Эл кечээги алган нанын бүгүн кайра алса эле, ишибиз жүрүшкөнү ошол — ишкер Райхан Ташболотова

Эл кечээги алган нанын бүгүн кайра алса эле, ишибиз жүрүшкөнү ошол —  ишкер Райхан Ташболотова

Россиядан нандын түрүн жасаганды үйрөнүп, тажрыйба топтоп келип, Баткенде цех ачып, "Магнат" нандарын бышырган Райхан Ташболотова учурда диеталык нандарды эле эмес, пряник, коржик, кекс, булочкалардын түрлөрүн, тойлорго даяр себеттерди, боорсок салгычтарды, камырдан жасалган этно-идиштерди жасап келет. Ал ИШКЕР MEDIA менен маектешип, бизнесин кантип баштап калганын, Баткенде бизнес кылуунун жеңил жагы менен оор жактары тууралуу айтып берди.

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, бул нан бизнесин кантип баштап калдыңыз?

— Мен Россияда мигрант болуп иштеп жүргөн кезде табигый, таттуу, түрдүү нандарды жапкан наабайканада иштеп калдым. Жакшы тажрыйба топтодум, күчтүү технологдор менен иштедим. Башка жумуштарды деле караган жокмун, он жылдап бир эле жерде иштеп жүрдүм. Алардын нанына суроо-талап көп болгондуктан, компания башка шаарларга дагы наабайканаларын, түйүндөрүн ачып жатышты. Түйүндөрдү ачкан командага кошулуп барып, аларды ачууга жардам берип жүрдүм. Соода жакшы болуп, ачкан эле жерден шыр кетип, бизнесин баштагандар ыраазы болуп жатышты. "Ушунча нандын түрү көп экен, натуралдуу деп басым жасап алышат экен, Кыргызстанда кандай болду экен, нанга суроо-талап бар бекен, мындай түшүнүк деле болбосо керек" деген күмөндүү ойлор менен жүрдүм. Акыркы беш жылда Кыргызстанда деле ушундай наабайкана ачып, нандын түрүн бышырганды көрсөтсөм деп ойлоп баштадым. Ар жылы Кыргызстанга келген сайын дүкөндөрдү, соода маркеттерди кыдырып ошондой нандарды издейт элем. Жасап көрсөм кандай болот деген оюмду досторум, туугандарым менен бөлүшсөм, кээ бири колдосо, кээ бирөө "бизде тандырга жапкан эле нан желет" деп жатышты. Ошентип жүрүп баары бир ушул жумушту жасоого бел байладым. Анткени тажрыйба топтолуп, көп нерселерди өзүм билип, кээ бир технологиялык карталарга өзүм өзгөртүү киргизгенге чейин жетишип калдым эле.

Акыркы беш жылда алган айлыктарымды топтоп, жабдууларды сатып алууга жумшадым. Эч жака деле кайрылбадым, кредит деле албадым. Ошол чогулткан акчама эле Россиядан камыр жууругуч, меш, түрдүү формаларды жана колума эмне кирсе, керектүү эмне көрүнсө үйүмө ташып келип жүрдүм. Ошентип Баткен жергебизде нан бышыруучу цех ачып, алгачкы нандарыбызды чыгара баштадым. Чыгарганда эле алгач диеталык кара нандарыбызды, гречканын унунан жасалган нандарды, жүгөрүдөн загара нандарды бышырып баштадык. Гречка нанга суроо-талап көп, бирок кимдер алышат тактап, аларга кантип жеткиришти жолго кое албадык азырынча. Алгач дүкөндөр сатылабы же сатылбайбы деп чочулап жатышкандыктан, аны буюртма менен эле жасап калдык. Күнүнө он адамга чейин эле буюртма кылат.

