Бишкек – Балыкчы – Нарын –Торугарт жолу кардан тазаланып, жол ачылды
Бишкек – Балыкчы – Нарын –Торугарт унаа жолунун 470-544 чакырым аралыгы кардан тазаланып, эки тараптуу каттам берилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан белгилешинче, учурда министрликтин кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Буга чейин Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт автожолунун 445-544-чакырымына түндө кар жаап, анын калыңдыгы 25-35 сантиметрге чейин жеткен.
Министрлик тоолуу аймактарда аба ырайы кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты ашырбай, коопсуздук аралыкты так сактоого чакырат.