Ысык-Көлдө 175 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы ачылды

Ысык-Көлдө 175 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы ачылды

14-июнда мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Өрүк айылында кубаттуулугу 175 мегаватт-пик (МВтп) болгон “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясынын биринчи фазасын ишке киргизүү аземине катышты.

Президент жаңы күн электр станциясынын расмий ачылышында сөз сүйлөп, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү Кыргызстан үчүн стратегиялык багыт экенин белгиледи. Анын айтымында, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү бүгүнкү күндүн башкы милдеттеринин бири болуп саналат.

Мамлекет башчысы максималдуу кубаттуулугу 175 МВт болгон күн электр станциясынын биринчи этабы ишке киргенин белгилеп, бул долбоор Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы ийгиликтүү инвестициялык кызматташтыктын үлгүсү экенин айтты. Долбоорду эл аралык тажрыйбасы бар вьетнамдык компания ишке ашырууда.

 «Бүгүнкү долбоор – Кыргыз Республикасы менен Вьетнам Республикасынын ортосундагы достук мамиленин, өз ара ишенимдин жана ийгиликтүү инвестициялык кызматташтыктын айкын мисалы!» — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы белгилегендей, күн электр станциясынын жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болуп, бардык баскычтарын ишке ашырууга дээрлик 1,5 миллиард АКШ доллары инвестиция тартылат. Ал эми бүгүн ишке кирген 175 МВттык биринчи этаптын инвестициялык көлөмү 131 миллион долларды түзөт. Курулуш иштерине 250дөн ашуун кыргызстандык тартылып, объект толук ишке берилген соң 150гө жакын туруктуу жумуш орду түзүлөт.

Президент станция өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумуна кошулуп, буга чейин эле 28,7 миллион кВт саат электр энергиясын бергенин билдирди. Биринчи этап толук кубаттуулукта иштегенде жылына болжол менен 295 миллион кВт саат электр энергиясы өндүрүлөт. Өндүрүлгөн электр энергиясы негизинен Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларын камсыздоого багытталат.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы долбоордун энергетикалык коопсуздукту чыңдоого, гидроэнергетикага болгон көз карандылыкты азайтууга жана жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media