Таттуу бизнес – чет өлкөгө 50 тоннага чейин бал экспорттогон Кайрат Махсудинов менен маек

Таттуу бизнес – чет өлкөгө 50 тоннага чейин бал экспорттогон Кайрат Махсудинов менен маек

Кыргызстандык балчы жана бал экспорттоочу Кайрат Махсудунов 2015-жылдан бери бир катар өлкөлөрдүн базарларын ийгиликтүү багындырып келет. Атасынын отуз жылдык иш тажрыйбасынын аркасы менен Кайрат экспорттоодо бир топ жетишкендиктерге ээ болду. Биз менен болгон маекте ал балчылык тажрыйбасы, бал тартуу процесси жана экспорттук операциялардын деталдары менен бөлүшүп кетти.

Өзүм тууралуу

– Менин атым Махсудинов Кайрат. 1992-жылы Токтогул районунда төрөлгөм. 2015-жыл бал сатууга багытталган компаниябыз GIMNLI иштеп баштаган. Балчылык менен алектенип калышымдын себеби үй-бүлөм. Менин атам 1987-жылдан тартып аары кармайт. Үй-бүлөсүн аарычылык менен багып чоңойткон. Ошентип мен кичинемден эле балчылыкка аралашып калгам. Эми атамдын жолун жолдоп, анын ишин өнүктүрүп жатам.

Жылына 50 тоннага чейин бал экспорттойбуз

— Негизи кыргыз балы дүйнөлүк деңгээлде таанымал продукт катары эсептелинет. Эл аралык Апимондия конгрессиниен 2013-жылы Украинадан гран-прини жеңип алган. Ошондон бери кыргыз балын дүйнөдөгү өлкөлөрдүн 70% билет деп ишенип калдым. 2015-жылы Япониядан алтын медаль алган. Бул жетишкендиктен кийин да кыргыз балы Японияга көп экспорттоло баштады. Советтер союзу маалында эле Америкага экспорттолчу экен. Бирок учурда ал жака анчейин чыкпай калды. 

Азыр биздин компания Ортоңку Чыгыштагы алты өлкөгө – Оман, Бахрейн, Катар, Сауд Аравиясы, Иордания, БАЭ чыгарат. Булардын ичинен эң алдыңкы кыргыз балын керектөөчү болуп Сауд Аравиясы эсептелет. Мындан тышкары Корея жана Кытайга балды экспорттого мүмкүнчүлүк бар. Бирок Кытайдын бир эле аймагына Кыргызстандын балы жетпей калышы мүмкүн. Биз эми Кытайга акырындык менен экспорт кылууга кириштик. 

2020-жылдан бери аба ырайынын шарттарына байланыштуу абдан көп бал тартып ала элекпиз. Негизи атам 1987-жылдан бери 300 дөй шакиртти балчылыкка үйрөткөн. Биз алардын балын да сатканга көмөктөшөбүз. Алардын продукциясы менен өзүбүздүн тарткан балыбыз 50 тоннага чейин барат. Анын бир аз бөлүгү Кыргызстандын ичинде калса, калганы экспорттолот. Кыргыздар эми-эми бал жегенге көнүп калышты. Мурун орус улутундагы жарандар көп сатып алышчу. 

Экспорттоодо учурундагы кыйынчылыктар

— 2015-жылы Кытайга бир компания кыргыз балын экспорттогондо өлкөнүн стандарттарына жооп бере албай 100 тоннадай бал кайра артка кайтарылаган. Ошондон тартып кыргыз балынын имиджи бир аз түшүп калган. Жадагалса Кыргызстандын ичиндеги балдын баасы да кескин төмөндөгөн. 2018-жылдан тартып, биздин балга кайра суроо-талап күчөп, баасы көтөрүлүп калды. 

Кыргыз бал экспорттоочуларына эң кыйыны азыр Европа өлкөлөрүнүн рыногуна чыгуу болуп жатат. Ал жака Organic сертификация талап кылынат. Бизде эми гана бул сертификация боюнча процесстер жүрүп жатат. Сауд Аравиясынын жана Бахрейндин бажы салыгы көп жана таталыраак. Ал эми Кыргызстандын ичинде экспортерлорду акыркы жылдары колдоп жатышкандыгы үчүн бажы менен байланыштуу көйгөйлөр жок. 

Экспортко татыктуу продукцияга талаптар

— Балды экспортттоо үчүн сапаты жакшы жана эч кандай кошулмаларсыз болушу керек. Аарылар да ооруйт. Мурун алар ооруганда антибиотиктерди берип айыктырып алышчу. Азыркы талаптарга ылайык балдын курамынан антибиотиктер чыкпашы керек. Анткени керектөөчүлөрдө ар кандай аллергиялар болушу ыктымал.

Бардык продукцияны экспорттодон мурда лабораториялык анализ алынып, мамлекет ага экспортко жарамдуулугун кепилдендирген сертификат берет. Андан сырткары ар бир өлкөнүн өзүнчө талабы бар: Европаныкы башка, Кытайдыкы өзүнчө, Араб өлкөлөрүнүкү дагы айырмаланат. Мурун экспортерлер көп нерсени билчү эмес элек. Эми акырындап ал талаптарга кандай жооп бериш керек экендигин билип калдык. 

Бал тартуу процесси 

— Балчынын түйшүгү көп. Биз жазгыга даярдыкты күздөн баштайбыз. Кыштан аарыларды жакшы чыгарып алсак, кийин балды көп берет. Аарылардын күзүндө топтогон балын тартып албай сактап, аны кайра аарыларга жазында тоют кылып беребиз. Эгерде балын тартып алсак: аарыларды шекер менен багыш керек болуп калат. Шекер болсо, аарылардын имунитетин түшүрүп жиберет. Мындан сырткары гүлдүн чаңын (перга) беребиз. 

Жаздын башында аарынын энеси күнүнө 700 тукум тууп турат. Жай мезгилинде 2000 чейин барат. Марттарда аарылардын төрт рамкасы болсо, апрелдерде онго жетет. Ушинтип алар көбөйө берет.

Жаздын башталышы менен аарылар өрүктүн же алманын гүлүнөн нектар чогултушат. Кээде талаада эч нерсе жок болуп калганда, балдан сироп жасап беребиз. Балдын өзүн берсе, аарыларга коюу болуп калат. Майдын ортолорунда бал челектердин экинчи кабатын коебуз. Ошентип, июндун баштары менен сезон башталат. 

Июндун ортосунда биринчи бал тартуу болот. Экинчиси июлдун башына туура келет. Анан 20-июлдарда үчүнчү жолу тартып алабыз. Акыркысы августтун башында. Бирок бул дайыма эмес, болбой да калышы ыктымал. Жыл жакшы болду дегенде, беш жолу тартып алабыз. Бул чанда болот. 

Биз аарыларды алгач Чүй облусунда багабыз, кийин Ысык-Көлгө алып барып, андан соң сезонду Нарын менен бүтүрөбүз. Бул аймактарда өсүмдүктөрдүн гүлдөшүнө байланыштуу болот. 

Балчылыктын түйшүгү

— Аарычылык бул оор тармак. Ал өтө көп эмгекти талап кылат. Аары менен иштеген адам аарыдай эмгекчил болушу керек. Ошондо гана иши арбып, илгерилейт. Мурун айтып кеткендей, шакирттерди көп алабыз. Алардын кээ бири гана бул тармактын ысык-суугуна чыдап, иштеп кетишет. 

Аарынын экологияга тийгизген пайдасы арбын. Ансыз экосистема бузулуп кетиши ыктымал. Ошондуктан ушундай ары керектүү, ары түйшүктүү иш менен алектенип жатканыма сыймыктанам.

Мындан тышкары окуңуз

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы түндө башталчу дүң эт сатуу бүгүнтөн тарта жаңы “Алтын-Така” базарындагы “Чүйгүн” эт павильонуна көчүрүлгөнү тууралуу маалымат соцтармактарга чыкты. Бул кадам Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык эл аралык стандарттарды кармануу максатында жасалган. Мамлекет эми Бишкекке тарачу эттин баасын жана сапатын тыкыр көзөлгө алат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Жыл башынан бери Баткен облусунда 50 миң 909 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.  Анын ичинде:  * мас абалында унаа башкарган — 1108 айдоочу; * ылдамдыкты ашырып айдаган — 7798 айдоочу; * терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан — 268 айдоочу; * тийиштүү документтери жок унаа башкарган — 1824 айдоочу; * автоээнбаштык кылган — 63 айдоочу; * жол

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы радиожыштыктарды сатуу боюнча 4 онлайн-аукцион өткөрүлгөн. Аукциондордун жыйынтыгында жалпы сатуу суммасы 1 миллиард 557,5 миллион сомду түзгөн. Аукциондор боюнча маалымат: Негизги түшүм 2575–2625 МГц диапазонундагы (тилкенин туурасы 50 МГц) радиожыштыкты сатуудан түшкөн. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында LTE технологияларын

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбай тургандыгын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди. Ал белгилегендей, учурда күбөлүктү алмаштырууга даярданган жарандардын маалымкат алуу үчүн бейтапканаларда кезеги көбөйгөнү айтылууда. “Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз