүү болгон.

Натыйжада, “Партнер Нефть” ишканасына карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесинин негизинде 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди.

Ал эми “Сардалбек” май куюучу жайына санитардык талаптарды сактоо боюнча эскертүү берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Иш-чара “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10-жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. Долбоордун командасы көчмөн маданиятынын салттарын жана кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдүү практика менен айкалыштырган уникалдуу боз үй тартуулады. 24-августтан 5-сентябга чейин Ысык-Көлдө “Рухтун жел кайыктары 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз” аттуу эл аралык инклюзивдүү лагерь өттү. Аны

Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат

Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат

Бүгүн Ош шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде шаар тургундарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси талкууланды. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толдоев катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте өткөрүлгөн жыйынга көмүр өндүрүүчү ишканалардын

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте жеке автоунааларга коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер менен график боюнча жана дем алыш күндөрү жүрүүгө уруксат берилет. Тиешелүү чечим мэрдин орун басары Рамиз Алиев төрагалык кылган Жолдор боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы тартипке ылайык, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Улуттук банк өлкөнүн эресеге жеткен калкынын финансылык сабаттуулугу боюнча үчүнчү улуттук изилдөөнү аяктады. Жыйынтык мекеменин сайтына жарыяланды. 2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, калктын финансылык сабаттуулугунун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу 4 пайызга өсүп, 20 баллдан 11,8 баллды түздү. Улуттук банк белгилегендей, бул көрсөткүч 2023-жылы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү