Чүйдө мыйзамсыз таштанды төккөндөргө 46 миң сом айып салынды

Чүйдө мыйзамсыз таштанды төккөндөргө 46 миң сом айып салынды

Чүй облусунда айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталды. Тактап айтканда, жарандар тарабынан таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге таштоо учурлары катталган.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери тарабынан эки административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 46 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Министрликтин маалыматына ылайык, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер жаратылышты коргоого, санитардык тазалыкты сактоого жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Ошондой эле мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда күнөөлүү тараптарга карата мыйзам чегинде 23 миң сомго чейин айыптык чаралар колдонулушу мүмкүн.

Жарандар айлана-чөйрөгө жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана таштандыларды атайын белгиленген жайларга гана төгүүгө чакырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте жеке автоунааларга коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер менен график боюнча жана дем алыш күндөрү жүрүүгө уруксат берилет. Тиешелүү чечим мэрдин орун басары Рамиз Алиев төрагалык кылган Жолдор боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы тартипке ылайык, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Улуттук банк өлкөнүн эресеге жеткен калкынын финансылык сабаттуулугу боюнча үчүнчү улуттук изилдөөнү аяктады. Жыйынтык мекеменин сайтына жарыяланды. 2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, калктын финансылык сабаттуулугунун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу 4 пайызга өсүп, 20 баллдан 11,8 баллды түздү. Улуттук банк белгилегендей, бул көрсөткүч 2023-жылы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү

Баткенде 164 млн сомдук мектеп курулду

Баткенде 164 млн сомдук мектеп курулду

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 500 орундуу жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, объекттин жалпы наркы 164 млн сомду түздү. Мектептин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда жаңы

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталып, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мындай сунуш Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилүүдө. Долбоорго ылайык, маркумдун сөөгүн мыйзамда белгиленген тартипте көмүү үчүн жер тилкеси берилбестен, көрүстөнгө же мүрзөнүн жанына өз алдынча көмүү, ошондой эле жабык көрүстөнгө көмүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү