Туризм — бул сонун нерсе, Кумтөрдүн алтынына караганда, акча элдин колуна түз тиет — Узакбек Бакиров

Туризм — бул сонун нерсе, Кумтөрдүн алтынына караганда, акча элдин колуна түз тиет — Узакбек Бакиров

Чет өлкөлүк турист Кыргызстанда бир күндө орточо 8-10 миң сом таштайт жана ал акча туристтик кызмат көрсөткөн жергиликтүү калктын колуна түз тиет. ИШКЕР MEDIA Кыргызстандын ичинде көп жылдан бери чет өлкөлүк туристтерге тур уюштуруп, бул тармактын ысык-суугун көрүп, өлкөнүн бүт аймагын түрө кыдырткан гид Узакбек Бакиров менен маектешип, кызыктуу маалыматтарды алды.

— Туризм тармагына эмне болуп келип калдыңыз?

— Туризмге бала чагымдан кызыгып калдым. Балалыгым Жумгалдын Кызарт деген Соң-Көлгө жакын айылында өттү. Бир жолу Соң-Көлгө кеткен Базар-Турук деген капчыгай сыяктуу жерден атчан келе жатып, бир туристти көрүп калдым. Анда тил билбесем да жаңдап, ага атка минүүнү сунуштадым. Негизи эле чет өлкөгө барууну, чет өлкөлүктөр менен иштешүүнү самачу элем. "Манас" университетинде дагы туризм факультетин бүтүрдүм. Кийин Түркияга практикага бардым, туризмге болгон кызыгуум арта берди. Ошентип туризм дүйнөсүнө келип калдык. Дипломумду алгандан кийин дагы мурда практикага барган Түркиянын беш жылдыздуу чоң отелинде алты жыл иштеп калдым. Кийин Кыргызстанга келишиме университеттеги агайым туризм жаатында фирма ачканы түрткү болуп, 2017-жылдан бери тушул жаатта иштеп келе жатам.

— Учурда кандай туризм менен алектенесиз?

— Негизи биз маданий, жаратылыш туризми менен иш алпарабыз. Туристтер өздөрүнүн каалоосунун негизинде программаларын айтышат. Алар канча жашта, канча күнгө, кайсы айда келишет, ошого жараша тур уюштуруп беребиз. Ал жерге бүркүт-шоу, тоолорго чыгуу, фольклордук чакан концерт көрсөтүү, айылдарды кыдыртуу, боз үйлөрдө жаткыруу сыяктуу сунуш, кызматтар бар. Кыскасы, турист эмнени кааласа, келген мезгилине жараша бардык программаларды сунуш кыла беребиз. Мисалы, кышында келе турган болсо Соң-Көлдү сунуштай албайбыз, ал жакта кар, кызмат көрсөткөн боз үйлөр болбойт. Андыктан Каракол сыяктуу кышкы туризм өнүккөн жактарга алпарабыз. Жайында болсо Ысык-Көлдөн баштап, Ошко чейин алып кете беребиз.

— Дегеле өлкөнүн кайсы облусу популярдуу, туристтер эмнелерди көргүсү келишет?

— Ал көбүнчө келген убактысына карата болот, мисалы, үч күнгө эле келсе, Чүй облусун эле кыдыртып коюшубуз мүмкүн. Чоң Кеминге барып ат мингизип, андан ары Бурананы көрсөтүп дегендей. Бирок көбүнчө жети күнгө келишет. Келгенде "Манас" аэропортуна келишкендиктен ошол күнү эле Ошко алып кете албайбыз. Биринчи Ысык-Көлдү айландырабыз, Караколдун тегерек четинде көп калышат, анткени ал жерде шаардын улуттук паркы, Алтын-Арашанда хайкинг жолдору бар, ошолорду кыдыртып Жети-Өгүз, "Жомок" каньондоруна алпарабыз. Андан ары Бөкөнбайдын тегерек чети абдан өнүккөн, бүркүтчүлөр да ошол жерде, фольклор шоуну да ошол жерден көрсөтөбүз, боз үй лагерлери да көп, туристтер ошол жакты жакшы көрүшөт. Андан соң, Соң-Көлгө алып барып, анан Бишкекке алып келип узатып коебуз. Эгерде он төрт күнгө келишсе, Нарын, Жалал-Абад, Ошко алпарабыз. Көбүнчө эле аз убакытка келгендиктен Ысык-Көл менен Нарынды кыдырышат.

— Бир жылда канча турист тейлейсиздер?

— Ар кандай. Мен патент менен иштейм, бир жылда 100-120дай турист тейлейм. Бизде сезон кыска, майда башталат. Бир кишинин мүмкүнчүлүгү деле ошого жетет. Бирок андан сырткары, мал чарбабыз бар.

— Бир турист орточо КРга канча акча калтырат?

— Туризм — бул сонун нерсе. Мисалы, Кумтөрдөн алтын казылса, ал сатылып бюджетке барат, иштеген кишилерге төлөнөт, анан мамлекет кайсы тарапка жумшоону туура көрсө, ошого карап сарпталат. Туризмде болсо, турист келет, бир айдоочу, бир гидди алат, аларга акча төлөйт. Андан ары кетип баратып Кеминдин жүгөрүсүн, каттамасын жейт, Чоң Кеминге барып мейманканасында жатат, ат минет, ал жерде иштегендерге акча төлөйт. Эртеси күнү Чолпон-Атага барып кемесине түшөт, ресторанына барып тамак жейт, ошентип токтоп отуруп Караколго барат. Мындайча айтканда, бир эле турист бир канча жерге токтоп, акча таштайт.

Бир турист орточо канча таштайт деген суроого так жооп берүү кыйын, себеби, бай туристтер бар, аз акча менен келгендери бар. Бирок Кыргызстанга келген чет элдик турист жок эле дегенде күнүнө жүз доллар таштайт, 8 миң сомдон 10 миң сомго чейин сөзсүз түрдө калтырат. Мен эми тажрыйбама карап айтып жатам. Мисалы, мейманканаларда эки кишилик орундугу менен номерлер жок дегенде элүү доллар турат. Андан сырткары, жүргөн машинасы бар.

Туристтер жакшы акча калтырат, ал акча региондорго тең бөлүнөт. Бул көп жумуш орундары менен камсыздаган тармак — бул биздин келечегибиз деп ойлойм.

— Сиздин байкооңузда Кыргызстанда туризм кандай өнүгүп жатат жана кайсы мамлекеттен көп келишүүдө?

— Туризм азыр жакшы өнүгүп жатат, буга бир канча факторлор себеп, биринчиден, бир канча жыл мурда Кыргызстан өнүккөн европалык өлкөлөргө визаны алып салганы өтө чоң түрткү болду. Экинчиден, электрондук визаны киргизди.

Инфраструктура, жолдор жакшы салынса эле мейманканаларды элдер өздөрү эле куруп алышат. Виза жагынан жеңилдиктер дагы берилсе, туризм дагы да дүркүрөп өнүкмөк.

Кайсы өлкөдөн көп келишет, менин байкоомдо, Кыргызстанга европалык туристтер көп келишет, анын ичинен француздарды көп көрөм. Бирок кээде ар кандай болуп калат, мисалы, быйылкы сезонду айтсам, Дубайда жашаган чет элдиктер көп келишүүдө. 2023-жылдын июнь-июль айына карата Дубайлык индустар көп келип жатышат. Алар өтө акчалуу болушат, Дубайда жергиликтүү калктан да көп чет элдиктер жашашат эмеспи, алардын арасында индустар көп экен. Азыр көбүнчө IT, камсыздандыруу тармагында, фирмаларда иштегендер келип жатышат. Ага эмне себеп десек, индустарга Европага виза алуу өтө кыйын экен. Ошондуктан бизге келишүүдө, бизде жакшы шарттар түзүлгөн. Бир индус Дубайда туруктуу жашаган визасын биздин аэропортто көрсөтсө, бираз акча алып туруп печать басып киргизишет. Жайкысын Дубай ыссык, чөл, ал эми биздин тоолор жапжашыл, салкын болгондуктан агылып келип, жакшы акча таштап кетип жатышат. Израилден да келгендерди көрүп жатам, Кореяга түз авикаттам ачылгандан бери корейлер да келип башташты, ошондой эле бизге араптар да көп келишет.

Туристтердин келиши көбүрөөк түз аба каттамдарга, визага, учак билеттеринин бааларына байланыштуу. Биз алыскы чет өлкөлүктөр менен иштегенибиз үчүн ошолор тууралуу айтып жатам. Ал эми Чолпон-Атаны карасак, казактар менен орустар көп. Россияга көп өлкөлөр жабылгандыктан келе башташты, дүйнөдөгү саясий кырдаалдар туризмде багыттардын өзгөрүшүнө таасир берет.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media