Түптө өсүмдүк майын өндүрүүнү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт

Түптө өсүмдүк майын өндүрүүнү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт

Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев аймактагы кайра иштетүүчү ишканалардын жана айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, Түп районундагы "Эрдик" кооперативине өзгөчө көңүл бурулуп, анда жаңы сафлор жана зыгыр майын өндүрүүчү цехтин иши каралды. Ошондой эле кошумча өндүрүмдөрдү мал тоютуна кайра иштетүү иштери көрсөтүлдү.

Кооператив учурда чийки зат базасын кеңейтүүдө. Былтыр 100 гектардан ашык аянтка сафлор жана зыгыр эгилсе, быйыл кластердик ыкма ишке киргизилип, фермерлер үрөн менен камсыздалып, түшүмдү кепилденген сатып алуу механизми жолго коюлган. Натыйжада айдоо аянтын 450–500 гектарга чейин жеткирүү пландалууда.

Ишкананын жетекчилиги өндүрүштү мындан ары кеңейтүү үчүн кошумча каржылык колдоо керек экенин билдирип, бул келечекте Түп районун жана жалпы Ысык-Көл облусун өсүмдүк майы менен камсыздоого шарт түзөрүн белгиледи.

Рустам Балтабаев 2040-жылга чейин айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүүнүн деңгээлин 50%га жеткирүү максаты туруктуу чийки зат базасын түзүү жана мамлекет менен өндүрүүчүлөрдүн тыгыз кызматташуусу аркылуу гана ишке аша турганын айтты.

Жыйынтыгында министрдин орун басары тиешелүү түзүмдөргө кооперативге колдоо көрсөтүү жана фермерлер арасында сафлор, зыгыр сыяктуу кирешелүү өсүмдүктөрдүн айдоо аянтын кеңейтүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.

Министрлик билдиргендей, өсүмдүк майы социалдык мааниге ээ азыктардын катарына кирет. Ошондуктан импортту алмаштырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган долбоорлор мындан ары да колдоого алынары айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстан жыл сайын жылытуу мезгилине жакындаганда бир эле суроого туш болот: кышында электр энергиясы жетеби? Акыркы жылдары өлкөнүн энергетика системасына күч келүүдө. Беш жыл ичинде гидроэлектр станцияларынын энергетикалык баланстагы үлүшү 90 пайыздан 70 пайызга чейин төмөндөсө, 2021-жылдан бери электр энергиясынын импорту дээрлик он эсеге өскөн. Мындай шартта Кыргызстан үчүн

Ишкер Media
Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Октябрь районундагы С. Күмүшалиева көчөсүнүн реконструкциясын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, оңдолгон тилкенин узундугу 570 метр, туурасы 7 метр. Эки тарабына 1,5 метрден тротуар салынып, суу агызуучу лоток жана бордюрлар орнотулган. Тургундар мэрге ыраазычылык билдирип, жол жаңыргандан кийин айдоочулар ылдамдыкты ашырып жатканын

Ишкер Media
Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны  көбөйтүү сунушталууда

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда

Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды. Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй: * Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,

Ишкер Media
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media