“Жүндөн үй жылуулоочу материал, жер семирткич чыгарабыз” - Бегимжан Молдобаева менен кызыктуу маек

“Жүндөн үй жылуулоочу материал, жер семирткич чыгарабыз” - Бегимжан Молдобаева менен кызыктуу маек

СССР доорунда мал чарбачылыгы, анын ичинде койдун уяң жүнү менен дүйнөгө аты чыккан Кыргызстанда азыр жүндүн баркы жок. Азыр жүн арзыбаган тыйын болгондуктан талаа-түзгө ырыгытылат же өрттөлөт. Ага карабай кой жүнүнөн жер семирткич, курулуш жана кол өнөрчүлүк материалдарын чыгарууга жан үрөп келе жаткан Бегимжан Молдобаева бизге буларды айтып берди.  

Күтүүсүз башталган жүн бизнес

Бегимжан кезинде Кыргыз экономикалык университетин жана КРнын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөнЭкономика министрлигинде иштеп жүрүп 2017-жылы күтүлбөгөн жерден жүндү кайра иштетүү бизнесине аралашып кеткен. “Турмуш шартка байланыштуу алыскы Ат-Башыдагы ата-энемдин үйүндө кийиз чыгарып сатып, кийин Кара-Булуң айылында жүндү кайра иштетүүчү Kanato Infinitely ECO ишканасын түздүм. Ал жерде жылыга 20 тоннадай уяң жүндү кайра иштетчүбүз, азыр деле иштетип жатабыз. Иргелгенден калган кылчык жүндөр эч жерге батпай, тоо-тоо болуп кеткенинен андан эмне чыгарса болорун ойлонуп жүргөм. Кийин Тилек Токтогазиевдин видеосунан кылчык жүндөн жер семирткич чыгарса боло турганын билип, Ысык-Көл облусунда жүндү кайра иштетүүчү заводду куруп баштадым”,-дейт ал. 

 Баштаган бизнесине каражат издеген ишкер айым жалпысынан 50дөй долбоорго катышып, үчөөсүнөн утуп, экөөсүндө грант, бирөөсүндө үстөк пайызсыз насыя алганга жетишкен. “Биринчисинде Impact Circle деген коомдук фонддун ишкер аялдарды колдоо боюнча долбооруна катышкам. Ал жактан мага пайызсыз насыя бөлүнүп, жүндү кайра иштетүүчү эң алгачкы жабдыгымды 4 миң долларга сатып алдым. Кийин дагы ошондой жол менен эки-үч техника алып, ишибиздин 40%ын автоматташтырып алдык. Андан соң Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу  бөлүмү, Күнөсканалар ассоциациясы менен биргеликте долбоор жазып грант утуп алганбыз. Ал каражатка эксперимент катары койдун жүнүнөн жер семирткич чыгара турган 3 техника сатып алдык. Былтыр “Кыргызпатенттин” инновациялар боюнча “40 райондон 40 демилге” долбоорунан дагы 500 миң сом грант утуп алып, ага жалаң сырье сатып алгам. Андан сырткары, эки жума мурун 350 миң сом грант утуп алдым”,-дейт ал. 

Элге, жерге керектүү эң сонун эксперимент 

Жүндү кайра иштетүүгө катуу кызыккан Бегимжан кезинде Германияга барып окуп, жүндү кайра иштетүүнүн технологияларын, жабдыктарын көрүп келген. “Ал жактан Кыргызстандын жүнүн лабораториялык анализдерден өткөртсөм “Кыргызстандын жүнү сапаттуу жер семирткич чыгарганга жарайт” деген тыянак чыгып келди. Бул бизге шык, дем берди. Даяр продукция чыгарыш үчүн алгач эксперимент жүргүзүлүшү керек экен. GIZ, Агрардык университет жана менин Kanato Infinitely ECO компаниям биргелешип экспермент жүргүздүк. Кулпунай менен малинанын түбүнө биздин жүндөн жасалган жер семирткичтен 60 граммдан  салсак тамырлары күйүп кетти. Нормасын азайтып 30 граммдай салсак жыйынтыгы сонун болду. Эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги өзүнүн экспериментинин жыйынтыгын чыгарса, сертификат алып, продукция чыгара баштайбыз го деп турабыз”,-дейт ал. 

