Швейцариянын колдоосу менен Алайдын кол өнөрчү аялдары Европадан дүңүнөн буюртмаларды алышууда

Швейцариянын колдоосу менен Алайдын кол өнөрчү аялдары Европадан дүңүнөн буюртмаларды алышууда

Кыргызстанда чыгарган товарларынын сапаты жогору, дизайны заманбап, ошол эле кезде кыргыздын нукура кол өнөрчүлүгүндөгү оймо-курактардын элементтерин камтыган, көз жоосун алган аксессуарларды, сувенирлерди, кийимдерди, шырдактарды, үй буюмдарын чыгарган By Alay деген бренд бар.

ИШКЕР MEDIA аталган брендге кызыгып, Bai Alai программасынын институционалдык жана маркетинг өнүктүрүү боюнча эксперти,
бизнести өнүктүрүү боюнча консультант Жоомарт Омоновго бир канча суроолору менен кайрылды.

— Бул долбоорду Швейцария өкмөтү каржылайт деп айттыңыздар. Ошол тууралуу кенен айтып берсеңиз.

— Бул кол өнөрчүлүк багыты Швейцариянын Bai Alai программасына кирет. Хельветас уюму тарабынан Ага Хан Фонду менен биргеликте Швейцария Өкмөтүнүн демилгеси жана колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун максаты — түштүк аймактарда, тагыраак айтканда, Алай жана Чоң Алай райондорунун экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, кол өнөрчүлүк тармагында киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү түзүү болуп саналат.

Цех Алайдын Гүлчө жана Чоң Алайлын Дароот-Коргон айылдарында жайгашкан. Бул долбоорго быйыл 10 жыл болот. Бул убакыт аралыгында долбоор 320дан ашык кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирди. Убагында долбоордун каржылык колдоосу менен цехтер ачылып, By Alay бренди түзүлүп, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жана ишкердикке тарбиялоо үчүн өлкөнүн мыкты адистери тартылган. Учурда кол өнөрчүлөр таанымал буюмдарды жасап, өлкө ичинде көптөгөн соода түйүндөрүнө ээ, Европадан 30 миң доллардан ашык дүңүнөн буйрутмаларды алып, eBay, Wildberries сыяктуу соода аянттарына чыгышууда. Коом жакында туруктуу болуп, кол өнөрчүлөр каржылык колдоосуз эле өз күчтөрү менен бизнес жүргүзө алышат деп пландалууда.

— Долбоорго катышкан айымдар канчалык пайда көрүшөт?

— Учурда кол өнөрчүлөр ай сайын 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин киреше алышууда. Бирок, долбоор аларга туруктуу бизнести кантип жүргүзүү боюнча окутууга көбүрөөк көңүл бурат.

— Чыккан продукцияны ким дүкөндөр менен сүйлөшүп, ким сатыкка чыгарат?

— Жумуштардын көпчүлүгү долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча команда түзгөн жана эксперттерди чакырган Helvetas башкы институционалдык аткаруучу уюмунун жардамы менен ишке ашат. Мен бул долбоорго институционалдык жана маркетингдик өнүгүүсү боюнча эксперт болуу бактысына ээ болдум жана туруктуу бизнес-процесстерди өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы соода түйүндөрүн ачууга, базарларга чыгууга жардам бердим.

— Мен өзүм ушул бренддин фанатымын жана эки жылдан бери сумкаларын көтөрүп жүрөм. Аябай эле саппаттуу, бирок баасы башкаларга салыштырмалуу арзан. Мунун себеби эмнеде?

— Бир жагынан кол өнөрчүлөрдү иш менен камсыз кылуу негизги максат болгондуктан, айлыктан тышкары, маржаны азыраак кошуп жатабыз. Экинчи жагынан, бул биздин тактикабыз, кол өнөрчүлөр буюртмаларды тез кабыл алууну үйрөнүүгө көнүү үчүн көбүрөөк өндүрүп, көп сатышыбыз керек. Келечекте, балким, баа саясатын өзгөртөбүз.

Мындан тышкары окуңуз

Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Ош облусунун Гүлчө шаарындагы Алымбек датка көчөсүндө жол оңдоо иштеринин 75 % аяктады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 3,7 чакырымды түзгөн жолдун 2,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары, ал эми 750 метрине экинчи катмары төшөлдү. Калган 2 чакырымга асфальт төшөө иштери жакынкы 2-3 күндө

Ишкер Media
Кыргызстандын Казакстанга экспорту 8 айда дээрлик 14% көбөйдү

Кыргызстандын Казакстанга экспорту 8 айда дээрлик 14% көбөйдү

Бүгүн Соода-өнөр жай палатасы Бишкекте Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин кеңейтилген жыйыны өтүп, ага эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышканын билдирди. КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев өз сөзүндө соода-экономикалык кызматташтыктын өсүшүнө карабастан, чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерге олуттуу тоскоолдук жаратып жатканын билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы эки

Ишкер Media
ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

Ички иштер министрлиги жарандарды акысыз спутниктик интернетке туташтыруу шылтоосу менен жасалышы мүмкүн болгон алдамчылык аракеттерден сак болууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, алдамчылар WhatsApp аркылуу спутниктик интернет сыноо иретинде ишке киргизилгени тууралуу жалган билдирүүлөрдү таратып, акысыз туташууну жана интернеттин ылдамдыгын жогорулатууну сунушташууда. Андан соң интернетти

Ишкер Media
Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкектен Чүй облусунун шаарларына жана калктуу конуштарына туруктуу автобус каттамдарын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, Токмок, Кант, Кемин, Сокулук жана Кара-Балтадан Бишкекке каттаган тургундар эртең менен жана кечинде транспорт жетишсиздигинен кыйналып жатышат. “Жарандар кайрылып жатышат. Кечки

Ишкер Media