Менин өзүмө жакканы — көптүргүдөн жасалган нан. Кадимки эле айылдагы ачыткыны алып, өзүбүз иштеп чыгып жасап жатабыз. Ал эми кара нан болсо тегирмендин унунан жасалат, ошого талап жакшы болуп жатат. Менде "8 дан", "бородинский", "докторский" деген бөлкөлөрдүн, нандардын көптөгөн түрлөрү бар, акырындап иштеп чыгып ассортиментке кошолу деп турабыз.

— Рецепттерди кайдан аласыздар?

— Рецепттерди Россиядан өзүм менен ала келгенмин. Мисалы, көптүргөн нан ал жакта "тибетский хлеб" деп чыкчу, диеталык эң жакшы нандардын бири. Ошонун негизинде, технологиясы менен биз көптүргөн нанды алганбыз. Ак нандарды "опара" менен чыгарганга, кара нандарды "закваска" менен чыгарганга аракет кылабыз.

— Ошондо канча акча менен баштадыңыз?

— Акчасын деле отуруп так эсептеген жокмун. Анткени жогоруда айткандай, көп жыл даярданып, технологиялык карталарды, формаларды, жабдууларды акырындап бирден-экиден ташып жүргөн болчум. Россияда мени менен кошо балдарым да бар эле, мектепте окушчу, чоң үй-бүлөбүз, ошолордон көп деле арттыра алган жокмун. Бирок артырганымды бул тармакты жакшы билип калгандыктан, жакшысын тандап, чет мамлекеттик сапаттуу бышыктарын алганга аракет кылдым.

— Учурда күнүнө же жумасына канча нан чыгарасыздар?

— Учурда күнүнө чыгарган нандар кара нан, ак нан, көптүргү менен нан, гречка нан, батон болуп эки жүздөн ашык чыгат. Жумасына миңден ашат. Бирок мындан да көп чыгарганга, мындан да элге жеткиликтүү болгонго аракет кылабыз. Учурда облустун борборундагы ондой эле магазинге тапшырганга жетишип жатабыз.

— Суроо-талап барбы, себеби, Баткенде көбүнчө тандырга өздөрү жаап жешет го.

— Суроо-талап барган сайын көбөйүп жатат, ысыгында алып кетели деп алыстан цехке келип алып кеткендер көп. Дүкөндөргө тапшыргандардан деле артка кайтарылбайт, баары толук сатылат. Ушундан улам талап жакшы эле деп ойлойм.

— Цехиңизде канча адам иштейт?

— Цехте негизинен өзүмдүн үй-бүлөм — уулум, келиним, кызым иштешет. Анткени алар да Россияда жүргөндө наабайканаларда иштеп жүрүшкөн. Баарынын тажрыйбасы бар, жолдорун билишет. Азыр дагы эки кыз алдым, бирок келечекте дагы жумушчулардын санын көбөйтүп, цехти чоңойтсом деген ниетим бар. Азыр нандан башка пряник, коржик, кекс, булочкалардын өтө көп түрлөрү, тойлорго даяр себеттер, боорсок салгычтар, камырдан жасалган этно-идиштерди жасайбыз. Андан тышкары, азыр печеньенин түрлөрүн, рулеттерди, пирожныйларды чыгарганга даярдап жатабыз, буюрса, сентябрдан башталат деген үмүттөмүн.

— Ишкер катары айтсаңыз, Баткенде бизнес кылуунун оор жагы менен жеңил жактары кандай?

— Мен нан бизнесин Бишкекте баштайм деп ойлодум эле, бирок Баткенде баштап калдым. Бир тууган эжем операция жасатып, кара нан жеш керек болуп, бирок Баткенден таппай коюптур. Бишкектен келгендерден беш-алты нандан алдырып, аны муздаткычка салып жеп жүрүптүр. Россияда жүрүп бул нерсени уккандан кийин "Баткенге эле ачып, ал жердеги элге ысык-ысык жаап берип турсам менин бизнесиме дагы, элге дагы жакшы болсо керек" деп ойлонуп, бул жака ачтым.

Оңой жагы — Баткенде тууган-урук, карым-катнаш, той-топур дегенде адамдар көп чогулат, ошондуктан жарнама тез кетет, алар отурган жерде талкуулашат, сөз кылышат. Биринен бири угуп эле келип ала беришет. Келгендерди баары кошунасынан же тууганынан уккан болот. Жакшы продукция тез тарайт, бул жагынан Баткенде жакшы.

Терс жагы — Баткенде продукциянын, чийки заттын жетишсиздиги бар, табылышы өтө кыйын. Таппаган нерселерибизди Бишкектен, Оштон алдырабыз.

— Өндүрүшүңүздү чоңойтуу үчүн жеңилдетилген кредит же кандайдыр бир уюмдардан колдоо алууну ойлонбодуңузбу?

— Жок, эч бир уюмдан колдоо ала элекпиз. Колубузда бар эле мүмкүнчүлүк менен баштадык. Кемчиликтерибиз дагы өтө көп, жабдууларыбызда да жетишпеген нерселер бар, мындайча айтканда, материалдык жактан каражаттарыбыз көп нерсеге жетишпейт. Билимибиз, тажрыйба жеткени менен жабдуулардан көп кемчиликтер бар, буюрса, акырындык менен толуктап, жетишебиз деген ойдобуз. Жеңилдетилген кредитти алууга да коркуп турам, иштейли, элге сиңели, продукциябыз жаксын, бираз таанылалы деп турам. Эч жака барбадык, өзүбүз эле ачып алып, иштеп жатабыз, ишенгенибиз эле элибиз.

Эл кечээги алган нерсесин бүгүн кайра алса эле, өндүрүшчүнүн, биздин ишибиз жүрүшкөнү ошол, муктаждыктар акырындап чечиле берет.

Мындан тышкары окуңуз

Алайдын Арпа-Тектир айылына 58 млн сомго спорт комплекс салынууда

Алайдын Арпа-Тектир айылына 58 млн сомго спорт комплекс салынууда

Алай районунун Арпа-Тектир айылында заманбап үлгүдөгү спорт комплекс курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 58 миллион сомду түзөт. Башкы планга ылайык, спорт комплекс эки блоктон турат. Имаратта жалпы аянты 1006 чарчы метрди түзгөн спорт зал каралган. Анда волейбол, баскетбол жана футбол ойноо үчүн

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта Индиядан жаныбарларды, эт продукцияларын алып кирүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта Индиядан жаныбарларды, эт продукцияларын алып кирүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда 2026-жылдын 28-январынан тартып Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар кызматы Индиядан Nipah вирусуна кабылуучу жаныбарларды жана эт продукцияларын алып кирүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизгенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул чаралар Индияда Nipah вирусунун очогу катталганына байланыштуу жана

Өткөн жылы кепилдиктердин 54%ы айыл чарба ишкерлерине берилген

Өткөн жылы кепилдиктердин 54%ы айыл чарба ишкерлерине берилген

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча "Кепилдик фонд" ААКсы жалпы суммасы 3,79 млрд сомду түзгөн 1 656 кепилдик берди. Бул колдоонун натыйжасында ишкерлер 12,98 млрд сом өлчөмүндө кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматынан билдиришти. Кепилдик колдоонун негизги бөлүгү айыл чарба тармагына туура келип, 894 кепилдик

Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз моноблоктордон үй куруу технологиясын иштеп чыгып, патенттеди

Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз моноблоктордон үй куруу технологиясын иштеп чыгып, патенттеди

Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО боюнча БУУдагы туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз жеңил конструкциялардан — моноблоктордон турак жай куруунун жаңы технологиясын иштеп чыгып, аны патенттеген. Ал бул технология жеңил жука болот конструкциялары, структуралык-изоляциялык панелдерге, ошондой эле фин жана канадалык курулуш ыкмаларына альтернатива экенин билдирди. Курулуш идеясы кыргыз боз үйүнүн архитектуралык