КРУБ алтын куймаларына 10 жыл. Инвестиция катары алгандардын саны өсүүдө

КРУБ алтын куймаларына 10 жыл. Инвестиция катары алгандардын саны өсүүдө

Валютанын кайсы түрү болбосун кайсыл бир кезде өз кунун жоготуп алуу тобокелдигине ээ болот. Андыктан көпчүлүк экономист, серепчилер акчаны алтын менен узакка сактоо бир кыйла пайдалуу жана келечектин инвестициясы болоорун айтып келишет. КРнын Улуттук банкы өлкөбүздүн жарандарына каражатты алтын куймада сактоого мүмкүнчүлүк түзүп бергенине быйыл туура он жыл болду. Андан бери алтын куймаларынын абалы кандай өзгөрүп жатканын билиш үчүн Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгына кайрылып, кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы экономисти Акынбек Калилов менен маектештик.

 КРУБ өлчөнгөн алтын куймаларын жүгүртүүгө чыгарганына 10 жылдан ашып бара жатат. Ушул убакыттын аралыгында алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алууда кандай өсүштөр болду?

Бул долбоорду киргизүүнүн башкы максаты Кыргыз Республикасында банктык баалуу металлдар рыногун түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Он жыл аралыгындагы тажрыйба Улуттук банктын бул долбоору өз убагында жана актуалдуу болгондугун далилдеди. Статистикалык маалыматтарга токтолсок, алтын куймалардын жүгүртүүгө чыгарылган 2015-жылдын 7-майынан тартып 2025-жылдын 22-октябрына чейин сатылган өлчөнгөн алтын куймалардын салмагы 683 кг, ал эми суммасы 3,97 млрд. сомду түздү. Ал эми ушул эле убакыт аралыгында кайра сатып алынган өлчөнгөн алтын куймалардын салмагы 342 кг түзүп, суммасы 1,9 млрд. сом болду.

Элдин алтын куймаларын сатып алууга болгон суроо талабы кандай өзгөрдү?

Акыркы күндөрү жарандар тарабынан Улуттук банктын өлчөнгөн куймаларына болгон суроо-талап жана кызыгуу жогору болуп жатканы байкалууда. Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймалары банктык продукт катары эң биринчи кезекте инвестиция болуп берүүчү каражат катары саналат. Бул инструменттин бирден бир негизги өзгөчөлүгү бул куймалар Улуттук банк аркылуу сатуу жана аларды кайрадан сатып алуу болуп саналат. Кайрадан сатып алуу механизми өлчөнгөн куймаларга жогорку даражадагы ликвиддүүлүктү камсыздайт. Мындан тышкары алтын куймалары баалуу белек катары да көпчүлүктү кызыктырат.      

Улуттук банктын күмүштөн даярдалган өлчөнгөн куймаларын чыгаруу планы барбы?

Азыркы учурда Улуттук банк тарабынан күмүштөн даярдалган өлчөнгөн куймаларды чыгаруу планы жок. Келечекте чыгып калышы мүмкүн.

Алтын куймаларын урунууда аяр мамиле кылуу талап кылынаары маалым. Айтсаңыз, куймаларды кайра кабыл алууда сапатында же тышкы көрүнүшүндө бузулуулар болду беле? Болсо, андай куймалардын тагдыры эмне болот?

Алтындан даярдалган салмагы 1, 2, 5, 10, 31,1035 жана 100 грамм болгон өлчөнгөн куймалар сертификаттын кызматын аткаруучу - өзгөчө коргоого алынган бекем желим менен капталып (таңгакта) чыгарылат. Бул таңгак бир эле учурда мына ошол алтын куйманын сертификаты дагы болуп саналат. Ошондуктан, кардарларга бул таңгакты эч качан ачпагыла деп сунуштаар элек. Ачылбаган болсо, кайра сатып алууда эч кандай маселе болбойт. Бирок таңгак бузулса (чийилип, ачылып, сүрүлүп, жабыркагандын белгилери) банк аны экспертизадан өткөргөндөн кийин гана баасын төлөп берет. Бирок экспертиза үчүн мына ошол баанын 7 пайызы алынат. Анан текшерүүгө 10 күнгө чейин убакыт керектелет. Банк өзү чыгарган гана алтын куймасын кайра сатып алат. Башка куймаларды сатып ала албайт.  

Азыркы тапта “Кыргызалтын” ААК дагы алтындын өлчөнгөн куймаларын сатып жатат. КРУБ менен Кыргызалтындын куймаларынын наркында бир аз айырмачылык бар экен. Анын себеби эмнеде? Балким сапатында?

Өлчөнгөн куймалардын наркы күн сайын улуттук валютада аныкталат жана Улуттук банктын расмий сайтынын “Өлчөнгөн алтын куймалардын баалары” бөлүмүндө жайгаштырылат, ошондой эле Улуттук банктын кассаларында көрсөтүлүп турат. Алтын куймаларынын баасы, алтындын Лондондогу баалуу металлдар рыногундагы кечки фиксинг боюнча АКШ доллары менен бааланат да улуттук валютанын курсу менен саналат. Анын наркына атайы таңгак сертификаттын даярдалышы, транспорттук чыгымдар, камсыздандыруусу, салык жана бажы төлөмдөрү менен Улуттук банктын комиссиясы кирет. Кайра сатып алуунун баасы деле ушундай эле көрсөткүчтөр менен ишке ашырылат. Башкача айтканда, Улуттук банктын комиссиясы гана кирбейт. Ушуга жараша кайрадан сатып алуунун баасы дагы күн сайын Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланат. Ошондуктан чет өлкө валютасынын курсу жана алтындын дүйнөлүк баасынын өзгөрүүсүнө байланыштуу өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары да өзгөрүлүп турат.

Ал эми “Кыргызалтын” ААКсы өлчөнгөн алтын куймалардын сатуу жана кайра сатып алуу бааларын аныктоодо Улуттук банк менен макулдашпайт жана өз алдынча аныктайт.

Салыштыруу үчүн куймалардын 10 жыл мурдагы жана бүгүнкү күндөгү баасы сунушталат
Салыштыруу үчүн куймалардын 10 жыл мурдагы жана бүгүнкү күндөгү баасы сунушталат

 

Мындан тышкары окуңуз

Кеминде Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты курулуп жатат

Кеминде Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугуп, алар иштеп жаткан эски имараттын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Министрдин айтымында, өлкө боюнча ведомствого караштуу бардык административдик имараттар акырындап жаңыланууда.

Казакстандагы жаңы Салык кодексинин нормалары казак, кыргыз бизнесине кандай таасир этет?

Казакстандагы жаңы Салык кодексинин нормалары казак, кыргыз бизнесине кандай таасир этет?

Казакстанда жаңы Салык кодексинин нормалары боюнча иштөөгө даярдык көрүлүп жатат. Ал 2026-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Өлкөнүн айрым ишкерлери бул жаңы нормалар орто класска жана экономикага сокку болот деп айта башташты. Ал тургай казак ишкерлери муну “чакан жана орто бизнеске каршы глобалдык саясат” дешип, документти “жазалоочу китеп” атап жиберишти.  Казакстандын

Кыргызстандын тышкы соодасы 9 айда 8,3%га кыскарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 9 айда 8,3%га кыскарды

2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстаннын тышкы соода жүгүртүүсү 11,3 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,3%га азайды. Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 18,9%, импорттун үлүшү 81,1% болуп белгиленди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Тышкы жана өз ара сооданын төмөндөшү экспорттун да, импорттун

Кыргызстанда орточо маяна 9 айда 42 757 сомго жетти

Кыргызстанда орточо маяна 9 айда 42 757 сомго жетти

Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 42 757 сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,5 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 10,9 %га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. 2025-жылдын январь-сентябрь номиналдык