Байерлер Кыргызстанда канча киреше табышат? — байерликтин ыссык-суугун жакшы билген Сымбат Жолочиева менен маек

Байерлер Кыргызстанда канча киреше табышат? — байерликтин ыссык-суугун жакшы билген Сымбат Жолочиева менен маек

Учурда байер деген кесип актуалдуу болуп жаткан убагы. Ал байерлер кимдер менен кантип иштешет, канча киреше табышат деген сыяктуу суроолорго жооп алуу үчүн ИШКЕР MEDIA алты жылдан бери байерлик кесипти аркалап, колундагы телефону менен эле айына миллионго жакын акча айланткан, жаш балдардын саркеч кийимдерин саткан cocokids.kg интернет-дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана байерлик кесипти окуткан Сымбат Жолочиеваны маекке тартты.

Декреттик өргүүдөн байерликке биринчи кадам

— 2017-жылдары мен баштаганда Кытайдан кийим алып келген аз эле аккаунт бар болчу. Азыр эми көнүп калбадыкпы, ал кезде кореялык стиль аябай сонун көрүнчү. Ал жылы мен жаңы төрөп, кызымды сонун кийинтким келе берчү. Кимден окусам болот экен деп кызыгып жүрүп сурасам, 6 миң сом экен, ал кезде декреттеги мен үчүн ал чоң акча көрүндү. Бир күнү Инстаграмдан конкурска катышып, ошол окутуу курсун утуп алдым. Жолдошум менен боюмда барда эле эки жолго түшкөндүктөн, иштешим керек болуп, кызым 9 айынан баштап эле бала бакчага берип, өзүм салонго жумушка чыккан элем. Кечкисин келип, сайттарга кирсем укмуш товарлар бар экен, азыр элдер таң калбайт, бирок ошол убакта мага аябай сонун көрүндү. Түнгө чейин товарларды карап, чыкпай калдым. Окууда "онлайн-дүкөн ачкыла" деген тапшырма бар эле, ошону аткарып, сайттарга катталдым. Ошентип биринчи кызыма кийимдерди буюртма бердим. Тууган-тааныштар, кошуналар кызымдын кийимдерин кайдан алганымды сурап башташты. Анан Инстаграмдагы баракчама көп сүрөттөрдү жүктөй баштадым.

Азыр катталуучу топтоо үчүн сөзсүз таргет кое берип, жарнамалаш керек. Ал кезде сүрөттөрдү көрүп эле адамдар өздөрү каттала баштап, 15 миң катталуучу чогулду. Азыр cocokids.kg баракчамда дээрлик 80 миң катталуучум бар, алардын баары "тирүү" колдонуучулар. Биринчи жакшы адистен окуганым да жетишсиздей сезилип, кийин дагы окудум. Алгачкы кардарым 10 миң сомго буюртма берди, бул мен үчүн чоң эле. Башында кызымды көтөрүп алып, бекер жеткирип иштеп жүрдүм.

Кытайдан, Түркиядан, Америкадан үч мамлекеттен буюртма кылам, бирок басымды Кытайга коем, анткени арзан түшөт. Бардык өлкөдө эле буюртма берүү системасы окшош. Биринчи, товарды сайтынан тандайсың, өзүңдүн картаң менен сатып аласың, каргонун адресин жазасың, аларга алып барып коюшат, ар бирибиздин өзүбүздүн индивидуалдуу кодубуз болот, Кыргызстанга келгенде бизге жазышат. Биз чыккан салмагына жараша бул жактан төлөп, товарды алып алабыз.

Кытайлар өздөрү үчүн баарын аябай сапаттуу өндүрүшөт. Ал эми бизге окшогон өлкөлөргө экспортко таптакыр начар товар чыгарышат, биз Кытайдын ички рыногуна чыгарылган товарларды кытайлардай болуп сатып алабыз. Ал жакта окуган студент кыргыздар бар, ошолор сыяктуу биз дагы Alipay деген капчык ачып, ага акча салып, ошол аркылуу төлөм жүргүзөбүз.

Мага криптовалюталык биржалар менен иштеген жеңил. Биринчи, мен алардан доллар сатып алам, кайра долларды юанга алмаштырганда алар мага Alipay капчыгыма юань салып коюшат. Криптовалюта менен Binance же Webmoney деген тиркемелерден иштейбыз.

Байерликтин таза кирешеси

— Менин онлайн-дүкөнүмдөн түшкөн бир айлык таза кирешем туруктуу 200 миң сомдун тегерегинде. Эгер той-топур болуп, кээ бир айда жакшы иштей албай калсам, 80 миң сомдой болот. Ал эми бир айлык жалпы акча айлантуум 700-800 миң сомдун айланасында. Окутуу курсумдан 100 миң сомдун тегерегинде акча түшөт. Бир күндө мисалы, 20-30 миңге чейин эле, кээде болсо 100 миң сомго чейин буюртма болот. Андан сырткары, дүңүнөн буюртма берген кардарларым бар. Бирок алар сезон келе жатканда гана буюртма беришет, алардан дагы 10% алып калам, мисалы, 10 миң долларга кийим алышса, андан 1 миң доллары мага түшөт. Бир күндө жок дегенде 5 буюртма алам, көбүрөөк болгондо ар кандай суммага жыйырмадай алам. Менин кардарларым көбүнчө 30-50 жаштар арасындагы айымдар.

Эмнеге өзүмдүн дүкөнүмдү ача элекмин? Ижара акысын төлөш керек. Талап бар, бирок ачканга жараша чоң кылып ачуу керек. Биз салык төлөбөйбүз, салык төлөгүлө деп бизди эч ким мажбурлабайт. Карго системасы чек арадагы бажыдан кантип өтөт, салык төлөшөбү, биздин ал жакка тиешебиз жок.

Кытай, Түркия өздөрүнө сапаттуу, экспортко сапатсыз чыгарат

— Кытайдын Poizon.com деген сайты бар, атактуу бренддердин жалаң оригиналдарын сатат. Башында ал сайт маркалардын аныктыгын текшергенге ачылган сайт болчу экен. Кийин алар сатыкка чыгара башташты. Мисалы, Li-Ning брендинин бир кийими бизде 7 миң сом турса, ал жактан 3 миң сомго сатып алса болот. Poizon сайтынын иштеп баштаганына жарым эле жыл болду, аны көп байерлер билишпегендиктен Америкадан буюртма беришет, бирок ошол эле учурда ал жерде бардык размерлери боло бербейт, аны сен ар дайым карап турушуң керек ошондой эле ал жактан дүңүнөн буюртма кыла албайсың.

Кытайдын эң популярдуу 1688.com, Tao Bao деген сайттары бар, булар ички рынокко арналган сайт. Кытайдын өзүндө популярдуу эмес Pinduoduo деген сайты Alibaba сайтына окшош, бирок товарлардын сапаты бираз начар, анткени экспортко арналган сайт.

Бардык жерде эле ушундай, эмнеге бизде расмий дүкөнү турса деле, Түркиядагы Waikiki дүкөндөрүнөн буюртма беришет, анткени алардын өздөрүнө чыккандары жакшы сапатта болот, биздеги дүкөндөрүнөн алсаң бат эле түлөп кетет. Ошол эле түркиялык H&M караганда, Америкадагы H&M сапаттуу болот.

Кытайда копия мыйзам менен көзөмөлгө алынгандыктан, эгерде копияң билинип калса, айып пул төлөйсүң. Ошондуктан "мага Gucci брендинин копиясы керек" деп жазып алсаң, буюртма алгандарды таап, жадагалса, сенин эсептериңди да бөгөттөп койгонго чейин барышат. Биздин менталитетпи же эмнеден, биздин элдер белгилүү бренддин копиясын кийгенди жакшы көрүшөт жана көп буюртма беришет. Ноунейм эле буюртма кылалы десең көнүшпөйт.

WeChat деген WhatsApp сыяктуу мессенджер бар, ошол жерден Chanel, Gucci сыяктуу бренддердин копияларын сырдуу сөздөр менен алдын ала сүйлөшүп, буюртма жасайбыз, алар чындап эле сапаттуу, оригиналдан айырмасы жок кылып даярдап, каргого жөнөтүшөт.

Түркияда болсо кытайлык Tao Bao сыяктуу Trendyol деген сайт бар, ал жерде башка бренддер дагы бар. Zara, Mango сыяктуу бренддерди түркиялык сайттардан буюртма берсең арзан түшөт. Чоңдордун, аялдардын кийимдерин ошол жактан алдырган жакшы, анткени размери бизге ылайыкташылган, жакшы сапатта келет. Кытайда мисалы, стандарт заказ кылсаң, эч качан чак келбейт, алар бизге караганда кичине келишет. Кытайда деле толук адамдар болгону менен бирок аялдардын кийимдери кичинекей. Бирок жаш балдардын кийими туптуура келет.

Америкадан болсо Nike, Carters сыяктуу бренддердикин алдырабыз. Ал жакта деле товар сатып алуу системасы окшош, америкалыктардай болуп эле, Visa, Master card менен сатып ала бересиң, үйүңө жибергендей каргонун адресине жиберип коет.

Негизи карголор аябай көп, баалары, мамилеси туура келсе, иштешип көргөндөн кийин тандап аласың. Мен Кытайдан алып келүү боюнча Silk Way, Smart Express деген карголор менен иштейм. Эгер кардар буюртма берген болсо, мен авиа аркылуу, эгерде жөн товарлар болсо авто аркылуу алдырам. Кытайдан авто менен 20 күндө, авиа 10 күндө келет. Ал эми Америка менен Түркиядан деле ошондой эле көрүнүш.

Байерликке канча окуш керек?

— Байерликке окуткан курсум бир айлык. 2 жумада толук окутуп бүтөм, калган эки жумада алар буюртма берип, андан келип чыккан суроолорду беришет. Убактысы жок адамдарга 1 күн кечке же бир жумада окутуп коем.

Криптовалютадан юань акчасын сатып алганды үйрөнүү үчүн 45 миң сом төлөп окудум. Мен юань боюнча окутуу курсун азыр 5 миң сомго сатам. Эгер аны үйрөнбөйм десе, 1 юанды менден 13 сомдон алышса болот. Алар мага сом которсо, мен алардын Alipay капчыгына юань котором. 1688.com, Tao Bao деген сайттарга Alipay аркылуу катталасың. Ал жактан төлөгөндө сенин ошол капчыгыңдан төлөнөт, мындайча айтканда, аны кытайлык карта деп койсо болот.

Байерлик кесип тренд дагы болуп кетти

— Тренд болуп кеткен үчүн баары байер болуп башташты. Бирок баары бир ар бир адамдын өзүнүн максаты, парзы болот экен. Мен турмушка чыга электе эле жаш балдардын кийимдерин аябай жакшы көрчүмүн, туугандардын балдарына да ала берет элем. Ошол нерсеге кызыгуум болгон үчүн мени тартып кетти.

Калп айткым келбейт, бирок бир күн убактым кетет. Эгер убактыңды туура колдонсоң, күнүнө ашып кетсе 3 саат отурса болот. Менин бир күнүм кеткенинин себеби, дүңүнөн алган кардарларым, окуучуларым бар, алар ар кайсы убакта жаза беришет. Ал эми апалар болсо, балдарын уктаткан соң түнкүсүн бошоп жаза башташат.

Айын 200 миң киреше таап иштейм десең, ошончо мээнет керек. Кээ бир байерликке окуткандар "күнүнө 1 саат иштеп мынча миң кирешеге чыксаң болот" деп айта беришет, мен ага кошулбайм.

Байер болуш үчүн акча керекпи?

— Азыркы заманда байерликке акча керек, анткени көп адамдардын онлайн дүкөнү бар же өздөрү буюртма бере алышат. Мен биринчи иштеп баштаганда акча анчалык керек эмес эле, анда интернет-дүкөндөр дээрлик жок болчу.

Интернет-дүкөндөрдүн көбү өздөрүнүн эмгектерин баалашпайт. Сеникиндей эле товарды алып келип, арзан саткан учурлары болот. Сайтта келиши менен товар 500 сом турса, алар башкаларга атаандашып, арзан кылабыз деп 600 сом деп коюп коюшат. Анда кандай пайда калат? Сен ал товарды такси мененби же маршрутка мененби алып келесиң, көзүңдүн майын коротуп кардарга таап бересиң, баракчаңды илгерилеткенге акча жумшайсың, жарнамалаш үчүн жылдыздарга бекер товар бересиң, таңгактаганга баштык сатып аласың, алардын баарын эсептесең, сен минуска кетесиң. Эгер товар сапаттуу болсо, өзүн өзү актаса, эмгегиңди кошушуң керек.

Бизде азыр Кыргызстанда бааларды эч ким көзөмөлдөбөйт. Көп интернет-дүкөндөр бааларды арзандатып, атаандаштарын жеңем деп ойлошот, бирок алар кийин иштебей калышат.

Байерлер да чарчашат

— Мурда атын билбесек керек, "выгорание" деген нерсе бар эмеспи, жумушуңду канча сүйсөң деле ошол нерсе сөзсүз келет. Ошол убакта да токтобой иштегенге аракет кылып, күнүнө жок дегенде 10 пост, 3-4 сторис киргизип турам.

Байерлерде "выгорание" кечке сага келе берген суроолордон болот. Мисалы, сенин баракчаңда бир кийим турса, "мага башка өңү керек, замогу бары керек, капюшону жогу керек, агы эмес карасы керек" деп сурай беришет. Толтура сурап туруп, каалаган өңү жок болуп калса, буюртма бербей коюшат. Сенден жок нерсени талап кылып туруп алышат, ошол учурда сен аны тапканды, суроолорго чыдаганды билишиң керек, мындайча айтканда, чыдамдуулук менен сабырдуулук керек. Мен деле башында адамдар менен көп сүйлөшкүм келчү эмес, бирок бара-бара үйрөнөт экенсиң. Ар кандай адамдар болот, урушуп кеткен учурларда ага теңелбегенди билиш керек, ал сени менен урушуп кеткенде сенин көңүлүң ооруйт, эстеп каласың, ал болсо бат эле унутуп коет.  

Байерлик — бул потенциалы бар жумуш. Менден эле жүздөн ашык окуучу окуду, бирок ошондон ашып кетсе ону эле активдүү иштеп жатышат. Көп адамдар өзүн таппай жүргөн учурда окуп көрүшөт, кичине аракет кылып, болбой калса эле менден байер чыкпайт экен деп, башка нерсеге өтүп кетишет. Байерликте деле башка кесиптердей чыдамкайлык, эмгек, убакыт талап кылынат.


Бизнес маек

Кыргызстандын жол тармагындагы эң ири долбоорлор — министр Тилек Текебаев менен эксклюзивдүү маек

Кыргызстандын жол тармагындагы эң ири долбоорлор — министр Тилек Текебаев менен эксклюзивдүү маек

КР Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Economist.kg финансы басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде жол куруу тармагындагы негизги долбоорлорго токтолду.

Биз эч качан идеалдуу боло албайбыз, бирок дайыма мыкты болууга мүмкүнчүлүгүбүз бар — эл аралык деңгээлдеги коуч Каныкей Оморова

Биз эч качан идеалдуу боло албайбыз, бирок дайыма мыкты болууга мүмкүнчүлүгүбүз бар — эл аралык деңгээлдеги коуч Каныкей Оморова

Нейро-лингивистикалык программалоо жана MBTI, DISC, SDI сыяктуу түрдүү психометриялык инструменттер боюнча квалификациялуу адис, КМШ, Жакынкы Чыгыш жана Азия-Тынч океан өлкөлөрүндө

Байерлер Кыргызстанда канча киреше табышат? — байерликтин ыссык-суугун жакшы билген Сымбат Жолочиева менен маек

Байерлер Кыргызстанда канча киреше табышат? — байерликтин ыссык-суугун жакшы билген Сымбат Жолочиева менен маек

Учурда байер деген кесип актуалдуу болуп жаткан убагы. Ал байерлер кимдер менен кантип иштешет, канча киреше табышат деген сыяктуу суроолорго

DevCIT боюнча Кыргызстандын 10 ийгиликтүү ишкер айымы – алар менен сыймыктаныш керек

DevCIT боюнча Кыргызстандын 10 ийгиликтүү ишкер айымы – алар менен сыймыктаныш керек

DevCIT компаниясы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) ишкердикти жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ишкер айымдары

Дагы Бизнес маек

Кызыктуулар

Landesbank 20-сентябрдан баштап Европадан сыртка евро менен SWIFT-которууларын токтотот — КРда ал менен 11 банк иштейт

Landesbank 20-сентябрдан баштап Европадан сыртка евро менен SWIFT-которууларын токтотот — КРда ал менен 11 банк иштейт

Немец корреспондент-банкы Landesbank Baden-Wuerttemberg атамекендик финансы-кредиттик мекемелерге 20-сентябрдан баштап банктын саясатынын өзгөргөнүнө байланыштуу евро түрүндөгү SWIFT-которуулар Европалык экономикалык зонадагы* өлкөлөрдүн

Европалык учак тетиктерин Россияга жеткирген КРнын санкцияга кирген компаниясынын "иштери" белгилүү болду

Европалык учак тетиктерин Россияга жеткирген КРнын санкцияга кирген компаниясынын "иштери" белгилүү болду

Кыргызстандын климаттык каржылоо борборунун директорунун экс-орун басары Азамат Алкадыров негиздеген  "Карголайн" компаниясы Европадан Россияга учактардын тетиктерин ташып турган. Документтерге ылайык,

АКШ Кыргызстандын артынан Борбор Азия өлкөлөрү менен сооданы жөнөкөйлөтүүнү пландоодо – Түркмөнстандан башкалары менен

АКШ Кыргызстандын артынан Борбор Азия өлкөлөрү менен сооданы жөнөкөйлөтүүнү пландоодо – Түркмөнстандан башкалары менен

Америка Кошмо Штаттары Борбор Азиянын үч өлкөсү — Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен соода режимин жөнөкөйлөтүүнү пландаштырууда. Мындай демилгени 7-сентябрда Коннектикуттун

Дагы Кызыктуулар

Экономика

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого алты айга тыюу салынды

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого алты айга тыюу салынды

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу

Кыргызстан Кытайдын Цзянси провинциясына экспортту көбөйтүүгө кызыкдар

Кыргызстан Кытайдын Цзянси провинциясына экспортту көбөйтүүгө кызыкдар

Кыргызстан Кытайдын Цзянси провинциясына экспортту көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Цзянси провинциясынын губернаторунун орун басары Сун Хуншан менен жолугушууда министрлер кабинетинин

Акылбек Жапаров: кыргыз-казак форумунда 60 млн доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду

Акылбек Жапаров: кыргыз-казак форумунда 60 млн доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тараз шаарында өткөрүлгөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтыгынын Биринчи форумуна катышты. Бул тууралуу

АКШнын банкирлери Кыргызстанга биринчи суверендүү еврооблигацияларды чыгарууну сунуштады

АКШнын банкирлери Кыргызстанга биринчи суверендүү еврооблигацияларды чыгарууну сунуштады

Президент Садыр Жапаров, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарында америкалык Oppenheimer Asset Management көп улуттук инвестициялык банкынын жана компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Дагы Экономика

Бизнес

Жумуш орундарын түзгөн ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн 17.25%дан 4%га чейин төмөндөтүү сунушталды

Жумуш орундарын түзгөн ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн 17.25%дан 4%га чейин төмөндөтүү сунушталды

Жогорку Кенештин “Альянс” парламенттик фракциясынын жыйыны өтүп, анда Социалдык фонддун өкүлдөрү менен бирге мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууну өнүктүрүүгө, ишкер субъекттерин

Бишкекте курулуш компанияларынын эсебинен жол салынат – 700 метрдин сметалык баасы 79 млн сом

Бишкекте курулуш компанияларынын эсебинен жол салынат – 700 метрдин сметалык баасы 79 млн сом

Бишкекте биринчи жолу курулуш компанияларынын эсебинен жол салынып жатат. Бул маселени чечүү үчүн мэр Эмилбек Абдыкадыров шаардын түштүк зонасында объектилери

Кумтөр унааларынын дөңгөлөктөрүнө кеткен чыгымдарды 30–40%га кыскартат – буга кайра иштетүү заводу жардам берет

Кумтөр унааларынын дөңгөлөктөрүнө кеткен чыгымдарды 30–40%га кыскартат – буга кайра иштетүү заводу жардам берет

Кумтөр унааларынын дөңгөлөктөрүнө кеткен чыгымдарды 30–40%га кыскартат. Буга Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу жардам

Дагы Бизнес

Бийлик

Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасына барды – фотобаян

Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасына барды – фотобаян

Президент Садыр Жапаров, 21-сентябрда Уолл-Стритте жайгашкан Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Такталгандай, Нью-Йорк фондулук биржасынын

«Манастын» жетекчилиги «Караван» аэропортунун кыш мезгилине даярдыгын текшерди

«Манастын» жетекчилиги «Караван» аэропортунун кыш мезгилине даярдыгын текшерди

«Ош» эл аралык аэропортунун жетекчиси Тимурлан Орунбеков түштүк аймактардагы аэропорттордун кышка даярдыгы жана жасалып жаткан иштерди текшерип, Жалал-Абад облусунда орун

Маматалиев, Икрамов тормозни-сникерсни! – Камчыбек Ташиев ундун баасы көтөрүлүп жатат деген сын-пикир тууралуу

Маматалиев, Икрамов тормозни-сникерсни! – Камчыбек Ташиев ундун баасы көтөрүлүп жатат деген сын-пикир тууралуу

Ундун баасы боюнча көтөрүлүп кетти деп «хайп» кармаган депутаттарга айтаарым баа которулбойт,мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн, деп УКМКнын төрагасы Камчыбек

Дагы Бийлик

Коом

Оштун жылуулук электр борбору гидравликалык сыноону жүргүзүүдө

Оштун жылуулук электр борбору гидравликалык сыноону жүргүзүүдө

Ош Жылуулук электр борбору 2023-жылдын, 25-сентябрынан 30-сентябрына чейин магистралдык жана ички кварталдык жылуулук тармактарында суу түтүкчөлөрүнүн жана бекиткичтердин механикалык бекемдигин

«Манастагы» дүкөндө декларацияланбаган товарларды тапты – бюджетке 18.7 млн сомго зыян келтирилди

«Манастагы» дүкөндө декларацияланбаган товарларды тапты – бюджетке 18.7 млн сомго зыян келтирилди

«Манас» бажысынын кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортунун учуу аймагында жайгашкан «Э.С.В. Дьютифри» ЖЧКнын алымсыз соода дүкөнүн текшерүү учурунда

Дагы Коом

Гранттар жана кредиттер

GIZ Оштун “Тез жардам” борборун толугу менен санариптештирүүгө жардам берди

GIZ Оштун “Тез жардам” борборун толугу менен санариптештирүүгө жардам берди

Ош шаардык медициналык “Тез жардам” борборунда санариптештирүү жана электрондук башкаруу тутумун ишке киргизүү боюнча иштер толугу менен аяктады. Бул тууралуу

Садыр Жапаров «Медтроник» ири медициналык компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Садыр Жапаров «Медтроник» ири медициналык компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында «Медтроник» медициналык компаниясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тараптар

«Кыргызтелеком» Digital CASA долбоору боюнча кыскача отчетун берди

«Кыргызтелеком» Digital CASA долбоору боюнча кыскача отчетун берди

«Digital CASA» долбоорунун Кыргызстан боюнча була-оптикалык байланыш линияларын тартуу иш чаралар аякталды. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ААК билдирди. Такталгандай, Чүй облусунда

Дагы Гранттар жана кредиттер

Абдан жакшы! Сиз ийгиликтүү катталдыңыз.

Кайра кош келиңиз! Сиз ийгиликтүү кирдиңиз.

Сиз ИШКЕР MEDIA сайтына ийгиликтүү жазылдыңыз.

Ийгилик! Кирүү үчүн сыйкырдуу шилтеме үчүн электрондук почтаңызды текшериңиз.

Ийгилик! Төлөм маалыматыңыз жаңыртылды.

Эсебиңиз жаңыртылган жок.