Ысык-Көлдө эл аралык мелдеш өтө турган аймактагы курулуш иштери күчөтүлдү

Ысык-Көлдө эл аралык мелдеш өтө турган аймактагы курулуш иштери күчөтүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарында бир катар курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нурдан Орунтаев алгач быйыл Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан аймакка барды.

Учурда аталган жерде инфраструктураны жакшыртуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Алардын катарында унаа токтотуучу жайларды куруу, жолдорго асфальт төшөө жана узундугу 800 метрди түзгөн жөө адамдар өтүүчү жолдорду салуу иштери бар.

Объектте көчмө жумушчу жыйын өткөрүлүп, ага Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш иштерин каржылоо, аймакты көрктөндүрүү, коопсуздук талаптарын камсыз кылуу жана эл аралык мелдешти өткөрүүгө байланышкан уюштуруу маселелери талкууланды.

Министр Нурдан Орунтаев даярдык иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө жана талаптагыдай деңгээлде бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, F1H2O World Championship — суу-мотор спорту боюнча дүйнөдөгү эң абройлуу чемпионаттардын бири болуп саналат. Эл аралык мелдеш дүйнөнүн алдыңкы спортчуларын жана командаларын бириктирип, миллиондогон көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурат. Чемпионаттын Ысык-Көлдө өткөрүлүшү Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстан жыл сайын жылытуу мезгилине жакындаганда бир эле суроого туш болот: кышында электр энергиясы жетеби? Акыркы жылдары өлкөнүн энергетика системасына күч келүүдө. Беш жыл ичинде гидроэлектр станцияларынын энергетикалык баланстагы үлүшү 90 пайыздан 70 пайызга чейин төмөндөсө, 2021-жылдан бери электр энергиясынын импорту дээрлик он эсеге өскөн. Мындай шартта Кыргызстан үчүн

Ишкер Media
Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Октябрь районундагы С. Күмүшалиева көчөсүнүн реконструкциясын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, оңдолгон тилкенин узундугу 570 метр, туурасы 7 метр. Эки тарабына 1,5 метрден тротуар салынып, суу агызуучу лоток жана бордюрлар орнотулган. Тургундар мэрге ыраазычылык билдирип, жол жаңыргандан кийин айдоочулар ылдамдыкты ашырып жатканын

Ишкер Media
Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны  көбөйтүү сунушталууда

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда

Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды. Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй: * Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,

Ишкер Media
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media