10 миң сомдон башталган бизнес: блогер-келин Моника онлайн дүкөн аркылуу ийгилик жаратууда

10 миң сомдон башталган бизнес: блогер-келин Моника онлайн дүкөн аркылуу ийгилик жаратууда

Социалдык тармактарда жүз миңдеген окурмандары бар блогер-келин Моника Рудзките азыркы учурда блогерлик менен ишкердикти ийгиликтүү айкалыштырып жатат. Улуту боюнча литва кызы, кыргыз жигитине турмушка чыгып, бөтөн элдин салт-санаасын, маданиятын өзүнүкүндөй кабыл алып, социалдык баракчасы аркылуу турмушундагы көз ирмемдерди ачык көрсөтүү менен элдин сый-урматына ээ болууда.

Өз идеясын ишке ашырууну жакшы көргөн Моника болгону 10 миң сомго жетпеген каражат менен жакында эле онлайн дүкөн ачып,  кыз-келиндердин суроо талабына ээ болгон кийимдерди Кыргызстандын бардык аймактарына жөнөтүү менен алек. Блогер келин менен “Ишкер медиа” маектешип, жаш ишкердин турмуштук таржымалы, жетишкендик-кыйынчылыктары жана келечек пландары тууралуу баарлашты.

Кытайдан башталган ишкердин изи

Көп улуттуу үй-бүлөнүн мүчөсү, 26 жаштагы Мониканын ишкердик жолу Кытайдан башталган. Ал жактан бизнес багытында билим алып, студент болуп жүргөн кезде эле соода тармагына аралашып, кызыгуусун арттырган.

“Кытайда жүргөндө байер болуп иштечүмүн. Буйрутма боюнча товарды ошол жактан дүңүнөн сатып алып, Дордойго жана Россиянын базарларына жөнөтүп турчум. Ошол учурда эле кайсы товарларга суроо-талап жогору экенин, сапатын жана ыңгайлуулугун баалай берчүмүн”, - дейт Моника Рудзките.

Окууну ийгиликтүү бүтүп, Кыргызстанга кайтып келген соң, алгач кийим-кече дүкөнүн ачкан. Бирок бул долбоор күткөндөй натыйжа бербегендиктен, бир жылдан кийин дүкөнүн жабып, социалдык баракча аркылуу өзүнүн блогун жүргүзө баштаган.

Блогерликтен - жаңы мүмкүнчүлүккө карай

Ишкер айым өз блогун жүргүзүүдө шыр эле ийгилик жаралбаганын айтат. Айтымында, блогерлик карьерасындагы жогору карай бурулуш экинчи баласы төрөлгөндөн кийин пайда болгон.

“24-июлда уулум төрөлүп, 30-июлда “жаңы көз жарган эненин окуясын” Инстаграмга чыгарсам, шыр эле 6 млн көрүүчүгө учуп кетти. Ошол учурда же мүмкүнчүлүктү пайдаланып калам, же кайра эле баштапкы абалга келем, деп түшүндүм да, ошондон баштап, күн сайын контент чыгара баштадым”, — дейт Моника.

Блогерлик азыр Мониканын негизги киреше булагы. Бирок өзүн “интроверт” адам катары мүнөздөгөн блогер айым дайыма эле камера алдына чыгып, жүзүн көрсөтүүнү каалабастыгын айтат.

“Мага айлык акы ушул блогумду жүргүзүүнүн натыйжасында келет. Кээде блогго чыккым келбей кеткен учурлар болот. Чындыгында мен үчүн көп кишилер, айрыкча бейтааныш адамдар менен байланышта болуу оор. Ошондон улам быйыл мен ойлонуп жатып, мага жүзүмдү көргөзбөй турган башка иш керек экенин түшүндүм” - деп билдирди, блогер айым.

Ошентип, көбүнчө кадр сыртында болууну туура көргөн ишкер айым, кайрадан кийим сатууга кайтып келген.

Күтүүсүз кайтып келген - ишкердик

Моника кайрадан соода тармагына кайтып келем деп ойлогон эмес. Бирок бир күнү күтүлбөгөн жерден жаңы идеялар жаралганын айтат.

“Дордой базарын аралап баратып кездеме саткан дүкөндөрдүн жанынан өтүп калдык. Бир саамга токтолуп, айрымдарын кармалап көрүп, ашык болуп калдым. Сонун көйнөктөрдү тиксе болчудай экен, деген оюмду айттым эле, жолдошум дароо колдоп кетти”- деп, эскерет Моника.

Ошентип үй-бүлөлүк бизнеске жол ачылган. Тагыраагы, жолдошунун тигүү цехинде Моника жактырган дизайндагы жаңы көйнөктөр тигилип, даяр болгондо өзүнүн социалдык тармактары аркылуу онлайн сатуу башталган.

Бир саатта сатылган биринчи товар

Онлайн дүкөндү ачуу үчүн ири инвестиция керектелген эмес. Мониканын айтымында, алгачкы көйнөктөр 5-10 миң сомдук каражатты талап кылган.

“Менин онлайн дүкөн ачуудагы старттык каражатым болгону 10 миң сомго жетпеген сумма болду. Алгач бир эле моделдеги төрт көйнөк бар эле. Аларды Жалал-Абаддагы келиндерге алып барып, көрсөтсөм жактышпай коюшту. Анан Бишкекке келип, рилс тартып чыгардым эле, 1 саатын ичинде 4 көйнөктү тең сатып жибердим” - дейт ишкер айым.

Азырынча Моника түшкөн кирешесинин баарын кайра эле товар айлантууга жумшап жатканын белгилейт.

“Азырынча акчаны жүгүртүүдөн чыгарбайм. Онлайн бизнесте эң негизгиси -айланма каражатты көбөйтүү болуп саналат. Андыктан жүгүртүүдө 1 млн сом болгонго чейин, аны өз муктаждыгыма пайдаланбайм”, - дейт Моника.

Эмне үчүн онлайн дүкөн?

Мониканын пикиринде, офлайн дүкөн менен салыштырганда онлайн дүкөн бир кыйла үнөмдүү.

“Офлайн дүкөндү иштеткенде - кызматкерлердин айлык акысы, ижара акы жана башка чыгымдар көп. Ал эми онлайн дүкөндө бир гана телефон керек. Үйдө отуруп эле контент тартып, соода кыла берем”, - дейт ал.

Кардарлар берген буйрутмалар Кыргызстандын бардык аймактарына жеткирилип берилет. Эң кызыгы жеткирип берүү кызматы Бишкек шаарына караганда, аймактарга бир кыйла арзан турат.

“Азыр буйрутмаларды жеткирүү кызматы аркылуу Кыргызстандын бардык аймактарына жибере алабыз. Керек болсо аймактарга жөнөтүү арзан чыгат. Курьердик кызматтар аймакка стандарттуу прайс менен - 350 сом алса, шаардагы тыгындарга байланыштуу Бишкек ичинде кээде 500сомдон ашып кетет” – деп билдирди, Моника.

Модада: жабык кийимдер

Мониканын онлайн-дүкөнү негизинен аялдардын кийимдерине адистешкен. Ишкердин айтымында акыркы жылдары жабык стилдеги кийимдерге суроо-талап күчөп жатат.

“Ачык кийимдерге караганда жабык, жөнөкөй стилдеги кийимдерге суроо-талап көп. Муну базардагы соодадан байкасаңар болот. Базардагы мусулман кийимдерин саткан катар менен башка кийимдин түрүн саткан катарларды салыштырсаңар, абсолюттук айырмачылык бар. Көбүнчө кардарлар жабык кийимдерди издешет” - дейт ал.

Ошондуктан дүкөндө негизинен узун көйнөктөр жана жабык кийинүүнү жактырган айымдар үчүн товарлар сунушталат.

Үй-бүлөнүн колдоосу ийгиликтин ачкычы

Моника келин болуп келген үй-бүлө мүчөлөрү чындыгында салтты бекем кармаган, консервативдүү көз караштагы адамдар. Анткени менен алар Мониканын бизнес жүргүзүшүнө колдоо көрсөтүп, түшүнүү менен мамиле жасашат:

“Кайненем айтат “балдарды бакчага берип, иштей бер. 10 жылдап декретте олтуруштун кажети жок, өнүгүп-өсүү керек”- деп. Дайыма керек убагында жардам берип турушат, балдар да билинбей чоңоюп калышты. Азыр бала бакчага барып жатышат.” - дейт ал.

Ишкердик кылууда Моника менен жолдошунун ролдору так бөлүнгөн. Ага ылайык, жолдошу өндүрүш жана уюштуруу иштерине жооп берсе, өзү товар тандоо, сатуу жана контент түзүү менен алектенет.

Жаңы баштагандарга ишкерден кеңеш

Блогер-ишкер айым онлайн-бизнес баштоону каалагандарга эң биринчи жеке бренд түзүүгө көңүл бурууну сунуштайт.

“Адамдар биринчи кезекте товарга эмес, сага ишенет. Эгер жеке брендиң бар болсо, сатуу дагы жеңилирээк болот. Ошондой эле өзүңө жаккан нерсени эмес, кардарга керек болгон товарды сунуштоо маанилүү”, — дейт ал.

Мониканын пикиринде, онлайн сооданын башкы талабы - туруктуулук. Социалдык тармакта күн сайын контент жарыяланып турбаса, аудиториянын активдүүлүгү төмөндөп кетет.

Келечек планда дагы бир ЖОЖда окуп, психология же маркетинг багыты боюнча адис болууну каалаган Моника Рудзкитенин бул таржымалы ири капиталсыз эле бизнести баштоого болорун көрсөтүп турат. Мониканын тажрыйбасына таянсак, азыркы заманда ишкердик жүргүзүү үчүн акчадан да аудиториянын ишенимине ээ болуп, рынокту түшүнүү жана аракеттенүү маанилүү. 

Мындан тышкары окуңуз

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media
Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстан менен Нигер ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, документке тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бакари Яу Сангаре кол коюшту. Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Нигер менен

Ишкер Media
Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media