Эмгек акыны баалардын өсүшүнө жараша көбөйтүү каралууда

Эмгек акыны баалардын өсүшүнө жараша көбөйтүү каралууда

Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети 15-июнда эмгек акыны индексациялоого байланыштуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Парламенттин басма сөз кызматы белгилегендей, мыйзам долбоору кызматкерлердин эмгек акысынын чыныгы наркын сактоо жана инфляциянын таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Демилгечилер – эл өкүлдөрү Гульнара Акимбаева, Равшанбек Рысбаев, Гүлнара Баатырова, Таалайбек Масабиров.

Документте менчиктин түрүнө карабастан бардык уюмдарда эмгек акыны баалардын өсүшүнө жараша жогорулатуу үчүн бирдиктүү укуктук механизм киргизүү сунушталууда.

Талкуу учурунда депутаттар жарандардын кирешелерин коргоо, индексация талаптарын аткарбаган иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги жана кызматкерлердин социалдык кепилдиктерине байланышкан маселелерди көтөрүштү.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттардын сунуштарын эске алуу менен экинчи окууда колдоого ээ болду.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы талаптарды бузган компанияларга айып пулдарды көбөйтүү, ал эми айрым оор мыйзам бузуулар үчүн лицензиясын жокко чыгаруу же компанияны жоюу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун КРнын Финансы министрлиги 20-октябрда коомдук талкууга чыгарды. Аны талкуулоо 4-ноябрга чейин уланат. Долбоордо Укук бузуулар жөнүндө

Ишкер Media
Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Кыргызстан 2027-жылы Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору статусун берүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт министрлеринин 10-мааракелик жыйынында билдирди. Министр буга байланыштуу Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдү бул сунушту

Ишкер Media
"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

“Манас” эл аралык аэропортунда өзгөчө архитектуралык стили менен айырмаланган жаңы мечиттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору мекемесинин маалымат кызматы кабарлайт. Имарат заманбап архитектуралык чечимдерди улуттук колорит менен айкалыштырган өзгөчө неостилде курулат. Долбоор боюнча мечиттин жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзүп, 2 000ден ашуун адамды кабыл алууга ылайыкталган.  Мечиттин

Ишкер Media
Өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда

Өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда

Жаратылыш министрлиги Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында эки күндүк окуу жана тажрыйба алмашуу семинарын өткөрдү. Бул тууралуу 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Окутууда Кореянын абанын сапатын башкаруу системасы, атмосферага бөлүнүп чыккан булгоочу заттардын көлөмүн эсептөө жана көзөмөлдөө ыкмалары,

Ишкер Media