Артка кайтпас аракет жана аруу тилек 

Бегимжан айым, эгер бул иш акырындап алдыга жылып, республикалык масштабда колдоого алынса жүндү жер семирткич кылып экспортко чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтат. “3-5 сомдон өтпөй жаткан жүндү 10 сомдон алсак фермерлерге да чоң салым болмок. Жүн масштабдуу түрдө кайра иштетилип, ички рынокко, сыртка чыга баштаса андан мамлекетке да чоң салыктар түшөт эле. Албетте, азыр айылдарда жүн иштеткен чакан ишканалар ачылып жатат. Бирок, алар кийиз, төшөк гана жасап жатышкандыктан көбүнесе уяң жүндөр колдонулуп, кылчык жүндөр талааларга ыргытылып, өрттөлүп жатат. А бул экологияга абдан катуу зыян алып келет.  Ошондуктан германиялык аппаратты алып келип, чоңураак ишкана ачсак Кыргызстандагы кылчык жүндөрдү масштабдуу кайра иштеткенге, экологияны жакшыртууга, жерлерди асылдандырууга эң сонун мүмкүнчүлүктөр ачылат эле”,-дейт жаш ишкер айым. 

Жеке ишкердин билдиргенине караганда, жүндөн жер семирткич чыгара турган германиялык аппарат саатына 400-600 килограмм, суткасына 4 тоннага чейинки жүндү кайра иштете алат. 

Буга улай ишкер айым жүндөн жылуулукту сактай турган, үндү изоляция кылуучу курулуш материалын жакын арада чыгарарын айтат. “Мындай материал чыгаруучу техниканы алып келгенибизге эки жыл болду. Азырынча аны толук кандуу иштете элекпиз. Буюрса бир-эки жумада муну да жакшы жөнгө салабыз. Негизи эле жүндү кайра иштетүү оңой тармак эмес экен. Бул жерде жалгыз эле техника, жабдык эмес документтерди бүтүрүү да бир кыйла убакытты алды. Заводду документтештирүүнүн экинчи этабы бүттү, эми эксплуатацияга киргизүү гана калды.Чынында Кыргызстанда мындай ишкана жок, ал тургай  Борбор Азия чөлкөмүндө деле жок экен. Ошондуктан биз биринчилерден болуп заводду ишке киргизип алсак деп аракет кылып жатам”,-дейт Б.Молдобаева.  

Мындан тышкары окуңуз

Дагы бир курулуш имаратына 200 миң сом айып пул салынды

Дагы бир курулуш имаратына 200 миң сом айып пул салынды

Кечээ курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерине рейд жүргүздү. Рейддин алкагында Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү, 29 дарегиндеги 4 кабаттуу медициналык борбордун курулушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Имаратты долбоорлоодо жана курууда техникалык регламенттин талаптары сакталган эмес. Ошондой эле алар менен

"Кара кыргыз" улуттук сериалын тартууга 35 млн сом жумшалган

"Кара кыргыз" улуттук сериалын тартууга 35 млн сом жумшалган

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду. Маданият министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында мурда ЖМКларга 40 млн сом жумшалганы тууралуу туура эмес маалыматтар чыгып кеткен. Маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин айтымында, УТРК

УКМК ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасы боюнча иш жүргүзүп жатат

УКМК ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасы боюнча иш жүргүзүп жатат

УКМК Кыргызстандын жараны С.М. тарабынан жасалган курулуш жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасын иликтеп жатканын атайын кызматтын билдиришти. Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучулар менен жолугушту. Жолугушууга шектүү дагы катышты. Тергөөнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон

Балыкчы шаарына 10 атайын техника берилди

Балыкчы шаарына 10 атайын техника берилди

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан Балыкчы шаарына 10 даана атайын техника сатып алынганын "Кабар" жазды.   Фонддон билдиришкендей, каржылоонун жалпы суммасы 60 млн сомду түздү. Алар - 1 автогрейдер, 2 чоң экскаватор, 1 мини-экскаватор, 1 бетон аралаштыргыч, 1 манипулятор, 1 автокран, 2 жүктөгүч, 1 трал.  Аталган техникалар Балыкчы шаарынын