Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө өтүү боюнча даярдык күчөтүлүүдө

Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө өтүү боюнча даярдык күчөтүлүүдө

Бишкек шаарында коомдук транспортто накталай эмес төлөм системасын толук кандуу колдонууга өтүү боюнча даярдык иштери улантылууда. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн жол акысын төлөөнүн бир нече түрү жеткиликтүү: "Тулпар" транспорттук картасы, банктык карталар жана QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү.

Муниципалитеттен билдиргендей, накталай эмес төлөм системасы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жүргүнчүлөрдүн коомдук транспортко түшүп-чыгуу убактысын кыскартууга, айдоочулардын жол кире кабыл алуу менен алаксышын алдын алууга жана транспорттук тейлөөнүн сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

"Тулпар" транспорттук карталарын шаар боюнча жайгашкан сатуу түйүндөрүнөн сатып алууга, ошондой эле төлөм терминалдары жана мобилдик тиркемелер аркылуу толуктоого мүмкүнчүлүк бар.

Системаны ишке киргизүүгө даярдык көрүү алкагында шаар тургундары арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, жол киренин төлөнүшүн көзөмөлдөө үчүн контролерлордун иши уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун накталай эмес төлөмдүн жеткиликтүү ыкмалары менен алдын ала таанышып чыгып, "Тулпар" транспорттук картасын колдонууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт