Туристтик сезон тартип сакчылардын көзөмөлүндө

Туристтик сезон тартип сакчылардын көзөмөлүндө

Туристтик сезонду утурлай Бишкек шаарынын ИИББнын туристтик ротасынын кызматкерлери борбор калаанын конокторунун коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды күчөтүүдө. Бул тууралуу шаардык ИИББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери туристтер көп топтолгон жайларды, анын ичинде борбордук көчөлөрдү, аянттарды, сейил бак аймактарын, ошондой эле маданий жана тарыхый объектилерди туруктуу негизде кайгуулдап жатышат.

Өзгөчө көңүл чет өлкөдөн келген жарандар арасында түшүндүрүү иштерине бурулууда. Милиция кызматкерлери борбор калаанын конокторуна коомдук жайларда коопсуз жүрүм-турум эрежелери, сактык чаралары тууралуу маалымат берип, укук бузуулардын алдын алуу жолдорун түшүндүрүүдө.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз аракеттердин курмандыгы болуп калган учурда кандай аракет көрүү керектиги тааныштырылууда.

Жүргүзүлүп жаткан иштер чет өлкөлүк коноктор үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө, борбор калаанын оң имиджин калыптандырууга жана ички иштер органдарына болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдөн 1300 метр синтетикалык тор чыгарылды

Бишкек ЖЭБи генераторлорду сатуу боюнча аукцион жарыялады

Бишкекте №205 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Максат Байджигитов Чаткал районунун акими болуп дайындалды

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды