Негизсиз берилбей келген кепилдик төлөмү ишкерге кайтарылды
Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында ишкерге тиешелүү болгон кепилдик төлөм кайра кайтарылды.
Маалыматка караганда, ишкер акча каражатын кайтарып берүү өтүнүчү менен бир нече жолу мамлекеттик органга кайрылган. Бирок мыйзамдуу негиздер болгонуна карабастан, анын арыздары узак убакыт каралбай келген.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде ишкердин укуктары калыбына келтирилип, негизсиз кармалып турган 692 миң 800 сом өлчөмүндөгү кепилдик төлөм толук кайтарылды.
Ошондой эле мыйзам бузууларга жол берген жооптуу кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылганы маалымдалды.