21 жаштагы ишкердин ийгилик сырлары: Баткендин кулпунайлары кантип чет өлкөгө чейин суроо-талап жаратты?
Бүгүнкү күндө айыл жеринде жашап, өз күчү менен ийгилик жаратып, ишкер болуп иш баштаган жаштар көп эмес. Алардын бири – Баткен облусунун Жаңы-Жер айылынын тургуну, Бекмамат Абдикадыров 18 жашынан баштап үй-бүлөсүнүн табышкерине айланган.
Азыркы тапта Баткен облусундагы жер иштетип кулпунай өстүрүп ири ийгилик жараткан ишкерлердин сап башында Бекмамат турат. Бекмаматтын окуясы жөн гана дыйканчылык тууралуу эмес. Бул – жоопкерчилик, аракет жана тынымсыз үйрөнүүнүн жыйынтыгы. “Ишкер медиа” редакциясы жаш ишкердин ийгилик сырын билүү үчүн Бекмамат Абдикадыровду кепке тартты.
-Бекмамат, өзүң жөнүндө айтып берсең?
-Мен Баткен облусунун Жаңы-Жер айылынан болом, 21 жаштамын. Үйдө төрт бир тууганбыз, мен эң кичүүсүмүн. Эки эжем, бир байкем бар, алар үйлүү-жайлуу болуп, бөлүнүп кетишкен. Атамдын каза болгонуна быйыл үч жыл болот. Үйдө азыр апам экөөбүз турабыз, апам 53 жашта. Мен үч жылдан бери кулпунай өстүрүү менен алектенем.

-Кулпунайды өстүрүү идеясы кандайча жаралып калды?
-Эжем мындан 5 жыл мурда эле кулпунай өстүрүп көрөлү деп, үйгө кулпунайдын көчөттөрүн алып келген. Чакан жерге өзүбүз үчүн бир аз өстүрүп көрдүк. Жыйынтыгы жакшы болду. Өзүбүз гана эмес, айылдагыларга бирин-экин сатып, өстүрсө болот экен - деп ойлоп калганбыз.
-Алгачкы кадамдарың кандай болду, ишти эмнеден баштадың? Ким сага жардам берип жатты?
Үч жыл мурда 25 сотых жерди арендага алып, 500 миң сом карыз алып, иш баштагам. Негизи ишти толугу менен өзүм башкарам. Биринчи жылы апам жардам берди, былтыр жана быйыл апам жок эле, өзүм жалгыз жетишип жатам. Баарын өзүм таразалап көрүп, жакшы түшүм алгандан кийин, аянтты кеңейтсем, мындан да жакшы натыйжа болооруна көзүм жетти. Ошентип, экинчи жылы кулпунайдын талаасын дээрлик 1 гектарга жеткирип, 2 миллион сом киреше таптым. Карыздардан кутулуп, үйдү оңдоп-түзөдүм, машина алдым. Азыр болсо 1 гектар 20 сотых жер иштетип жатам. Анын 30 сотых жерин кулпунайлар батыраак бышсын деп, күнөскана кылып алгам. Өзүм деле иштебейм, жумушчуларды тартам. Түшүм алган кезде 30-40 кишиге чейин иштейт, жумуш аз кезде 10 чакты жумушчу болот. Аларга саатына 120 сомдон, түшүм чогулткандарга ящигине 20 сомдон (2 кг) төлөп берем.


