Кочкордогу бүтпөй жаткан сүт заводу банктан ала албай иши чоюлуп жатат — күрөөгө бүткөн заводду талап кылууда

Кочкордогу бүтпөй жаткан сүт заводу банктан ала албай иши чоюлуп жатат — күрөөгө бүткөн заводду талап кылууда

Нарындын Кочкор районундагы жеке ишкер Төлөнов Болот "Кочкор продукт" ЖЧКнын негиздөөчүсү. Ал 2005-жылдан бери сырдын 5 түрүн жана сары май чыгаруу менен алектенет. 2018-жылы сүт иштетүүчү завод куруп баштап, кийинчерээк банктан 20 млн сом каражат алган. Жалпысынан заводду курууга өзүндө болгон каражаттарын чогултуп, 60 млн сом салган. Бирок завод акыркы этабына келип бүтпөй турат.

Ишкердин айтымында, заводду ишке киргизүү үчүн дагы 14 млн сом керек. Ал эми банк заводдун бүтүшүнө керек болгон ал сумманы берүү үчүн күрөөгө эксплуатацияга берилген заводду гана аларын айтууда. Ошентип ишкер менен мамлекеттик банктын ортосунда туюңгуюкка кептелген кырдаал түзүлгөн. Завод бүтпөй, ишке кирбей жатканы үчүн киреше жок болуп, насыяны төлөө да ишкерге кыйынчылык туудурууда.  

— Айтсаңыз, учурда кандай кубаттуулук менен иштейсиздер?

— Биз беш түр сыр жана сары май жасайбыз. Менин чечил сырым Казакстанда номур бир сыр катары бааланат. "Фрунзе" соода түйүндөрүндө барбыз. Бирок азыр кубаттуулугубуз аябай аз, 3 тонна менен иштейбиз, 5 тонналык линия койгонбуз, сүттү болгону он айылдан эле алабыз.

3 тонна менен иштегенде чыгымдарды араң жапканга гана жетет. Көп акча таба албайсың, киреше аз болуп жатат. Түшкөн акча менен заводду куруп кете албай же кредитти жаба албай жатабыз. Кубаттуулугун көбөйтсөк, иштеп, 20 млн сомду эки жылда чыгарып бермекпиз. Болгон акчабызды заводго чаптап келе жатабыз. Бирок завод бүтпөй, кызыл китеп берилбей жатат.  Банк дагы кызыл китеби жок заводду күрөөгө албай жатат.
Жалпысынан мен заводго 60 млн сом салдым. Эми акыркы этабы эле калган эле, ошону алсак бүтүп калмак, колдоо таппай жатабыз. Заводду бүтүрүү үчүн 14 млн сомго долбоор жазып, эки жылдан бери банктан өтө албай жүрөбүз. Анткени завод 90% бүткөнү менен 100% бүтпөй, завод эксплуатацияга берилбей турат. Банк болсо документ жок деп күрөөгө албай жатат, аларга кызыл документ керек экен. Туңгуюкка кептелип калдык.

"Класстердик өнүгүүдө көрсөтүлгөндөй, эки жыл каникул менен жети жылга акча бергиле, заводду күрөөгө коелу" десем болбой жатышат. Ошентип же завод бүтпөй, натыйжада, мурдагы алган кредиттеримден карыз болуп баштадым. Алар эч нерсе кылбай чоюп келе жатышат. Анткени кайсы бир убакытка жеткенде мени сотко беришет.

Өзүңүздө заводду бүтүргөнгө такыр каражат жокпу?

— Жок, мен кедей эле ишкермин. 2018-жылдан бери эле ушул заводду салып келе жатам. Завод бүтсө, кубаттуулук көбөйүп, кредиттен кутулуп кеткенге кудуретим деле жетмек. Иштеп атабыз, көрсөтүп атабыз, "биз рынокту билебиз десек" деле болбой жатат. Өзүм Көлдүк болсом, эмне үчүн Кочкорго түштүм? Бул Тоңду, Жумгалды алчу завод. 50-60 тонна сүттү иштетмекпиз. Бул жерде баары табигый, чийки зат арзан.  

Тоңдо, Кочкордо, Жумгалда сүт завод жок. Сүттү ортомчулар алып кетип, эптеп иштемиш болуп жатат, бирок эл сүтүн саталбай жатат. Бул экономикага чоң салым болмок, жалпак тил менен айтканда, биз калктын чийки сүтүн иштетип, аны Казакстанга өткөрүп, ал жактан акча алып келип, Нарындын элине таратып бермекпиз.

Азыркы өндүрүшүңүздө канча адам иштейт, завод иштеп калса канча адам жумуш менен камсыз болмок?

— Азыр 15 адамды жумуш менен камсыз кылам. Завод иштеп калса, минимум 60 киши заводдун ичине кирет. 20 тонна сүт деген оюнчук эмес да. Кочкор районунда 33 айыл бар, ал айылдын ар бирине экиден сүт кабыл алуучу коебуз. Жок дегенде бирден бала машинеси менен сүт чогултуп чыгат. 33 айылга эки баладан чыкканда эле 66 жумушчу орун түзүлүп жатпайбы. Аны заводдо кабыл алган минимум 10-15 адам отурат. Ал кабыл алынган сүттү чечил кылып чоюп, сызгырып чыгарып, иштетип, таңгактап, муздаткычка коюп, ташып иштегенге дагы 60-70тей киши керек. Азыр бир машина ташып иштейт, кийин беш машина коймокпуз.

Азыр уйду жайлоого айдап жиберет, эч ким саабайт. Сүтүн эч ким албаса, торпокту сатып жиберели дешет. Азыр мал көп, бирок сүт азайып жатат. Исакеев айылында 20 жаштан 45 жашка чейин 160 эркек бала Москванын "Зеленстрой" деген мекемесинде иштеп жатат, кыз-келиндерди айтпай эле коеюн. Баарынын күйөөсү миграцияда, 40 миң рубль айлык алышат.

— Негизи Нарындын башка аймактарында сүт кантип иштетилет?

Нарын колго сүт тартат. Каймагын сары май кылат, сүзмөсүн алып чыгып, базарга сатат. Сүзмө эле жакшы өтөт. Сүзмөнү "Шоро" сыяктуу чоң-чоң компаниялар алып туруп, курут кылып сатып жиберишет. Калганы мамлекетке 1 сом таштабай, бир салык бербей туптуура Казакстанга чыгып кетет.

Бизден жылына 1000 тонна сүзмө кетет. Ошол миң тонна сүзмөнү карап туруп эле өткөрүп жиберип жатабыз. Биз сүттү кайра иштетип, продукт жасап, сыр кылып кымбаттатып сатсак, биз акча таап, биз аркылуу эл акча таап, кошумча мамлекет салык алмак. Ушул 14 эле млн сомдун айынан турабыз азыр. Облустагы бүт чоңдорго кирдим, эч кимден жардам болгон жок.

Биз эми 6% менен насыя алганга жулунуп жатабыз, 18% менен башка банктар деле беришет. Бирок бул чакан ишкер үчүн чоң пайыз да. Менин өзүмдүн 20 млн сом кредитим турат, дагы 18% менен алсам, бизнесимди жылдыра албай калбаймынбы.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылы салыктык кирешелер 413–578 млрд сомдон жогору болушу мүмкүн

2026-жылы салыктык кирешелер 413–578 млрд сомдон жогору болушу мүмкүн

Кыргызстандын Финансы министрлиги 2026-жылга салыктык кирешелердин көлөмүн 413 млрд сомдон 578 млрд сомго чейин болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат. Бул маалымат 2025–2030-жылдарга карата фискалдык тобокелдиктер боюнча баяндамадан келтирилген. Бюджеттеги салыктык кирешелер боюнча үч сценарий жарыяланган: * Негизги фискалдык сценарий — 458,4 млрд сом; * Оптимисттик сценарий — 577,6 млрд сом; * Пессимисттик

Манас шаарында маршруттук таксилер убактылуу линияга чыкты

Манас шаарында маршруттук таксилер убактылуу линияга чыкты

Джалал-Абад облусунун Манас шаарында автобустар метан газдын тартыштыгынан улам иштөөдө кыйынчылыкка учурады Region телеканалы маалымдагандай, автобустардын ордуна жолго мурда убактылуу чыгарылган маршруттук таксилер кайтып чыкты. Маршруттук таксилердин бир айдоочусу билдиргендей, алар ишке 4–5 күн мурда кайтып келишкен, бирок бул убактылуу экени тууралуу эскертүү алышкан. Муниципалдык автобаза жетекчиси Автандил Максутов

Күйүүчү-майлоочу материалдардын орточо баасы төмөндөдү

Күйүүчү-майлоочу материалдардын орточо баасы төмөндөдү

Улуттук статистика комитетинин бааларды мониторингдөө маалыматына ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдардын орточо баасы төмөндөдү. 2026-жылдын 15–21-январына карата маалыматтар боюнча: * АИ-95 бензининин орточо баасы 15-январда 80,83 сом болсо, 21-январга 79,49 сомго чейин төмөндөгөн. Баанын айырмасы 1,34 сомду түздү. * АИ-92 бензининин орточо баасы 15-январда 75,54 сом болсо, 21-январда 74,

Бишкекте ири чөнтөк уурулук боюнча шектүүлөр кармалды

Бишкекте ири чөнтөк уурулук боюнча шектүүлөр кармалды

Бишкек шаардык милициянын оперативдик кызматкерлери ири чөнтөк уурулукка шектүүлөрдү кармашканын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 8-январда Ленин райондук ИИБге Э.Б. аттуу жаран кайрылып, маршруттук такси №161де белгисиз адамдар анын кол сумкасынан 595 миң сом, 400 долар жана 100 миң сомдук зергер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Бул факты боюнча Сотко