Жерди ижарага, баштапкы капиталды карызга алуу, бул – чоң тобокелдик. Бирок жаш жигиттин ишеними акталып, эмгеги текке кеткен эмес. Анын ийгиликке жетишинин ачкычы - сапаттуу түшүм, туура ыкма жана тынымсыз изденүү болгон.
-Бекмамат, кулпунайды олтургузуу үчүн жерди кайдан алып жатасың? Баткенде суу тартыш аларды кантип сугарасың?
-Жерди мамлекеттен арендага аламын. Бизде жер көп эле, бирок суу тартыш. Суу бизге “Төрткүл” деген суу сактагычтан келет. Сууну үнөмдөө үчүн тамчылатып суугаруу системасын киргизгем. Негизи кулпунай сууну көп талап кылат. 1 гектарына 1200 тонна суу керек болсо, тамчылатып суугарганда эң көп дегенде 80 тонна суу кетет. Суу бизден 15 км алыс аралыктан өтөт. Мураптар өздөрү жыгып келишет да, кезектешип жерибизди суугарып беришет.
-Кулпунай назик өсүмдүктүн түрүнө кирет, алар сапаттуу болушу үчүн дарылап турасыңбы?
-Мен химия чачпайм. Химия биринчиден адамдын ден соолугуна зыян, экинчиден кулпунайды транспортировка кылууга жарабайт, эзилип кетет. Минеральный витаминдерди гана колдоном. Мисалы, кальций, фосфор, калий, азотту кулпунайга суу бергенде, сууга кошуп беребиз. 18% азот, 18% калий, 18% фосфор беребиз. Азот чонойтсо, фосфор тамырын түптөйт, калий толтурат. Мындан сырткары кошуна айылдан бал челек кармаган байкени менен макулдашып, өсүмдүккө да - арыларга да пайдалуу болсун деп, кулпунайдын талаасынын четине койдуруп койгом. Алар кулпунайды чаңдаштырып, өз пайдасын берип жатат. Негизи кулпунай 2 түрдүү болот: КСД жана НСД. Биздики КСД, бир эле жолу түшүм бере турган кулпунай. Экинчиси бир нече ирет түшүм берет, бирок биздин климат ага жол берейт. Ошондуктан, бир жылда 1-2 айдай эле иштейбиз.

-Ар бир иштин кыйынчылыгы болот эмеспи, кулпунай өстүрүүдө кандай кыйынчылыктарга туш болдуң?
-Кулпунай өстүрүү негизи кыйын эле. Кантип аны өздөштүрүп кеттиң десеңиз, мен көп жерге үйрөнүү үчүн барып, тажрыйбалуу кишилерден сабак алып турам. Мисалы агрономдор уюштурган сабактарга, семинарларга бир нече жолу катышып, көп нерсени үйрөндүм. Азыр Жаңы-Жерде 10 чакты киши кулпунай өстүрөт. Алардын ичинен эң эле ири аянтты иштеткени – менмин жана ошолордун баарынын агроному болуп эсептелем. Мага айтып коюш оңой эле, эч кимден эч нерсени жашырбай, айтып берем. Анткени, мага деле үйрөтүп жаткан устаттарым бар. Айтсам Чүйдөгү, Токтогулдагы, Кызыл-Кыядагы тажрыйбалуу агрономдор менен баарлашып, тажрыйба алмашып турам.
-Түшүмдү кайсыл жакка сатасың? Сенин кардарларың кимдер?
-Кулпунайдын басымдуу бөлүгүн ортомчулар келип, сатып алышат. Алар Россия, Казакстанга импорттошот. Кыргызстандын ичине болсо, өзүм сатам. Баткендин ичиндеги базарларга алып чыгам, талаага келип алып кеткендер да бар. Азыр кулпунайдын килограммы чоңдугуна жараша 150-250 сомдон 370 сомго чейин болуп жатат. Буйруса быйыл 30 тоннадан кем эмес түшүм алабыз деп турам.
Бекмамат үчүн кулпунай өстүрүү – ийгиликтин акыркы чеги эмес. Ал келечекте, бир кесипке ээ болуп, бизнесин өнүктүрүүнү жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатат.

-Келечек пландарың кандай? Кулпунайдын мөөнөтү 2-3 айга чейин эле созулса, калган убакытта эмне менен алектенесиң?
-Баткен өрүк зарлуу аймак эмеспи, биздин да өрүк бакта 200 түптөй өрүк бар. Кулпунай бүткөндөн кийин, 10 күндөй эс алабыз дагы, өрүктөр бышып калат, ошону менен алектенебиз. Мындан сырткары май айынын башында жолдун боюна “Жол маркет” деген дүкөн ачканы жатам. Буйруса курулуш иштери бүтүп калды. Ичин азык-түлүк, товарлар менен толтуруп, документтерди тариздеп алсам эле, ачылабыз. Өзүм БатМУда бухгалтер-экономист адистиги боюнча, сырттан окуп жатам. Келечекте ири бизнесмен болоюн деген планым бар.
Бекмаматтын окуясы – эмгек кылган адам үчүн мүмкүнчүлүк ар дайым бар экенинин далили. Жаштар үчүн эң башкы сабак – шартты күтпөстөн, аракет кылуу. Анткени ийгилик кокусунан келбейт, ал туруктуу эмгектин жана туура багыттын натыйжасында жаралат.

